Оштогу бул райондун тургундары картөшкө февралда, сарымсакты күз айларында эгет. Биринчи түшүм катары жыйналган жашылчанын орду кайра айдалып, ага бадыраң, жүгөрү же күрүч эгилет. Араван районунда картөшкө жалпы 1000 гектардан ашык аянтка эгилсе, анын 25 гектарга жакыны казылып бүттү.
Араванда картөшкө менен сарымсак бышты
Оштун Араван районунда картөшкө, сарымсактын алгачкы түшүмү жыйнала баштады.

1
Жаңы бышкан сарымсак.

2
Араванда биринчи түшүм катары картөшкө жыйналып жатат. Дыйкандар картөшкөнү февраль айында эгишкен.

3
Күндүн ысыгына карабай талаада эмгек кайнап жатат.

4
Жаңы картөшкөнү кардарлар талаадан эле 50 сомдон алып кетүүдө.

5
Баасы жогору болгону менен, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл картөшкөнүн түшүмү жакшы эмес.

6
Дыйкандар картөшкөнүн уругун жазында 20-30 сомдон алып эгишсе, азыр аны иргеп чоңдорун 50 сомдон сатышууда. Майда картөшкөнүн баасы андан да арзан.

7
Картөшкө ат менен казылып, дароо сорттолот.

8
Араванда жалпы 1000 гектардан ашык жерге картөшкө эгилсе, азыр анын 25 гектарга чамалуусу казылып алынды.

9
Түшүмү жыйналган жерлер дароо айдалып, бадыраң, жүгөрү же күрүч эгилет.

10
Картөшкө менен кошо сарымсак да жыйналып жатат.

11
Дыйкандар сарымсакты өткөн жылдын күз айларында эгишкен.

12
Араванда буга чейин капуста жыйналып, базарларда сатылып бүттү. Май, июнь айларында биринчи түшүм жыйналып, дыйкандар экинчи ирет эгин эгүүгө шашат.

13
Сарымсак талаасы.

14
Түшүм талаадан эле желим идиштерге салынат. Сарымсак ушул жумада жыйналып бүтүп Орусияга экспорттолот.

15
Сарымсактын быйылкы түшүмү жакшы. Дыйкандар түшүмдү чогултуп, килограммын 100 сомдон экспортко жөнөтөт.

16
Картөшкөдөн айырмаланып сарымсактын ордуна эч нерсе эгилбейт. Жер бир аз убакыт эс алгандан кийин кайра эле сарымсактын уругу ташталат.