Депутат Руслан Шаботоев менен Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтияр Амиражановдун өлүү-тирүү экендигинен туугандары да кабардар деген айыңдар айтылып жатат. Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин айтуусунда, мындай сөздөр издөө иштерин оор жагдайга туш кылып, адаштырып жатат.
14-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Санжарбек Кадыралиев киши колдуу мерт болду. Бул трагедия Кыргызстанда буюртма киши өлтүрүүлөр тыйылгандын ордуна кайра өнөкөт көрүнүшкө айланып баратканын көрсөттү. Күч органдары уюшкан кылмыштуулукка каршы мажүрөөлүк кылып жатабы же кылмыш чөйрөсү бийликтин башына чыгып алганбы деген убайым суроолор кыргыз журтун ой-санаага салып турган чагы.
БЭКтин штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров депутат Санжар Кадыралиевдин атылып өлтүрүлгөн окуясын "Азаттыкка" комментарийлеп, “Ак жол” партиясы өзүнүн ичиндеги көп сыр билген адамдардан “тазаланып” жатат деп билдирди. Башка адамдар бул окуя криминалдык чөйрөнүн ичиндеги чыр-чатактын натыйжасы болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат.
Ишенбай Кадырбеков убактылуу үй камагына чыгарылды. Акыйкатчы Турсунбек Акун жана адвокат Азимбек Бекназаров абактагы саясатчыны бошотуу Ак үй менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашканын айтышууда.
Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү көпчүлүктүн көңүл кырындагы окуя болуп калды. Анын сөөгү, так айтканда, таанылгыс болуп күйүп кеткен сөөгүнүн күлдөрү кечээ Бишкекке жакын Басбөлтөккө коюлду. Ал арада ички иштер министрлиги автокырсыктан башка версияларды көшөрүп, карабай жатат. Талдоочулар да, карапайым адамдар да М.Садыркуловдун өлүмү – саясий буйруктун жыйынтыгы экенине эч күмөн санашпайт.
М. Садыркуловдун өлүмү табышмак бойдон калып, коомчулукта ар кандай жоромолдор айтылууда. Бул окуяны саясий себептер менен байланыштырган мындай божомолдорго канчалык негиз бар? “Азаттыктын” ушул өңүттөгү суроолоруна бул кырсыкка кабылаардан бир күн мурда маркум менен сүйлөшүп калган “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев жооп берди.
Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов, президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы директору Сергей Слепченко, айдоочу Кубат Сулаймановдун 13-мартта курман болгондугу ДНК анализдердин негизинде аныкталганын Кыргызстандын Башкы прокуратурасы бүгүн ырастады.
Оппозициялык маанайдагы “Ачык саясат” гезитинин эки кабарчысына кечээ Биринчи май райондук прокуратурасы эскертүү берди. Бул басылманын тегерегиндеги соңку кырдаал боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна гезиттин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Рыскелди Момбеков жооп берди.
Оппозиция лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловдун иниси - Таалайбек Медеркулов 3 айдан бери камакта. Учурда аны бошотуу талабы менен Балыкчы шаарынын тургундары атайын кол чогултуп баштады. Т. Медеркуловго Балыкчы шаарынын вице-мэри болуп турганда суу түтүктөрүн сатып алууда туура эмес тендер өткөргөн деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон.
Биринчи Май райондук соту 7-апрелде “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловду камоо мөөнөтүн дагы бир айга узартты. Жекшенкуловдун адвокаты бул чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен жогорку сот бутактарына кайрылмакчы.
Жогорку Кеңештеги оппозициялык Социал-демократиялык фракциянын лидерлеринин бири Иса Өмүркуловго каршы кылмыш иши козголду. Ага “Пара менен сатып алуу” деген берене боюнча кылмыш иши козголгонун тиешелүү кызматтар тастыкташууда.
27-мартта “Ата Мекен” партиясынын АКШдагы бөлүмү да БЭКтин Кыргызстандагы нааразылык акцияларына тилектештик иретинде Вашингтондогу кыргыз элчилигинин жанында митинг уюштурган. Митинг учурунда АКШдагы кабарчыбыз аталган партиянын бул өлкөдөгү бөлүмүнүн башчысы Равшан Жээнбековду Кыргызстандагы соңку саясий кырдаалга байланыштуу сөзгө тарткан.
Дагы жүктөңүз