Кыргызстанда өткөн кылымдын 1930-жылдары совет бийлигине каршы Нарындын Ат-Башы аймагында козголоң чыккан.
Калмурат Рыскулов токсонунчу жылдары таланты ташкындаган жаш обончу эле. Быйыл ал 50 жашка чыкмак. Өзгөчө жана кыска өмүр сүргөн обончуну теңтушу, жазуучу жана публицист Данияр Исанов эскерет. Маекти Бурулкан Сарыгулова уюштурду.
17-ноябрь - Кыргыз киносунун күнү. "Азаттыктын" кабарчысы улуттук майрамга айланган бул күнү "Кыргызфильм" киностудиясынын музейине баш бакты.
Казакстан тарыхы жаатында фолк-хисторичил бурмалоолордун жаңы далалаты тууралуу сын-пикир камтылган блог.
Бул ирет Америка адабиятынын корифейлеринин бири Жек Лондондун "Жомоктун аягы" аңгемесине токтолобуз. Жазуучу "алтын азгырыгына" кызыккан тобокелчилердин турмушун көп чыгармаларында баяндаган. Сөз болчу аңгемеде катаал жердеги жөнөкөй адамдын айкөлдүгүнө, улукмандыгына мактоо айтылат.
Бишкекте белгилүү кинорежиссёр Динара Асанованын өмүр жолу жана чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмө өтүүдө. 43 жашка чейин гана өмүр сүргөн таланттуу кино ишмери саналуу көркөм жана даректүү тасмалары менен советтик киного бурулуш жасап, кино тармагына чоң мурас калтырган.
Археологдун жаңы табылгасы тууралуу блог.
Өзгөндүн Куршаб айылында 1920-1930-жылдардагы репрессия курмандыктары жапырт көмүлгөн жайга эстелик орнотулуп, "Кекилик-Учар бейити" деп аталган мемориалдык жай ачылды. Кекилик-Учарда катылган сырды жергиликтүү элдеги маалыматтарга таянып, журналисттер, тарыхчылар ачыкка чыгарган.
Кесипкөй адабиятты түптөөгө зор салымы бар Мукай Элебаев Экинчи дүйнөлүк согушта мындан туура 80 жыл мурда курман болгон. Жазуучунун көркөм сабактарына кайрылуунун оңтою келип туру.
68 жашында өмүрдөн өткөн белгилүү жазуучу, публицист жана журналист Дүйшөн Керимовдун сөөгү Чүйдүн Таш-Дөбө айылына коюлду. Керимов жазуучу катары “Наал эже” тарыхый повестинин, улуттук оюндар тууралуу “Айкөл Манас оюндары”, ондогон аңгеме, эсселер камтылган “Эрөөл талаа” китептеринин автору эле.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында эгемендик жылдардан кийин өзүнүн тарыхына, тилине, маданиятына жаңыча мамиле кылып, өтмүшүн кайра карап чыгууга далалат кылып жаткан Борбор Азия өлкөлөрү тууралуу талкуулайбыз.
Дагы жүктөңүз