Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Түркия: кечиккен имплант, каржалган бейтап


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жылына мамлекеттик квота менен кыргызстандык 100 бейтап Түркияга келип акысыз дарыланып кетет. 2014-жылы эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык элүү бейтапты Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги, калган элүү бейтапты Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги тандап жиберет. Бирок Кыргызстандан Түркияга кохлеардык имплант койдурганы келген бейтаптар операцияга кезек жетпей жатканын билдиришти.

Кара-Кулжа районунун тургуну Тентимиш Токторов Анкарадагы Ататүрк мамлекеттик ооруканасына эки жарым жаштагы небересин операцияга алып келген. Мамлекеттик квота менен келген баланын кулагына кохлеардык имплант коюлмак. Бирок Тентимиш аксакал эки айдан бери операцияга кезек жетпей жатканына капа:

- Бизге коюлчу имплант келбей, операция жасала элек. Келгенибизге эки ай болду. Биз жаткан Ататүрк ооруканасынын дарыгерлери "Түркия менен АКШсын алакасы бузулгандыктан, ал жактан келе турган импланттар кымбат болуп жатат" деп түшүндүрүштү. Эми кайрадан эки өлкө ортосунда сүйлөшүүлөр болот деп ынандырышты. Бирок бир айдан бери эч кандай чечим боло элек.

Учурда Тентимиш Токторов небереси жана келини менен Анкара шаарында мекендештердин батирлеринде жашап келишет. Бирок кыргыз бейтаптардын Түркиядагы визасыз мөөнөтү аяктап баратканы аларды өзгөчө түйшүккө салып жатат.

- Азыр батирден батирге көчүп жүрүп каражатыбыз деле калган жок. Бир айдан кийин визасыз мөөнөтүбүз бүтөт. Аны дарыгерлерге айтсак, "чечилет, күткүлө" деп коюшту.

Кохлеардык имплант - бул операция жолу менен тубаса кулагы укпаган балдардын кулагынын ичине протез жана баш сөөгүнө датчик коюлат. Мындай ыкма дүйнө жүзүндө көп колдонулуп, тажрыйбалуу түрк дарыгерлери да бул тармакта жүздөгөн операцияларды жасап келишет. Бирок операцияда кулакка тагылган аппараттар Түркияга Европа жана АКШдан келгендиктен өлкөдөгү доллардын кымбатташы догдурларды түйшүккө салды.

Кохлеардык импланттарды мамлекеттик ооруканаларга чет өлкөдөн алып келген "МЕДерс" фирмасынын өкүлү Илкнур Эртүрк буларды айтты:

- Албетте өлкөдө доллардын кымбатташы менен чет өлкөдөн келген аппараттар, дары-дармектер да кымбаттады. Кулакка тагылган импланттардын баасын айта албайбыз. Анткени күн сайын доллардын курсу өзгөрүп, баасы өзгөрүп жатат. Учурда бир дагы мамлекеттик ооруканага имплант ала албай жатабыз.

​Мамлекеттик квота менен Стамбул шаарына төрт жаштагы баласын алып келген кыргызстандык Тамара Цойго дагы түрк догдурлар кулак имплантынын кымбат болуп жатканын, бирок күтүп туруусун өтүнүшкөн. Баласы менен чоң шаарда кезек күтүп жашоо кыйла кымбат болоорун сезген Тамара Кыргызстанга кайткан.

- Биз Кыргызстандан баламдын анализдерин алдын ала тапшырып, Стамбулдагы ооруканага жөнөткөнбүз. Ошол анализдерге жараша баламдын бир кулагына кохлеардык имплант коюлмак. Бирок биз операцияга келсек түрк догдурлар кайрадан текшерип көрүп, такыр башка протез коюларын айтышты. Абдан өкүнүчтүүсү - алар айткан имплант учурда тартыш болуп, бизге кезек жетпей калды. Догдурлар өтө сылык мамиле жасап, күтүп туруумду өтүнүштү. Бирок балам менен материалдык жактан кыйналып каламбы деп Бишкекке келе бердик. Эми октябрда Стамбулдагы ооруканадан кабар күтүп жатабыз.

2014-жылы эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык 50 бейтапты Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги, дагы 50 бейтапты Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги тандап жиберет.

Учурда Түркиянын шаарларында кулак имплантын күтүп жаткандардын кырдаалын Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин эл аралык байланыш боюнча бөлүм башчысы Осмонали Мамасалиев менен байланышып сураганыбызда, ал эки тараптуу сүйлөшүүлөр болуп жатканын билдирди. Ошондой эле Түркиядагы бейтаптардын турак жай жана котормочулук көйгөйлөрүнө Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги да көмөктөшүп жатканын кошумчалады.

Түркияда акыркы алты жылдан бери мамлекеттик ооруканаларда төрт жашка чейинки 130 балага кохлеардык имплант тагылган. Түрк жарандарына импланттын төлөмдөрүн толугу менен мамлекет каржылайт. Түркиядагы менчик ооруканаларда ушул эле операцияга сегиз миң доллардан он миң долларга чейин каражат талап кылынат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG