Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:37

МАСКӨӨДӨ ЖУРНАЛИСТТЕР ЭЛ АРАЛЫК ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КОНГРЕССИ АЧЫЛДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Бүгүн Москвада журналисттер эл аралык федерациясынын Бүткүл дүйнөлүк конгресси ачылды. Орусиялык журналисттер союзунун төрагасы Всеволод Богданов айтканга караганда конгрессте массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин коопсуздугу, ошондой эле басылмалар менен сыналгынын окурмандар жана көрүүчүлөр алдындагы жоопкерчилиги сыяктуу маселелер талкууга алынмакчы. Журналисттердин эл аралык конгресси ар бир үч жылда өтөт жана анын Орусияда биринчи жолу өтүп атышы. Журналисттердин эл аралык федерациясына жүз элүүдөн ашуун өлкөлөрдүн журналисттик уюмдары кирет.

Маскөөдө олтуруму башталган эл аралык журналисттердин конгресси ушуну менен 26-жолу өтүп атат экен. Анын ырасмий ачылышы бүгүн 28-майда Жогорку палатанын төрагасы С. Миронов, СССРдин президенти М. Горбачевдор катышуусунда болот дешет. Биздин кабарчы менен болгон ой бөлүшүүсүндө Орусиялык журналисттер союзунун төрагасы Всеволод Богданов форумда негизги кеп калемгерлердин кызмат шарттарын жакшыртуу, укуктарын коргоо сыяктуу багытта болмокчу:

«Социалдык жактан коргоо- керт башын коргоо. Дагы бир эң олуттуу маселе – биз кантип эми калемгерлердин ишенимин журналистикага кайтарып келе алабыз - ушунда», - деген Всеволод Богданов.

Бардык континенттеги 150дөн ашуун мамлекеттен келген журналисттер көбү форумга катышып кетүүнү милдети көрүп келишкен. Маселен, Нью-Йорктон келген журналистерди коргоонун эл аралык комитетинин координатору Нина Огнякова айтканга караганда, Орусияда кийинки алты жыл ичинде, бери дегенде 14 журналист киши колдуу болуп өлдү. Алардын арасында Анна Политковская, Артем Боровик ж.б. бар, бирок ал кылмыштардын биринин да бети ачылбаган бойдон калууда. "Ошондуктан калемдештерибизге тилектештигибизди билдрүү үчүн келдик",- дейт Нина Огнякова.

Албетте конгрессте бир эле Орусияда эмес дүйнөдө журналисттердин киши колдуу болуп өлүүсү кеп болот дешет.

Кремлдин кысым көргөзүүсү ачыктан ачык жасала баштаганда Маскөөдө эл аралык форумдун өтүшүндө Путиндик «башкарылма демократия» үчүн кычаштык кылгандай шаани бар экенин анализчилер айтышат. Анын үстүнө жакында Орусиялык журналисттер союзунун имаратын Кремль өзү уюштурган «Russia Today» сыналгы компаниясына тартып берип аткан учурда форум ачылып атат дешет. Ошол себептен орусиялык журналисттердин баш кенсесинин тегерегинде да кеп болот ко дешет.

Форумга катышып аткандар эсеби миңге чаап барары маалым болду жана анын ишине Кыргызстандык да калемгерлер катышууда.

РИА-Новости жазганга караганда 27-майда Римдин мэри Вальтер Веторни (Walter Veltorn) Италиянын ордо калаасынын бир көчөсүнө Анна Политковскаянын ысмын коюу жардыгына кол койгон.
XS
SM
MD
LG