Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:09

ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ КОЛ САЛУУ УЛАНУУДА


: Мээрим Султангазы, Бишкек Кечээ Бишкектин “Алатоо” аянтында мөөнөтсүз митингдин жүрүшүн камерага тартып жүргөн учурда НТС телеканалынын журналисттерине белгисиз адамдар кол салган. Акыркы бир ай ичинде ушуну менен беш журналистке кол салуу болду. Мына ушундай жагдайга байланыштуу адам укуктары боюнча Хельсинки федерациясы тынчсыздануу билдирди. Уюмдун белгилешинче, мындай кылмыштын күчөп кетиши сөз эркиндигине олуттуу коркунуч келтирет.

Кечээ түшкү саат эки чендерде “Алатоо” аянтында митингди тартып жүргөн НТС телеканалынын операторуна жана журналисттерине белгисиз адамдар тоскоолдук көрсөтүп, камераны сындырууга аракет кылышкан. Окуя кандай болгонун митинг учурунда жапа чеккен журналисттердин бири Элнура Бекбасарова “Азаттыкка” айтып берди:

“Биз аянтка келип, камерага тартып баштаганда эле бир жигит келип “силер НТСтенсиңерби?” деп сурады. Биз боз үйдү тартып чыккандан кийин да ошол эле жигит келип, дагы бир жолу “силер чын эле НТСте иштейсиңерби?” деп сурады. Бир аз өтпөй эле митингчилерди тартып баштаганда биздин камераны жулуп –ыргытууга аракет кылып, операторго кол көтөрдү. Камера, штатив сынып калды. Кол салган адам болсо качып кетти. Эми коркпойбуз деле, мурдагыдай эле иштей беребиз”.

Буга чейин, 16-мартта УТРКнын журналисти Кайрат Биримкуловду, он күн өтпөй эле НТС телеканалынын журналисти Данияр Исановду сабап кетишкен. Бирок журналисттерге кол салуу ушуну менен токтоп калган жок, 31- мартта Жалалабаттагы “Сентябрь” телеканалыныны кызматкери Талантбек Сопуев таяк жеген.

Мына ушундай жагдайдан улам мындан беш күн мурун “Чек арасыз кабарчылар” уюму Кыргызстанда журналисттерге кол салган окуяларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигин көз карандысыз журналисттердин коопсуздугун камсыз кылуу жана сөз эркиндигинин абалын жакшыртуу үчүн болгон аракеттерди көрүүгө чакырган.

Ушундай мазмундагы билдирүүнү 11-апрелде адам укуктары боюнча Хельсинки федерациясы да таратты. Журналисттерге карата мындай кылмыштын күчөп кетиши сөз эркиндигине олуттуу коркунуч келтирет, деп белгиленет билдирүүдө.

Билдирүүдө айтылганга караганда, адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин жетекчиси Рамаз Дырылдаевди жана анын үйбүлөөсүн коркутуп-үркүтүүлөр болгон. 6-апрелде ал “5-каналдан” келе жатканда белгисиз бирөөлөр аны таш менен чабышкан. Рамаз Дырылдаев ал күнү “Майдан” берүүсүнө катышып, кыргыз бийлигинин дарегине сын сөздөрдү айктан экен.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев журналисттерге кол салуулардын дээрлик бардыгы өлкөдөгү саясый абал менен байланыштуу деп эсептейт:

“УТРКнын журналисти Кайрат Биримкуловдон башка төрт окуя саясый негизде болду. Ал эми НТС телеканалынын журналисттерине ушуну менен экинчи жолу кол салуу болуп жатат. Эмне себептен НТС деген суроо туулат, анткени ал ноябрда оппозициялык маанайдагы канал катары өзүн көргөзүп койгон. Бул жерде бийлик күнөөлү деп биз айта албайбыз, анткени такталган эч нерсе жок. Бирок менин оюмча бул - бийликти колдогондордун иш-аракеттери болушу мүмкүн”.

Белгилей кетчү нерсе, бир катар бейөкмөт уюмдар, Медиа өкүл инсититуту жана “Журналисттер” коомдук бирикмеси журналисттерге кол тийбестик статусун берүү демилгесин көтөрүп чыгышкан. Бирок андан азырынча эч кандай майнап чыга элек. Ошентип журналисттерге кол салган бир дагы адам кармалып, сот жоопкерчилигине тартыла элек.
XS
SM
MD
LG