Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:47

А. Жекшенкуловдун соту дагы которулду


Мурдагы тышкы иштер министри, “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчиси Аликбек Жекшенкуловдун ишин кароону Бишкектин Биринчи Май райондук соту 3-июлга которду. Айыпталгандардын жактоочулары толук болбой жаткандыктан сот бул ишти кароону улам которуп жатат. Тышкы иштер министри кызматынан кеткенден кийин оппозицияга оогон Аликбек Жекшенкуловго аталган министрликтин имаратын оңдоого ашыкча каражат сарптаган жана түркиялык ишкердин өлүмүнө катышы бар деген айып коюлууда.

Сотто Тышкы иштер министрлигинин имаратын оңдоодо кеткен каражаттарга байланышкан иш менен түрк ишкерин өлтүрүүгө байланышкан иш да чогуу каралууда. А. Жекшенкулов менен бирге “Дипсервис” мамлекеттик ишканасынын дагы алты кызматкери, ошондой эле түрк ишкеринин өлүмү боюнча Илияс Абыдкадыров аттуу жаран сот алдында жооп берип жатышат.

Ишти кароо 22-июнда башталган. Бирок жактоочулар толук болбой, иш 26-июнга которулган. 26-июнда да ошол эле көрүнүш кайталанып, айыпталуучу Абдыкадыровдун жактоочусу келбегендиктен сот ишти кароону үчүнчү июлга которду. Судья ишти объективдүү кароо үчүн жана бардык тарапты угуу үчүн ушундай чечимге баруу зарылдык экенин билдирди.

Мындан эки жыл мурда Шанхай уюмунун саммити болор алдында Тышкы иштер министрлигин имараты Кытай берген 15 миллион юанга, кыргыз акчасына которгондо 73 миллион сомго оңдолуп жаңыртылган. Эми Башкы прокуратура ошол акча туура эмес сарпталган деген күнөө коюуда. Бирок бул иш боюнча Жекшенкуловдун мамлекет алдында эч кандай күнөөсү жок, дейт анын жактоочусу Нина Зотова.

- “Дипсервис” боюнча козголгон ишти алсак, Жекшенкулов мунун баарын өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасаткан. Иштин материалдары боюнча мамлекетке келген зыян далилденген жок. Зыянды аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүлгөн жок. Аны тергөөчүлөр өздөрү ойлоп таап жатышат.

Жекшенкулов айыпталып жаткан экинчи иш түрк ишкеринин өлүмү боюнча болуп жатат. Күч органдары түрк ишкерин өлтүрүүгө колдонулган курал Жекшенкуловго таандык деген экспертизалык бүтүм чыгарышкан. Нина Зотова бул жерде дагы Жекшенкуловдун такыр тиешеси жок, анткени ишене тургандай экспертиза жасалган эмес дейт.

Жекшенкулов өзүнө коюлган айыптоолорду четке кагып, бийлик тарабынан саясий куугунтуктун курмандыгы болуп жатканын айтып келатат. Бийлик тарап өз кезегинде бул жерде саясий куугунтук жок деген жоопту беришкен. Бийлик менен оппозициянын жыл башында болгон сүйлөшүүлөрүндө Жекшенкуловдун камалган фактысы да козголуп, ички иштер министри аталган саясий ишмердин тапанчасы кылмышка аралашканын экспертиза далилдегенин, экспертизага ишенбегендер аны каалаган өлкөдөн текшертип алышса болот деген жоопту айткан.

Аликбек Жекшенкулов ушул жылдан 9-мартында кармалып, ошондон бери тергөө абагында жатат. Анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, боштондукка чыгаруу боюнча арыз-өтүнүчтөргө оң жооп болгон жок. Аликбек Жекшенкуловдун адвокаты Нина Зотова президенттик шайлоо бүткүчө бул маселенин оң чечилиши кыйын экенин айтууда.

XS
SM
MD
LG