Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясынын короосунда чакан музейи бар. Музей 2001-жылы "Кыргызфильм" киностудиясынын 60 жылдыгына карата ачылган. Мында совет доорундагы жана Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки жылдардагы тартылган тасмаларда колдонулган техника, декорация жана кийимдер сакталып турат.
Кино күнү. "Кыргызфильмдин" музейинен сүртүмдөр

1
Актриса Бакен Кыдыкеева Толгонайдын ролуна тандалып аткан учуру.
Совет доорунда кинодогу ролдорго тандоодо талап күчтүү болгон. Алгач актёр, актирасалардын ушундай cүрөт карталары түзүлүп, андан кийин тандоо жүргөн.
Совет доорунда кинодогу ролдорго тандоодо талап күчтүү болгон. Алгач актёр, актирасалардын ушундай cүрөт карталары түзүлүп, андан кийин тандоо жүргөн.

2
"Кыргызфильм" киностудиясынын музейинин ички көрүнүшү

3
Режиссер Болот Шамшиевдин эки сериялуу "Бөрү зындан" криминалдык-драмасында колдонулган музыкалык аппарат.

4
"Сүйүү закымдары" тасмасынан алынган сүрөт. Манинин ролун Бактыбек Бердиев аткарган.

5
Кыргыз кино музейи чакан бөлмөдө жайгашкан.

6
Үн монтаждаган аппарат.

7
Быйыл "Биринчи мугалим" тасмасы тартылганына 57 жыл толду. Бул аскер кийими ошол тасмада колдонулган.

8
Документалдык жана көркөм тасмаларды тартууда колдонулган техника.

9
Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” тасмасында колдонулган кайык да азыр музейде турат.

10
Музейде "Караш-караш" фильминде колдонулган мылтык да сакталып турат. Бул тасманын режиссеру - Болот Шамшиев. "Кыргызфильм" жана "Казакфильм" биргеликте тарткан тасмада баш каармандын ролун Сүймөнкул Чокморов ойногон.

11
Тасмаларды монтаждоо иши жүргөн үстөл.

12
Совет доорунда кинолор пленкага тартылган болсо, техниканын өнүгүшү менен санарипке өткөн. Кыргызстанда акыркы жолу 2009-жылы Актан Арым Кубат "Свет аке" тасмасын пленкага тарткан.

13
Актриса Асел Эшимбекова.

14
Кино тартуу үчүн колдонулган үч көздүү камера.

15
Кыргыз киносунун музейине коюлган техника. Бул аппарат үн жазууда колдонулган

16
1991-жылы тартылган "Чыңгызхан" тасмасына колдонулган декорация.

17
"Кыргызфильм" киностудиясынын кино тартыла турган декоративдик жайы. Мында ар бир тасма үчүн өзүнчө декорация жасалат.

18
1941-жылы 17-ноябрда Фрунзеде (азыркы Бишкек) “Кыргызфильм” киностудиясынын пайдубалын түптөгөн хроникалык-даректүү тасмалар студиясы ачылып, биринчи жолу “Советская Киргизия” деген кинохроника тартылган. 1960-1970-жылдары тартылган тасмалар “Кыргыз керемети” деген ат менен белгилүү. Учурда бул жерде көркөм, документалдык тасмалар, сериалдар тартылат.
Шерине