Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Журналист Абдувахаб Мониевди сабап кетишти


Кол салууга журналисттин "Ачык саясат" гезитиндеги сын макалалары себеп болгону айтылууда.
Кол салууга журналисттин "Ачык саясат" гезитиндеги сын макалалары себеп болгону айтылууда.

Оппозициялык маанайдагы “Ачык саясат” гезитинин кызматкери Абдувахаб Мониевди Бишкекте белгисиз бирөөлөр сабап кетишти. Гезит жетекчилиги муну түздөн-түз журналисттин кесиптик ишмердиги менен байланыштырууда.

Журналист Абдувахаб Мониевге кол салуу эки күн мурда, жума күнү кечки саат тогуздар чамасында Жаш Гвардия - Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. “Ачык саясат” гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары Рыскелди Момбековдун айтымында, Мониевге белгисиз бирөөлөр телефон чалып, “маанилүү маалымат бар” деп жолугушууга чакырган. Белгиленген жерге барган журналистти кимдир бирөөлөр сабап кетишкен. Бул кол салуудан жаракат алып, бети-башы көгала болгон Абдувахаб Мониев учурда республикалык ооруканада дарыланууда. Чогуу иштеген кесиптештери бул окуянын эртеси журналист бети-башы көгала болгон абалда гезит кеңсесине келип кеткенин айтып жатышат.

Гезит жамааты бул кол салууну Мониевдин кесиптик ишмердиги менен байланыштырууда. Башкы редактордун биринчи орун басары Рыскелди Момбеков буга чейин Абдувахаб Мониев башка ат менен жазган айрым макалалардын авторунун дайын-дарегин сураган телефон чалуулар болуп, кимдир бирөөлөр аны издеген учурлар болгонун айтат:
Рыскелди Момбеков

- Абдувахаб Мониев гезитке эки-үч ат менен (псевдоним) макалаларды жазып келген. Акыркы убакта кимдир бирөөлөр ал жазган макалалардын автору ким экенине кызыгып, анын телефонун сураган учурлар болгон. Ал акыркы убактарда саясатка көп кайрылып, “Саясий бейне” деген рубриканын астында жогорку бийликте отурган айрым кишилер тууралуу материалдарды жаза баштаган. Бул кол салуу анын журналисттик ишине байланышы бар деп биз жүз пайыз ишеним менен айта алабыз. Менимче, анын башка душмандары жок эле, ал жазган сын макалалар ушул кол салууга себеп болду.

Айрым талдоочулар да бул окуяны сөз эркиндигине жасалган кысым катары баалашууда. Коомчуулукта болсо соңку жылдарда өлкөдө журналисттерге кол салуу күчөп баратканы байма-бай айтылып келет. Маселен, быйылкы жылдын март айында эле төрт журналист сабалган. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин маалыматы боюнча 2005-жылы журналистерге кол салууга байланышкан 14, 2006-жылы 12, 2007-жылы болсо 19 окуя катталган. Дал ушул 2007-жылы Ошто журналист Алишер Саипов атып өлтүрүлгөн.

Медиа-эксперт Бакыт Орунбеков журналисттерге кол салуулардын көбөйүшүн сөз эркиндигин күч менен ооздуктоо аракети катары баалайт:
Бакыт Орунбеков

- Эми мындай сын макалаларга башкача жооп бере албагандыктан күч колдонуп, журналисттерди ур-токмокко алып атышпайбы, а түгүл атып кеткенге чейин барып атышпайбы. Муну сөз эркиндигин ошентип күч менен ооздуктоо же токтотуу аракети катары бааласак болот.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова да бул окуя Абдувахаб Мониевдин журналисттик ишмердигине байланыштуу болгонунан күмөн санабастыгын, бирок мындай учурда журналист дагы чакырган жерге өзү эле жетип барбастан жанына ишенимдүү шериктерин ээрчите барса болмоктугун, журналисттер коопсуздугун да ойлой жүрүшү зарылдыгын айтат:
Азиза Абдрасулова

- Кыргызстан ушинтип криминалдык тутумга, ошондой саясатка көбүрөөк ыктаган азыркыдай шартта ар бир укук коргоочубу, саясатчыбы, же журналист болобу жеке коопсузудугуна да көбүрөөк көңүл буруп жүрүшү керек. Мындай чакырган жерлерге да кимдер чакырып атканын, эмне максатта чакырып жатканын эске алып, жалгыз барбай жанына ишенген бирөөлөрдү ээрчитип, коопсуздук чараларын сакташ керек болуп калды. Себеби биз өтө криминалдашып кеткен өлкөдө жашап калдык.

“Ачык саясат” гезитинин жетекчилиги кол салууга кабылган соң Абдувахап Мониев дароо эле милицияга кайрылганын айтууда. Иш күнү болбогондуктан бул окуя боюнча ички иштер министрлигинен басма сөз кызматынан маалымат ала алган жокпуз. Аталган басылманын жамааты болсо бул кол салуу боюнча дүйшөмбү күнү тиешелүү тараптарга жана коомчулукка кайрылуу жолдоорун билдирүүдө.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG