Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Латвиядагы өзбек чекисттеринин изи...


(Солдон оңго карай) Юрий Савинков, Өзбекстан УККнын жетекчиси Рустам Иноятов жана анын мурдагы орун басары Хаёт Шарифходжаев.
(Солдон оңго карай) Юрий Савинков, Өзбекстан УККнын жетекчиси Рустам Иноятов жана анын мурдагы орун басары Хаёт Шарифходжаев.

“Азаттыктын” өзбек кызматы жана латвиялык “Rе: Balticа” журналисттик иликтөө борбору Өзбекстандын атайын кызматынын жетекчилеринин Балтика жээгиндеги өлкөдөгү бизнесин, орун-очок алуусун иликтеп чыкты.

Орусия менен Латвиянын ортосунда газ сатууда ортомчулукта байыган, Латвия КГБсынын мурунку офицери Өзбекстандын атайын кызматынын өкүлдөрүнө жардам берип жүргөнү аныкталган.

Латвиянын борбору Ригадан анча алыс эмес, токой арасында жайгашкан Суниси деген шаарча бар. Ал жерде Латвиядагы өзбектердин эң көп тобу жашайт. Алардын расмий эмес башчысы ишкер Рустамжон Нурматов экени айтылып келет. Ал Латвияда он жылдан ашуун жашап, жүк ташуу жана кыймылсыз мүлк менен ишкерлик кылат. Андан сырткары рестораны бар.

“Rе: Balticа” борборунун репортеру Нурматов менен анын ресторанында жолуккан. Бирок ал алгылыктуу эч нерсе айтпай, журналистти палоо менен узатып койгон.

Биздин латвиялык уюм менен байланышыбыз Латвиядагы өзбектердин турмушун иликтөө максатын көздөгөн. Анткени “Алтын виза” программасы боюнча Латвияда жашоого уруксат алган чет өлкөлүк жарандардын ичинде өзбектер үчүнчү орунда турат.
Фарух Юсуфий

Рустамжон Нурматовдун шаарчадагы коңшуларынын бири - Юрий Савинков. Ал Интерполдун Өзбекстан боюнча мурунку башчысы жана өзбек УККсына тиешеси бар киши. Латвиянын жер кадастры боюнча Савинковдун Сунисиде 182,6 чарчы метр үйү бар. Ал Интерполдун бөлүмүн жетектеп турган мезгилде Baltic Express Trade компаниясынын ээси болгон. Латвиянын бизнес-реестри боюнча 2015-жылы жабылганга чейин эч кандай иш жүргүзгөн эмес. Көп узабай Савинковго Өзбекстанда эл аралык издөө жарыяланып, 2015-жылы август айында Москвада кармалып, Ташкентке өткөрүлүп берилген.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматы боюнча, азыркы кезде ал абакта отурат. Ал мыйзамсыз ишкерлик, чет өлкөлүк валютаны көп өлчөмдө чыгаруу, коррупция жана талап-тоноо боюнча айыпталган.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын латвиялык журналисттик иликтөө борбору менен байланышы Латвиядагы өзбектердин турмушун иликтөө максатында түзүлгөн дейт "Азаттыктын" өзбек кызматынын журналистти Фарух Юсуфий:

- Биздин латвиялык уюм менен байланышыбыз Латвиядагы өзбектердин турмушун иликтөө максатын көздөгөн. Анткени “Алтын виза” программасы боюнча Латвияда жашоого уруксат алган чет өлкөлүк жарандардын ичинде өзбектер үчүнчү орунда турат. Ал программага ылайык, бул өлкөнүн экономикасына кандайдыр акча салсаң, кыймылсыз мүлк сатып алсаң, иш жүзүндө Европа Биримдигинде жашай бересиң. Мына ошол иликтөөнүн жүрүшүндө реестр, кадастрларды карап жатып, Өзбекстандын атайын кызматынын мурунку жана азыркы кызматкерлеринин ысымдарына туш болдук. Анын ичинде Савинковдун, башкалардын ысымдары чыкты.

Латвиядагы «Amber Spa Hotel» жана «Lauvaskalni» мейманканалары дагы өзбектерге караштуу.
Латвиядагы «Amber Spa Hotel» жана «Lauvaskalni» мейманканалары дагы өзбектерге караштуу.

Савинковдун фирмасы эч кандай иш жүргүзгөн эмес. Бирок анын ишкер өнөгү, өзбекстандык Овик Мкртчяндын Baltic Car Logistics аттуу компаниясы жеңил автоунааларды ташууга вагондорду ижарага берген. Анын ишкерлиги Борбор Азия менен байланышкан. 2014-жылы анын компаниясында 10 миллион евро айланган.

Латвиянын жер кадастры Мкртчян 1 миллион еврого жер сатып алганын каттаган. Ал Латвияда жашоого “Алтын виза” программасы боюнча уруксат алган.

Мкртчян менен Савинковдун байланышы Өзбекстандын күч структураларынын өкүлдөрүнүн Латвиядагы ишкерлик кызыкчылыктарынын бир көрүнүшү гана. Алардын изин табуу кыйын. Анткени алар ортомчу структуралар аркылуу иш жүргүзөт.

Өзбекстандын УККнын кызматкерлеринин Латвияда орун-очок алуусуна Латвия КГБсынын мурунку офицери Юрис Савицкис жардам бергендей. Ал өзү Орусиянын газын Латвияга сатууда ортомчулук кылып жүрүп миллионер болгон.

Өзбек коомчулугу жашаган Латвиядагы Суниси кыштагы
Өзбек коомчулугу жашаган Латвиядагы Суниси кыштагы

​Савицкис бизнес өнөктөрүн атоодон баш тартып, бирок алар өзбекстандыктар экенин моюнуна алган. Ал ошондой эле Өзбекстандын УККнын башчысы Рустам Иноятов менен жеке тааныш экенин ырастаган.

Иноятовду акыркы жолу Латвияда 2014-жылы орусиялык ырчылардын “Жаңы толкун” аттуу конкурсунда көрүшкөн.

«Re: Balticaнын» суроолоруна жооп берип жатып Савицкис Хаёт Шарифходжаев менен Латвияда ишкерлик кылууну талкуулаганын моюнга алган. Ал кезде Шарифходжаев Иноятовдун орун басары болгон. 2015-жылы Шарифходжаев кызматынан бошотулуп, бардык даража жана сыйлыктарынан ажыратылган. Анын бир тууган иниси, полковник Жавдат Шарифходжаев мыйзамсыз ишкерлик, коррупция, мамлекеттик мүлктү өтө көп өлчөмдө уурдоо боюнча айыпталып, 16 жылга кесилген.

«Re:Balticaнын» маалыматы боюнча Хает Шарифходжаев 2013-жылы Латвияга Савицкистин чакыруусу менен келген. Савицкис жолугушканын ырастап, бирок кенен-кесир маалымат берген эмес. Савицкис Кипрде өзбек жарандарына катталган офшордук компаниялар аркылуу Латвияда кыймылсыз мүлк, мейманкана сатып алган.

Латвиянын атайын кызматтары Иноятов жана Шарифходжаевдин Латвиядагы бизнес ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматты ырастап, бирок ал тууралуу кененирээк айтып берүүдөн баш тарткан.

"Ал эми расмий Ташкент тараптан мындай маалыматтарга эч кандай реакция болбошу адатка айланган", - дейт “Азаттыктын” өзбек кызматынын журналисти Фарух Юсуфий.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG