Кыргызстанда акча жүгүртүүдө электрондук капчык колдонгондордун саны 1,5 миллионго жакындады.
Орозо айы учурунда Оштогу Курманжан датка көчөсүндө тамак-аш базарынын соодасы кызыйт. Узундугу 500 метрге созулган базардан олободон тартып, үй шартында жасалган тамак-аштын түрүн тапса болот.
Любомир Глос (Lubomír Glos) - Чехиядагы көйкашка шарапкерлердин бири. Үй-бүлөсү менен 6 гектар жерде жүзүмдүн ар кыл сортторун өстүрүп, кымбат шарап жасайт. Ал кыйыштырып өстүргөн жүзүмгө жергиликтүү өкмөт тарабынан эстелик тургузулган.
Келерки кылымда керик, ителги кайып болот. Жөө басуу улгайган аялдарга пайдалуу. Дүйнөдөгү өтө тез жүргөн экспресс-поезд сынактан өтүп жатат. Үлпүлдөк түктүү алтын жасалгалуу микроорганизм.
Жүзүмдү тирүү жандай аздектеген Любомир карыя
«Мегаком» компаниясы түзүлгөн келишим боюнча «КТ Мобайл» ишканасына ушуга чейин 168 миллион сом которгон. Аталган каражаттын бир бөлүгү «КТ Мобайлдын» кызматкерлеринин айлык акысына жумшалса, 1 млн. 150 миң долларга жакыны бир нече банкта сакталып турат.
Америкалык уй баккан кочкорлук фермердин малы сатууга даяр. Фермер мындан беш жыл мурун “Абердин Ангус” породосундагы асыл тукум уйларды өкмөттүн программасы жана ЮСАИД уюму аркылуу Американын Монтана штатынан алып келген.
Компанияда дээрлик бирдей үлүшү бар үч кожоюн бир пикирге келе албай жатышат.
Ошто касапкана ээлери иш ташташты. Алар буга акыркы убакта коюлуп жаткан талаптар негизсиз жана оор экенин жүйө келтиришүүдө.
28 жаштагы фермер, ишкер Тилек Токтогазиев айыл чарба министринин кызматына өз талапкерлигин көрсөтүүдө. Ал эгер бул кызматта иштесе кардиналдуу реформа жүргүзүүгө убада берип жатат.
28 жаштагы фермер, ишкер Тилек Токтогазиев "Азаттыкка" маек курду.
17-майда Ысык-Көлдө быйылкы туристтик сезон расмий ачылды.
Дагы жүктөңүз