Акаев заманында өкмөт башкарган депутаттын байлыгын иликтөө боюнча демилге көтөрүлдү.
Ош шаарында өзгөчө абал 10-майга чейин уланат. Ага чейин иштөөгө уруксат берилген кызматтарга такси да кирди. Эки күндүн ичинде такси кызматын көрсөттүү үчүн патент алгандардын саны 200дөн ашты.
Өкмөттүн чечими менен 1-майдан тарта Кыргызстанда ишкердиктин бир катар түрлөрү жанданды.
ЖИА ишкерлер ассоциациясы пандемия убагында ишкер чөйрө көп жабыр тартып жатканын эскертүүдө. Анын ичинде туризм тармагынын кирешеси нөлгө түшүп калганы кабарланды.
Баткенде жаз алды менен 48 миң гектар жерге кылкандуу дан эгиндерин айдоо пландалган. Учурда айдап-себүү иштеринин 95 пайызы аткарылды.
Саламаттык сактоо министрлиги 20-24-апрель күндөрү COVID-19 вирусун жуктуруп алуу ыктымалдыгы жогору боло турганын билдиришкен. Бирок Бишкектин базарларында элдин саны көп. Карантиндин эрежесин сатуучулар да, кардарлар да сактаганы байкалбайт.
Адистер бир жыл ичинде 100-200 миңдей мигрант кайтышы мүмкүн экенин, натыйжада өлкөдө жумушсуздук күч аларын эскертүүдө.
Кыргызстанда коронавирус коркунучунан улам өзгөчө кырдаал жарыялангандан бери бир айдай болуп калды.
25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Бул дыйкандарга тоскоол болбой койгон жок.
Кыргызстанда сомдун куну түшүп атат. 3-апрелге карата 1 доллар 84 сомдон ашты. Буга удаа эле азык-түлүктүн да баасы өсүп кетти.
Жалал-Абадда жазгы талаа иштери карантинге карабай өз нугунда жүрүүдө. Аймакта учурда жазгы айдап себүү 39% аткарылды. Пахта жана дан эгиндеринен сырткары быйыл дыйкандар жашылча өстүрүүгө да кызыгып жатат.
Ошто шаардыктардын сыртка чыгышына күндөн-күнгө көзөмөл күчөтүлүп жатат.
Дагы жүктөңүз