Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Түркия: доллардын курсу мигрантты кыйнады


Стамбул шаары.
Стамбул шаары.

Түркияда доллардын курсу акыркы айда он пайызга кымбаттады. Жергиликтүү серепчилер муну өлкөдөгү экономикалык туруксуздук жана шайлоолор менен түшүндүрүп жатышат.

Доллардын курсунун өзгөрүшү бул өлкөгө барган кыргыз мигранттарына түздөн-түз таасирин тийгизет. Анткени түрк лирасы менен маянасын алып Кыргызстанга доллар менен жиберген эмгек мигранттары кыйла зыянга учурап калышат.

Кыргызстандык Жылдыз Бейшебаева Түркиянын Анталия шаарында кары адамды багат. Түркияга эки жыл мурда келген Жылдыз 1800 лира айлык алат. Ай сайын Жылдыз маянасын долларга алмаштырып, Кыргызстандагы балдарына, неберелерине толук салат. Бул айда доллар кымбаттаганынан улам колдо болгон акчасын 400 долларга гана алмаштыра алган. Түрк лирасы менен айлык алган мигранттарды доллардын кымбатташы кадимкидей кыжаалат кылды.

- Алган маянабыз азыр чындыгында аябай аз. Көпчүлүк кыргыздар 1600-1700 лирага иштешет. Негизинен Анталияда иштегендердин айлыгы аз дешет. 1700 лира алсак деле азыр долларга которгондо 400 долларга жетпеген акча чыгып жатат. Анын бир тыйынын коротпой Кыргызстандагы үй-бүлөбүзгө которобуз.

Жылдыз Бейшебаева жумушун ортомчу фирмалар аркылуу таап келген. Ошондон бери эмгек визасы жок, мыйзамсыз иштеп жүрөт. Ал Түркиядагы эмгек акынын көлөмү Кыргызстандагы жарнамаларда убада берилген айлыктан бир топ эле айырмаланып калаарын айтты.

- Кыргызстанда "Түркияга жумушка алабыз" деген жарнамалар толтура. Ал жарнама бергендер жоопкерчиликти билишпейт. Терең изилдеп, кепилдик бере алышпайт. Доллар менен айлык бергендерди көрө элекмин. Мен маянамды түрк лирасы менен алам, айлыктан тышкары бир да лира ашыкча беришпeйт.

Түркиянын Эмгек жана коомдук коопсуздук министрлиги 2018-жылы минималдуу эмгек акыны 1603 лира өлчөмүндө бекиткен. Бул орточо эсеп менен 350 долларды түзөт. Бул чечим Түркияда эмгек визасы менен иштеген чет өлкөлүктөргө да тиешелүү.

Беш жылдан бери Стамбул шаарындагы "Дефакто" фирмасынын финансы бөлүмүндө иштеп келаткан Жайнагүл Турдубекованын айтымында, доллардын курсу көтөрүлгөнү ар бир мигрантка терс таасирин тийгизип, түйшүккө салды.

- Мен 2013-жылы жумушка жаңы орношкондо бир доллар 1,5 түрк лирасы болчу. Азыр болсо бир доллар 4,5 түрк лирасын түзөт. Инфляция болсо бул жылы он пайыз деп белгиленди. Ошого жараша айлык 5, 10, 15 пайыз көтөрүлүшү керек. Айлык акы көтөрүлгөнү менен доллардын курсунун көтөрүлүшү бизге окшогон кыргыз мигранттарына терс таасирин тийгизип жатат деп ойлойм. Убакыт өткөн сайын лира менен айлык алгандарга кыйын эле болуп калат.

Стамбул шаарындагы Күлтүр университетинин экономика боюнча профессору Синан Алчын Түркиядагы экономикалык жагдайдын туруксуздугун бир канча себептер менен түшүндүрдү.

Синан Алчын.
Синан Алчын.

- Өлкөдө доллардын кымбатташынын бир канча себептери бар. Боло турган президенттик шайлоого даярдык менен катар, өлкөнүн өндүрүшүнүн 75 пайызы жана Түркиянын энергетикалык сектору толугу менен экспортко көз каранды болгону, ошондой эле 2017-жылы өткөн референдумдагы ашкере чыгаша азыркы доллардын кымбатташынын эң маанилүү себептери деп ойлойм. Акыркы бир жылда Түркияда доллар 25 пайызга кымбаттады. Ал бир айдын ичинде эле 10 пайызга, акыркы бир жумада 3,5 пайызга кымбаттады. Доллар кымбаттап отуруп, жыл соңунда бир доллар алты лира болот дей албайбыз. Июнь айында Түркияда боло турган президенттик шайлоо өлкөдөгү экономикалык түзүмдү көзөмөлдөйт деп ойлойм. Доллардын курсу дароо көтөрүлбөшү мүмкүн, бирок арзандабайт дагы. Албетте, бул көрүнүш чет өлкөлүк мигранттар мекенине жөнөткөн акчанын суммасына да таасир тийгизет. Анткени түрк лирасы менен маяна алып, аны долларга которгондо кыйла чыгаша болушу мүмкүн.

Түркиянын Миграция департаменти 2017-жылы 700 миңге жакын чет өлкөлүк жаранды каттаган. Алардын 20 миңдейи кыргызстандыктар. Алардын ичинен эки миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштесе, дээрлик көпчүлүгү бир жылдык туристтик виза менен Анкара, Стамбул, Анталия сыяктуу шаарларда иштешет.

2017-жылы чет жакта жүргөн кыргызстандыктар мекенине 2 миллиард 482,2 миллион доллар которгон. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды. Кыргызстанга келген бул сумманын 90% Орусияда жүргөн мигранттар жөнөткөн. Бирок Түркиядагы мигранттардан мыйзамдуу түрдө канча сумма келгени белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG