"Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.
Түркиянын чыгышында жайгашкан Ыгдыр аймагында кулчулуктан качып чыккан үч кыргызстандык кыз учурда жергиликтүү элдин үйлөрүндө баш калкалап жүрөт. Алар "ресторанда официант болуп иштейсиңер" деген куру сөзгө ишенип келип сойкулукка сатылып кетишкен.
Түркиянын Эжеабат районундагы Кожадере айылында жашаган Яшин үй-бүлөсү өмүр бою айыл чарбасы менен алектенет. Дыйкан үй-бүлө акыркы жылдары өндүргөн түшүмүн арзан сатууга аргасыз. Алар өлкөдөгү айыл чарба тармагы киреше булагына айланбай жатканына кейийт.
Жылына мамлекеттик квота менен кыргызстандык 100 бейтап Түркияга келип акысыз дарыланып кетет. 2014-жылы эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык элүү бейтапты Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги, калган элүү бейтапты Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги тандап жиберет. Бирок Кыргызстандан Түркияга кохлеардык имплант койдурганы келген бейтаптар операцияга кезек жетпей жатканын билдиришти.
Түркиянын миграция департаментинде 20 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алардын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт. Айрымдары ден соолугун тобокелге салып бала багуучу болуп же кары жана оорукчал кишилерди карап эмгектенишет. Аптасына бир жолу гана эс алууга чыккандыктан оорулары болсо дагы көрүнө албай кыйналышат.
Түркиянын үч тарабы деңиз менен курчалган. Балыкчылар деңизден жылына орточо 350 миң тоннадан ашык балык кармайт. Өлкөдө чоң кемелер менен балык уулоого белгилүү бир сезондо гана уруксат берилет. Ал эми кичинекей кайыктар менен балык уулаган балыкчылар жыл бою деңизден тамак-ашын издешет.
Курман айтка карата Стамбул шаарынын тургундары тарыхый базарларда соода кылганды адатка айландырган.
Түркияга 2018-жылдын алты айында 19 миллионго жакын чет өлкөлүк турист келип, бул тармак 11 миллиард доллар киреше тапкан. Бул өткөн жылга салыштырмалуу отуз пайызга көп дегенди билдирет.
Түркиялык ишкер Огулжан Айдомуш өлкөдө жашаган этникалык кыргыздардын мектебине материалдык колдоо көрсөтүүнү чечкен.
Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылында 2 миңден ашык кыргыз жашайт.
Түркияда эмгектенип жаткан кыргызстандык мигранттардын көпчүлүгү кыз-келиндер. Алардын ичинен тейлөө тармактарында иштегендерге караганда үйдө жаш баланы же кары кишини баккан аялдар басымдуулук кылат. Алардын арасында ооруганына карабай ден соолугун тобокелге салып иштеп жүргөндөр да аз эмес.
Быйыл июнь айында бул өлкөдө 705 миңден ашык чет өлкөлүк жаран катталган.
Түркиянын Анталия аймагында туристтик сезон жети айга созулат. Бул аймактагы жүздөгөн мейманканаларда миңдеген чет өлкөлүк мигранттар эмгектенет. Алардын арасында кыргызстандыктардын саны жүздөп саналат. Тейлөө кызматында көп жылдан бери иштеп, тажрыйбалуу кызматкерге айланган кыргыз кыздары менен м
Учурда Түркиянын жогорку окуу жайларында эки миңден ашуун кыргызстандык студент билим алат.
Былтыр 680 кыргызстандык аял Түркияда расмий никеге турган. Бирок бейрасмий маалыматтарга караганда жылына жүздөгөн кыргыз кыздар түрк жарандары менен турмуш жолуна аттанат.
Жыргалбек менен Налян Анталияда таанышып, баш кошушкан. Бирге түтүн булаткан 18 жылдын ичинде үч уулдуу болушуп, ата-эне түйшүгүн да жакшы билип калышты.
Түркияда доллардын курсу акыркы айда он пайызга кымбаттады. Жергиликтүү серепчилер муну өлкөдөгү экономикалык туруксуздук жана шайлоолор менен түшүндүрүп жатышат.
Кесиби боюнча мугалим Жамиля Кубатбек кызы бир айдан бери Анталия шаарынын Акдениз университетинин ооруканасында дарыланып келет.
Кийинки жылдары Түркия кыргызстандык эмгек мигранттары көп каттаган өлкөлөрдүн катарына кирди. Бул өлкөгө иштегени агылган кыргызстандык кыз-келиндер кандай даярдык менен барат жана аларды кандай кооптуу жагдайлар күтөт?
Мээрим Керимбаева Стамбулдагы кийим дүкөндө сатуучу болуп иштейт. Жолдошу Нурсултан Нурмухаммедов жаш ишкер. Экөө Түркияда табышып, ошол жактан баш кошкон. Жубайлар жумуштан чыккандан кийин бокс менен машыгат.
Стамбул шаарында быйыл үчүнчү жолу уюштурулуп жаткан этноспорт маданият фестивалында көк бөрү, тогуз коргоол, күрөш, жаа атуу сыяктуу көчмөндөрдүн улуттук оюндары боюнча таймаштар өтөт.
Дагы жүктөңүз