3-4-июнь күндөрү Бишкекте "EXPO Made in Kyrgyzstan" деп аталган эл аралык көргөзмө өтүүдө. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында уюштурулуп жаткан иш-чарага элүүгө жакын компания катышып жатат.
Кыргызстанда элүү чакты такси кызматы катталса, учурда алардын тең жарымы гана толук кандуу иштейт. Алардын ичинде спутник аркылуу иш жүргүзгөн, жаңы технологияларга байланган такси кызматтарынын иши жакшы жүрүүдө.
Кыргызстанда элүү чакты такси кызматы катталса, учурда алардын тең жарымы гана толук кандуу иштейт. Алардын ичинде спутник аркылуу иш жүргүзгөн, акылдуу технологияларга байланган такси кызматтарынын иши жакшы жүрүүдө.
“Азаттыктын” өзбек кызматы жана латвиялык “Rе: Balticа” журналисттик иликтөө борбору Өзбекстандын атайын кызматынын жетекчилеринин Балтика жээгиндеги өлкөдөгү бизнесин, орун-очок алуусун иликтеп чыкты.
Эгемендик алган жылдардан бери Кыргызстанды Борбор Азиядагы чоң соода борборуна айланткан “Дордой”, “Мадина”, “Кара-Суу” сыяктуу ири базарлардын соодасы түгөнүп, базарчылар ишсиз калды деген маалыматтар кийинки кезде көп айтылууда.
Кыргызстан Кытайга айрым ашыкча өнөр жай ишканаларын Ала-Тоого которуп келүүнү сунуштады.
Кыргызстан Европа Биримдигине бажы төлөмсүз товар экспорттоого уруксат алганына төрт айга чукулдады. Бирок бул аралыкта товар ташымак тургай, даярдык иштери толук бүткөн жок.
Сузак районунун тургуну Рашид Бостонов 2001-жылы кургак чөлгө айланган талаага насос менен суу чыгарып, гилас бакка айландырды. Учурда 12 гектар аянттагы Кокон гиласынын түшүмүн багбан Россияга экспорттоп, калгандарын чакан заводунда консервалап кыям жасап жатат. 500 гө жакын адамды жумуш менен камс
Кыргыздар мурда эл бээ байлаган тууган-уруктарыныкына агылышса, азыр дал ушул дарылоо ыкмасын бизнеске айлантып, заманбап эс алуучу жайлар курулуп жатат. Бул ирет «Азаттыктын» Сергек жашоо берүүсү Суусамырдагы «Байтур» кымыз менен дарылоо комплексинде болуп кайтты.
Кыргызстанда жаздын келиши менен кымыз терапиясына барып, бээнин сүтү менен дарылангандар саны жылдан жылга көбөйүүдө.
“Мегаком” деген аталыш менен таанымал “Альфа-Телеком” жабык акционердик коомдун баасын өкмөт 300 миллион долларга жакын деп баалаган. “Мегакомду” сатып, анын акчасын “Балыкчы-Корумду” жолун куруу, ооруканаларды оңдоо өндүү долбоорго жумшамак.
АКШнын мамлекеттик катчысы 12-майда Лондондо банкирлер менен жолугат. Анда Иран менен бизнес жүргүзүүдөгү Кошмо Штаттардын позициясын түшүндүрмөкчү. Ирандан Бириккен Улуттар Уюмунун санкциясы алынганы менен Вашингтондун кээ бир санкциялары күчүндө калган.
Дагы жүктөңүз