Чогулгандарга келген район прокурору Азамат Молдобаев, райондук акимчиликтин алдына нааразылык акциясын өткөрүү мыйзамсыз түшүндүргөнгө аракет кылды. Бирок камакта жаткан балдарынын күнөөсүз экенин кайталаган энелер район прокурорунун сөзүнө кулак салып да койгон жок. Ошондо гана четте турган ондогон милиция кызматкерлери нааразылык акциясына чогулгандардын колун толгоп, ички иштер бөлүмүнө алып кетишти.
Ал эми район акими Кубанычбек Сыйданов кечээ “Азаттыкка” маалымат берип анда акцияны акимчиликтин алдында эмес, акимчиликтен 200 чакырымдай алыстыктагы стадиондо өткөрүү керектигин айткан.
Убактылуу камакка алынгандардын ичинен Уулболсун Аргынбаева (Сапар Аргынбаевдин апасы) кан басымы көтөрүлүп, тез жардам менен ооруканага жеткирилди. Азыр анын абалы бир калыпка келбей жатканы айтылууда. Кечки саат 18:30дар чамасында камалгандар райондук сотко алынып келинди. Соттук териштирүүнүн жүрүшү жана чыгарылган чечимдер туурасында камалгандардын бири Нургүл Аргынбаева ( Петровкадагы башаламандыктын уюштуруучсу катары камалган Сапар Аргынбаевдин карындашы) буларды айтып берди:
- Бизди алты сааттан ашык кармашты. Райондук сот болсо эч кандай адвокатсыз соттук териштирүү кылып, көпчүлүгүбүзгө акчалай айып, айрымдарыбызга эскертүү берди. Бирок мындай соттук чечимдер менен бизди коркута алышпайт. Күнөөлү адамдар эмес күнөөсү жокторду камап турушат. Бул саясий куугунтук.
Камакка алынгандардын туугандары соттун чечимине карабай мөөнөтсүз нааразылык акцияларын уланта беришээрин “Азаттыкка” кабарлашты.