Оппозициялык маанайдагы “Ачык саясат” гезитинин кызматкери Абдувахаб Мониевди Бишкекте белгисиз бирөөлөр сабап кетишти. Гезит жетекчилиги муну түздөн-түз журналисттин кесиптик ишмердиги менен байланыштырууда.
Бириккен элдик кыймыл кечээ Түп районунда өткөрмөкчү болгон курултай ар кандай тоскоолдуктардан улам үзгүлтүккө учурады. Кыймылдын лидерлери жана мүчөлөрүн жолдон милиция күчтөрү жана башка уюшкан топтор тосуп, басмырлап, көл аймагынан сүрүп чыгарышкан. Бул окуяга байланыштуу “Азаттыктын” таңкы түз обосунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султан Урманаевди кепке тарттык.
30-май күнү кечки саат тогуздарда Түпкө курултайга бараткан "Ата Мекен" партиясынын эки чакан автобуска түшкөн мүчөлөрүн райондук милиция кармап суракка алып, күчкө салып кайра артка кайтарды. "Ата Мекендин" лидерлеринин бири Б.Шерниязовдун "Азаттыкка" телефон аркылуу учкай айтканына караганда, милиция кызматкерлери менен кошо келген ак кепкачан жигиттер, аялдардын колун толгоп машинадан түшүрүп, каалагандай мазакташты.
Социал-демократиялык партиянын штабы шайлоого даярдык көрүү, талапкерлерге кол топтоо иштерине жергиликтүү бийлик башчылары тарабынан ар кандай тоскоолдуктар болуп жатканын байма-бай билдирип жатат. Ошол эле учурда социал-демократтардын катарынан бир нече мүчөсү чыгып кетип атканы жөнүндө да маалымат тарады. Бул маалыматтардын чын-бышыгы жөнүндө Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимов “Азаттыктагы” маегинде чечмелеп айтып берди.
26-майда Бишкек шаардык соту “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин апелляциялык арызын карап, аны эки айга камаган Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бөлөкбаевдин тарапкерлери Ак-Суу шаарчасында аны бошотуу талабы менен ачкачылык акциясын башташты.
Мурдагы тышкы иштер министри жана БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Аликбек Жекшенкуловдун үстүнөн козголгон кылмыш иштери боюнча талаш-тартыштар уланууда. Бүгүн анын адвокаттары билдирүү менен чыгышып, айыпталуучуга тагылган кинелер жасалма болгонун айтууга толук негиз бардыгын жарыялашты.
“Репортер” гезитинин баяндамачысы Сыргак Абдылдаевди сабап кеткен окуядан бери эки айдай убакыт өтсө дагы, бул кылмышты тергөөдөн эч натыйжа боло элек. Бул жөнүндө “Азаттыкка” аталган гезиттин уюштуруучусу Султан Каназаров билдирди.
4-май күнү “Казакстан” социал-демократиялык партиянын мүчөсү Марина Сабитова менен журналист В. Ковтуновский Кыргызстанга киргизилген жок. Казакстандык жарандар Кыргызстанга “Ата Мекен” партиясынын чакыруусу менен келе жатышкан. “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” берген маегинде жогорудагы окуяны Кыргызстандагы саясий куугунтуктун жана адам укуктарынын басмырланышы катары айыптады.
Башкы прокуратура 13-мартта Аламүдүн капчыгайында болгон кандуу окуя боюнча тергөө иши аяктап, сотко жиберилгенин жарыя кылды. Ал эми ЖК депутаты Санжарбек Кадыралиевдин өлүмүнө байланыштуу иш тергөөдө.
Кыргызстандын акыйткатчысы Турсунбек Акун кечээ Петровкага барып, абал менен таанышып, жергиликтүү кыргыз-орус эли менен күрт улутундагылардын жолугушуусуна күбө болуп келди. Акыйкатчы Петровкадагы улуттар аралык жаңжалга чейин өсүп жеткен тополоңго жергиликтүү бийлик менен күч органдарынын күнөөсү бар, ошондой эле айыл аксакалдары мындай окуялардын алдын алып, жаштарды тыйууга тийиш болчу, деп эсептейт.
“Намыс” уюмунун лидери, укук коргоочу Уран Рыскулов Петровка айылындагы болгон окуяга күнөөлүү деп айыпталып үч күн камакта отуруп чыкты. Милиция аны негизсиз камаганы аз келгенсип, күнөөсүн териштирбей туруп, “ууру мышыктай” кылып, тымызын чыгарып жиберген. Уран Рыскулов “Азаттык” менен байланышып, ал жактагы соңку кырдаалды баяндап берди.
Бүгүн бийликчил “Ак жол” партиясы өз курултайын өткөрүп, анда президенттик шайлоого талапкер катары Курманбек Бакиевди көргөзөөрү күтүлүп жатат. Бир апта мурда «Ак жолдун» саясий кеңеши жыйын куруп, партиянын төрагасынын орун басары Элмира Ибраимованы өз катарынан чыгарган болчу. Анын себеби - Э.Ибраимованын президент К.Бакиевге жазган ачык каты.
Дагы жүктөңүз