
Президент Садыр Жапаров Жер кодексине каршы пикирин билдирип, сунушталган мыйзам долбоорун артка кайтарды. Ал парламентте өткөн айда кабыл алынган Жер кодексинде Башмыйзамга каршы келген бир нече учур бар деп белгилеген. Жаңы кодекс иштелип чыккандан кийин эле нааразылык акциялары өткөн. Каршы чыккандар “менчикке болгон кол тийбестик сакталбай калганын” айтып, мыйзамды артка кайтарууну талап кылган эле.
Садыр Жапаров өз чечимин Кыргызстанда жеке менчик кол тийгис экендиги жана сунушталган кодексте Башмыйзамга каршы келген учурлар бар экендиги менен түшүндүргөн. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзовдун таркаткан маалыматында Жер кодексин артка кайтаруунун төмөнкүдөй бир нече себеби белгиленген:
•жер пайдалануучу республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 5 пайыз же болбосо эквиваленттүү акча каражатын берүү жөнүндө макулдашуунун милдеттенмелерин аткарбаганына байланыштуу жер участогу алынып коюлганда, бул жоболор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-беренесине карама-каршы келет;
•жер участогунун менчик ээсинин өлчөмүнө жараша компенсация алууга укугу чектелгенде жана “калыбына келтирүү наркы” термини аныкталбаганда;
•мал жаюу менен байланышпаган мамлекеттик менчиктеги жайыт жерлерин которуу (трансформациялоо) жолу менен жеке менчикке өткөрүп берүү, бул жоболор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келет;
•мамлекет аралык келишимдерди ишке ашыруунун алкагында жер участоктору тоорук өткөрбөстөн түз сатуу жана/же алмаштыруу жолу менен чет өлкөлүк жактарга менчикке берүү, бул жоболор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине карама-каршы келет;
•муниципалдык менчиктеги жер участокторун мамлекеттик пайдалануучуга мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жана өткөрүп берүү тартиби боюнча, мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбеген бөлүгүндө (жергиликтүү кеңештин макулдугусуз ж. б.);
•темир жол жана анын инфраструктурасы курулган учурда чек арага чектеш аймактарда жайгашкан жер участоктору мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда берүүгө чектөөнүн болушу (“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан”);
•ижарага алынуучу жер участогунун менчик ээси же анын укук мураскери 10 жылдан ашык жок болсо, көп кабаттуу турак үй жайгашкан жер участогун турак жай менчик ээлеринин шериктигинин менчигине акысыз өткөрүп берүү бөлүгүндө, бул жоболор Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин ченемдерине каршы келет.
Мыйзамдагы кемчиликтерди кантип оңдошот?
Президенттин ветосунан кийин Жогорку Кеңеш менен Министрлер кабинети аталган мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу процессине киришти.
7-апрель күнү парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети президенттин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомун кабыл алды. Депутаттар Министрлер кабинети сунуштаган айрым мыйзамдар шашылыш, чала иштелип келерин айтып сынга алышты.
Комитеттин жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мыйзамга карата каршы пикирин жарыялады. Шаар башчысы жер тилкелерин чарба жүргүзүү жана ыкчам башкаруу укугуна ээлик кылган мамлекеттик жана коммуналдык ишканалар менен жер аянттарын акысыз түрдө мөөнөтсүз пайдаланууга алган коомдук уюмдар (коомдук бирикмелер, фонддор, диний уюмдар) жоюлган учурда жер тилкелерин мамлекеттик мүлктү башкаруу мекемесине эмес, муниципалдык менчикке кайтаруу туура болорун билдирди:
“Эгер биз бул тажрыйба менен кете турган болсок, келечекте муниципалдык мүлк жок болуп калат. Ошондуктан мамлекеттик мүлккө өткөрбөстөн, ушул норманы макулдашуу комиссиясынын алкагында дагы бир иштеп чыгып, балким муниципалдык менчикте болгон жерлер ошол муниципалдык менчикте эле калсын деп кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү-толуктоолорду киргизсек. Себеби биз жакында эле бир нече ишкананы реорганизациядан өткөрүп, бири-бири менен кошуп жатабыз. Ушундай иштердин алкагында биз кыска мөөнөттө эле муниципалдык менчиктен айрылып калышыбыз ыктымал болуп турат. Анткени бизден питомниктер, полигондор баары мамлекеттик мүлккө өтүп кетиш жагдайы түзүлүп калган”.
Мэрдин маалыматына ылайык, Бишкектеги түндүк айланма жолун курууда жалпысынан 464 объект бузулган. Арасында мыйзамсыз курулгандары аныкталган, алардын 69у капиталдык курулуш болгон. Ал эми Киргизия конушунда Чыңгыз Айтматов көчөсүнүн боюндагы дубалдары сүрдүрүлүп жаткан үйлөрдүн 32си муниципалдык менчик тилкеге чыгып кеткен.
Башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов мыйзамдагы коррупциялык тобокелдик жараткан учурларды белгилеп, аларды жоюу зарылдыгын билдирди:
“Аталган мыйзамдын 5-беренесинин 3-бөлүгүнүн жоболорун ишке ашыруу төмөнкүдөй терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп болжолдойбуз. Акниетсиз адамдар жанаша жаткан аймакты уруксатсыз басып алса, ижара акысы түрүндөгү акча каражаты жергиликтүү бюджетке түшпөсө, аталган беренени ишке ашыруу тартибинин кемчиликтеринен улам ыйгарым укуктуу органдар жер участогун бекитип берүү жөнүндө маселени караганда коррупциялык тобокелдиктер бар. Жерди пайдалануучулардын ортосунда чектеш чек араларды тактоо көп сандаган талаштарга алып келет жана мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түйшүктү көбөйтөт”.
“Снос” урааны жана бийликке үнү жетпеген менчик ээлери
Учурда Кыргызстандын Бишкек, Ош шаарларынан тарта дээрлик бардык айылдарына чейин “кызыл сызыкка” чыгып кетти делген курулуштарды жапырт бузуу кампаниясы кызуу жүрүп жатат. Тийиштүү мекемелер дубалдарга белги коюп, "Снос" деп кызыл боёк менен жазып кетүүдө.
Көбүнчө жол жээгине жакын курулган там-таштар алынып, артка сүрдүрүлүүдө. Алардын көпчүлүгүнүн мамлекеттен алган укук берүүчү документтери бар болгондуктан жеке менчик укугу коомдогу активдүү талкуунун темасы болуп турат.
Бул маселе 2-апрелде Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутаттар Министрлер кабинетин жана жергиликтүү бийликти мыйзамсыз деп эсептеген курулуштарды бузууда этият болууга чакырышкан. Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өкмөт айрым учурда аша чаап кетип жатканын билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурбаев менчикти мамлекетке мыйзамсыз алып коюунун бир көрүнүшүн Араван районундагы мурунку керек-жарак коомунун 40-50 жыл мурда курулган имаратын бөлүп алган үлүшчүлөрдүн мисалында айтып берди:
“Азыр “снос”, “жерди кайтаруу” деп эле илгерки мүлктүн баарын мыйзамсыз кайтарып атат. Конституция кайда калды анда? Жеке менчикти коргоо кайда калып атат? Мунапыс кылып берели десек алар басып алган эмес. Же бирөөнүн жерин тартып алган эмес. Бул өздөрү Союз убагында курулган имараттан бөлүк-бөлүк кылып үлүшкө бөлүп алган. Мен бир эле мисал айтып атам. Андай мисалдар толтура болуп атат. Кээ бирөөлөрдүн 30-40 жылдан бери иштетип аткан дүкөндөрүнүн баарын снос кылып бузуп салды. Булар кайда барат эми? Бир жаран айтып атат “мен 4,5 млн сомго сатып алганыма 6 ай болду эле, Орусияда иштеп келип сатып алып эми баштадым эле” дейт. Аны буздук дагы мамлекет бир сом берген жок. Элдин укугун ким коргойт анда? Биз да түшүнбөй калдык. Мына, мен бир эле Араван жөнүндө айтып атам, башка облус-шаарларда деле ушундай маселе болуп атат. Ал жерде укук коргоо органдарында дагы түшүнүп-түшүнбөй, жерди билип-билбей эле ким канча мамлекетке кайтаруу боюнча бири-бирине атаандаштык башталды. Андай туура эмес да. Булар уурдап же басып алган эмес да. Булар канча мээнет кылган болсо, ошонун артынан алган адамдар. Анан, азыр келдик дагы экинчи-үчүнчү-төртүнчү кишиден сатып алганды дагы “жок, сен мыйзамсыз алыпсың, мамлекетке кайтарабыз” деп, аны... Булар канчасы ооруп атат, давление болуп атат, бизге кайрылып атат да".
Нурбаев жарандар менчигин мамлекетке тарттырып жиберип, үнү жетер жер калбай, карайлап турганын айтты. “Аларды ким коргойт?” деген түз суроону койду ал башкы прокурордун орун басарынын алдына.
“Мыйзамды мына биз көзөмөлдөйбүз, сиздер көзөмөлдөйсүздөр. Муну аткарыш үчүн биз аракет кылбасак эл түшүнбөй калды. “Ким бизди коргойт?” деп атат. “Биз кайда барабыз, кимге айтабыз?” дейт. “Үнүбүз же президентке жетпесе, же жогору жакка жетпесе, биздин үнүбүздү ким жеткирет?” деп туруп мага кечинде да, түндө да кайрылат. Элүү алтынчы жарлыкта айтып турат “үйлөр бузулбайт” деп, ал жерде үй жөнүндө маселе жок. Кайсы орган болсо дагы элүү алтынчы жарлыкты бетке кармады дагы 50-60 жыл мурда курулган үйлөрдү дагы “кызыл сызыкка” келипсиң деп атат. Ошону ким берди? Мамлекеттик кызматкерлер – архитектура, мамкаттоо, ошол эле муниципалитеттен айыл өкмөтпү, администрациябы берген да. Же болбосо илгерки Союз убагындагы исполкомдун чечимдери бар ал жерде, исполкомдун чечими менен берилип атат. “Биз кайда барабыз?” деп элге таң калыштуу болуп жатат. Анан, элибиз аябай жакырланып кетти. Алардын көбүнүн насыялары, карыздары бар экен. “Болду, сен эмне кылсаң ошол кыл” деп, биз аларды талаага таштап койдук. Жеке ишкерлерди коргоо боюнча президентибиздин жарлыгы бар. Жеке ишкерлер кайда барат анда? Кимге айтат? Мисалы, СНБдан келди десе элдин баары чочуп-коркуп калыптыр. “Жок, бузуш керек экен” десе, “макул” деп туруп унчукпайт. Анын мыйзамдуулугун караш керек да. Жер кодексинде да турат, эгерде ошол бузулуп аткан болсо, аны мамлекет төлөп берсин. Эгерде жол түшүп аткан болсо, эсептеп туруп чоң жолдун баасына түшсүн “ошол мынча чарчы үй мамлекеттин кызыкчылыгына алынды” деп. Алар каршы эмес. Республика боюнча мунун мыйзамдуулугун бир карап койбосоңуздар эртең элибиздин нааразылыгы абдан күчөп атат. Эл биздики да. Анан булар бардыгы эле кимге барып айтарын билбей, эмне кыларын билбей, сот адилеттүүлүгү чечет экен деп атат. А сотко барса “бизге мамлекет жактан неме келди” деп туруп, алар деле мамлекетке өтсүн деп атат. Өтсүн. Бала бакчалар болсо, соцобъекттер болсо – мыйзамсыз менчиктештирүү болуп атса, алар өтсүн. Ага эл деле каршы эмес. Бирок, ар бирин кылдат караса. Азыр мыйзамдуу нерселер дагы бузулуп, мамлекетке өткөрүлүп же башка болуп аткан тартипсиздик көбөйүп кетти”.
“Жеке менчик корголушу керек”
Министрлер кабинети 2022-жылы иштеп чыккан Жер кодексинин жаңы редакциясы бир жылдай коомдук талкууда жүрүп, 2023-жылы парламентке киргизилген. 2024-жылы жай айларында анын долбоорун Жогорку Кеңештин комитеттери карап, быйыл 13-февралдагы отурумунда кабыл алган.
Буга байланыштуу өлкөдө бир катар нааразылык акциялары өткөн. Айрым адамдар Жогорку Кеңештин алдына чогулуп, президентке кайрылган, парламент кабыл алган мыйзамга кол койбоону суранышкан.
Алар “бул мыйзамга президент кол койсо жер тилкелерин менчик ээлеринин макулдугусуз мажбурлап тартып алууга жол ачыларын” айтып, менчикке болгон кол тийбестик сакталышы керектигин билдиришкен.
Юрист Татуубүбү Эргешбаева социалдык тармактагы жазган постунда мындай бузууларды изилдеп, мурда берилген уруксат документтерине, аларды берген жооптуу органдардын иш-аракеттерине жана жарандардын менчик укуктарынын сакталышына укуктук баа берген парламенттик-өкмөттүк комиссия түзүүнү сунуштайт. Комиссия мындай жагдайларды ачык-айкын жана адилеттүү чечүү механизмдерин иштеп чыгышы керек болот.
“Көпчүлүк жарандар мамлекеттик органдарга каршы сотко кайрылып башташты. Бул менчик укугунун бузулушуна байланыштуу соттук тажрыйбанын калыптанышына шарт түзөт. Мындай иштер улуттук жана эл аралык деңгээлдеги маанилүү прецедент болуп калышы мүмкүн. Кыргызстанда жеке менчик мыйзам менен корголгон. Эч ким олуттуу себептерсиз жана компенсациясыз өзүнүн менчигинен ажырабашы керек. Эгерде объект коомдук керектөө үчүн алынып жатса, жаранга жоготкон мүлкүнүн толук наркын төлөп бериши милдет. Кыргызстандын адам укуктары жаатында, анын ичинде турак жайды коргоо жана адилеттүү териштирүү укугу боюнча эл аралык милдеттемелери бар”, - дейт Таттуубүбү Эргешбаева.
Президент Садыр Жапаров 20-февралда “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде менчик жерлерди алып коюуга каршы экенин жана жеке менчик мүлк кол тийгис экенин айткан. Ал жеке менчик жерлерди жергиликтүү бийлик текшерип турушу керектигин билдирип, жер ээлерин бир метр жерди да бош калтырбай иштетүүгө чакырган.
Кыргызстанда Жер кодекси 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери ага 61 ирет өзгөртүү киргизилген. Бийлик өкүлдөрү буга карабай документ эскирип, бүгүнкү шарттарга жооп бере албай калганын белгилеп, аны толук жаңы редакцияда кабыл алууну сунушташкан.