Каржы полициясынын билдиргенине караганда “Азат” компаниясына карата 2006-жылдын 20-октябрында салыктан качкандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, жетекчиси Бейил Айдакеева суракка чакырылган. Бирок, Айдакеева тергөө иштерине келген эмес. 1-декабрь күнү Каржы полициясынын кызматкерлери атайын чыгарылган токтомго таянып, Айдакееваны күч менен алып кетүү аракетин жасашкан. Адвокат Азат Базаркуловдун айтымында, Каржы полициясынын аракеттери мыйзамсыз. Анткени, компаниянын эсеп-кысабын текшерген салыкчылар ишти Каржы полициясына мыйзам бузуулар менен өткөрүп беришкен:
- Жыл сайын октябрь айында салык кызматкерлери текшерүү жүргүзүшөт. Ошонун негизинде алар “Азат” компаниясына текшерүүгө келип, компания 1 миллион 252 миң сом салык жашырганын айтып, төлөөнү талап кылышкан. Салык кодексине ылайык эгер ар бир ишкер салык кызматкерлеринин аракеттерине макул болбосо, мыйзам боюнча андан жогорку органдарга арыз жазат. Ошондой арызды “Азат” компаниясы жазган. Жообун күтпөй эле Каржы полициясы кылмыш ишин козгогон.
Ошентсе да Каржы полициясы муну катардагы эле мыйзамдуу иш катары баалайт. Каржы полициясынын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Турарбек Масыбаев, иштин кандай болуп өткөнүн мындайча түшүндүрдү:
“Азат” мебелдик ишканасына ушул жылдын 20-октябрында эсеп-кысап эрежелерин бузуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Текшерүү учурунда 1 миллион 200 миң сомдон ашуун салыктан жашырынган факты аныкталган. Айдакеевага бир нече жолу биз официалдуу чакыруу жиберип, телефон аркылуу, телеграмма жиберип суракка чакырганбыз. Анан, эч кандай себепсиз ал киши келген жок. Ошондуктан биздин тергөөчү баш ийдирип алып келүү жөнүндө токтом чыгарып, өткөн бешинчи күнү иштеген жерине барышып, ошол жерден токтомдун чегинде ал кишини суракка келип берүүгө мажбурлашкан. Баары мыйзам ченемдүү кыймыл-аракеттер болгон, - дейт Турарбек Масыбаев.
Айыпталып жаткан Бейил Айдакееванын өмүрлүк жолдошу, “Реформа үчүн” кыймылынын координатору Өмүрбек Абдрахманов Каржы полициясынын тараткан маалыматтарын жокко чыгарды. Анын айтымында Каржы полициясы “Азат” компаниясынын жетекчисине эч кандай билдирүү баракчасын жолдогон эмес жана буга окшогон күч органдары бүгүнкү бийликтин гана көрсөтмөсүн аткарып жатат. Абдрахманов үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында президент Курманбек Бакиев менен жолугушкан эле. Бул жолугушуу учурунда ал президенттин “Реформа үчүн” кыймылынан чыгып кетүүсү тууралуу сунушун четке каккан:
- Он төртүндө мен президент менен жолуктум. Булар он сегизинде кылмыш ишин ачып атат. Бул президентке макул болбой койду деп, команда кетти да. Кнопканы басты, жайлагыла деп. Ошондуктан ошол күнү апелляцияны да, мөөнөттөрүн да карап койбой кылмыш ишин ачып атышпайбы, - деди Өмүрбек Абдрахманов.
Президент Курманбек Бакиев 4-декабрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушуу учурунда, бийлик тараптан бир да адамга куугунтук уюштурулбаганын билдирди. Депутаттардын берген суроосуна жооп берип жатып президент салык жашырган ишкерлер жазаланышы керектигин баса белгиледи. Ошондой эле ал бул сыяктуу экономикалык иштерди өкмөткө өткөрүп бергенин айтты.