«Тыңчылык” кылган делип шектелип Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында камакта отурган парламент кызматкери Жыпаргүл Арыкованын денсоолугу күндөн күнгө начарлап баратканын анын адвокаты Айжан Касмалиева кабарчыбыз Аманбек Дилденбай менен баарлашканда айтып берди. Ал Арыковага карата баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Биринчи май райондук сотуна кайрылганын билдирди.
Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча 1 миллион кишинин колун чогултуу кампаниясы 5-июлдан тарта башталды. Бул иш-чара адам укугун жана эркиндигин чектөө күчөп бараткандыгына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын уюштуруучулары белгилегендей 2006-жылдан тарта күч органдарынын кароолуна укук коргоочулар жана аялдар көбүрөөк илинүүдө.
Дүйнөлүк качкындар күнүн Чехиядагы миңдеген качкындар да белгилеп жатышат. Соңку жылдары алардын арасына Борбор Азиядагы 5 өлкөдөн келген жарандар да кошулууда. Кыргызстан, Казакстан,Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан жарандарынын Чехияга башпаана издеп келишине эмнелер түрткү болууда жана алардын канчасы саясий качкын статусун алды? Ушул жана башка суроолор тегерегинде Улуттар уюмунун Качкындар иштери боюнча комиссарлыгынын Прагадагы кеңсесинин өкүлү Марта Миклушакова биз менен чакан маек курган эле.
Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Бүгүн Москвада журналисттер эл аралык федерациясынын Бүткүл дүйнөлүк конгресси ачылды. Орусиялык журналисттер союзунун төрагасы Всеволод Богданов айтканга караганда конгрессте массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин коопсуздугу, ошондой эле басылмалар менен сыналгынын окурмандар жана көрүүчүлөр алдындагы жоопкерчилиги сыяктуу маселелер талкууга алынмакчы. Журналисттердин эл аралык конгресси ар бир үч жылда өтөт жана анын Орусияда биринчи жолу өтүп атышы. Журналисттердин эл аралык федерациясына жүз элүүдөн ашуун өлкөлөрдүн журналисттик уюмдары кирет.
Былтыр 23- майда «Азаттык» үналгысын негиздеген Азамат Алтай агайыбыз 86 жашка курагында узакка созулган оорудан кийин Нью-Йорк шаарында дүйнөдөн кайткан эле. Ал «Азаттык» үналгысынын башатында турган жана бүткүл өмүрүн Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы сөз жана басма сөз эркиндигине, жалпы эле аймактагы демократиялык жараянга арнаган.
15-апрелде Нарын шаарындагы ички иштер бөлүмүндө каза тапкан Бектемир Акуновдун өлүмүнө байланышутуу гистологиялык экспертиза аяктады. Бишкек шаардык соттук-ьедициналык экспертиза бюросунун жетекчиси Кубат Шадыбековдун айтымында, мыйзамга ылайык тергөөчүгө берилгенге чейин анын тыянагы ачыкка жарыяланбайт. Ал эми Акуновдун жакын туугандары Саламаттык сактоо министрлигинин жана Нарын мамлекеттик администрациясынын жанына митинг уюштурушуп, экспертизанын тыянагын талап кылышты.
15-апрелде Нарында милициянын абагында жатып “Кыргызстанды сактоо» патриоттук кыймылынын мүчөсү Бектемир Акунов каза болгон. Ачкачылык акциясынын катышуучуларынын бири Акунов өз көйнөгүнө муунуп өлдү деген расмий маалымат айтылууда. Бектемир Акунов 5-апрелден тарта саясий ачкачылык акциясын жарыялагандардын катарына кошулуп, 11-апрелге чейин ачкачылык кармаган. Кабарчыбыз Султан Каназаров маркум Бектемир Акуновдун уулу Урмат Акунов менен маектешкен.
: Мээрим Султангазы, Бишкек Кечээ Бишкектин “Алатоо” аянтында мөөнөтсүз митингдин жүрүшүн камерага тартып жүргөн учурда НТС телеканалынын журналисттерине белгисиз адамдар кол салган. Акыркы бир ай ичинде ушуну менен беш журналистке кол салуу болду. Мына ушундай жагдайга байланыштуу адам укуктары боюнча Хельсинки федерациясы тынчсыздануу билдирди. Уюмдун белгилешинче, мындай кылмыштын күчөп кетиши сөз эркиндигине олуттуу коркунуч келтирет.
27-март күнү кечки саат 21:30 чамасында НТС телеканалынын журналисти Данияр Исановго белгисиз бирөөлөр Бишкек шаарындагы Динара Асанова көчөсүнөн кол салышып, ур-токмокко алышкан. Андан соң журналистке кол салгандар аны Бишкек-Чүй каналынын жээгине таштап кетишкен. Жабыркаган журналисттин айтымында, ага кол салгандар анын жанынан 1,5 миң сом акчасын жана чөнтөк телефонун алып кетишкен. Алдын ала маалыматтарга ылайык журналистти сабаган адамдар 21 06 номерлүү ак жигули минип жүрүшкөн.
Илим Жанузаков, Азаттык, Бишкек Каржы полициясы кечээ “Реформа үчүн” кыймылынын координатору Өмүрбек Абдрахмановдун жубайы, “Азат” компаниясынын жетекчиси Бейил Айдакееванын кармалышында эч кандай саясий боёк жок деп билдирди. Каржы полициясынын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Турарбек Масыбаевдин айтымында, аты аталган компания 1 миллион 200 миң сомдон ашуун салык жашырган. Бирок, “Реформа үчүн” кыймылынын координатору Өмүрбек Абдрахманов жубайынын айланасындагы окуяны саясий террор катары баалап жатат.
Жалалабат облусунда көз каранды эмес “Сентябрь” телесине белгисиз адамдар кол салышкан. Сыналгынын көрсөтүүлөрдү обого таркатуучу жабдыктары талкалангандыктан аталган телеканал 2-ноябрдан бери обого чыкпай калган. Телеканалдын жетекчилиги инцидент тууралуу мамлекеттик уюмдарга кайрылган эмес. Көрөрмандардын пикири боюнча жеке менчик сыналгылар ээсинин айтканы менен болот. Обулуста жеке менчик сыналгыларга тоскоолдук жок дешет жергиликтүү бийлик өкүлдөрү.
«Пирамида» телерадиокомпаниясынын мүлкүн кыйратуу фактысынын артында кимдер турушу мүмкүн? Ал окуянын иликтөө кандай жүрүүдө? Бул суроолор боюнча “Азаттыктын” суроолоруна “Пирамида” телерадиокомпаниясынын редактору Турат Бектенов жооп берди.
Дагы жүктөңүз