"Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.
Түркиянын Анталия шаарында зомбулукка кабылып, 2016-жылдан бери сот иштерине жана саламаттыгына байланыштуу Түркияда жашап жүргөн Малика Ноотиева 7-майда Кыргызстанга учуп кетти. Маликанын саламаттыгы толук калыбына келе элек. Ал эми сот иштери аяктоо алдында турганын кыргызстандык жабырлануучунун адвокаты билдирди.
Түркияда социалдык тармактардын 51 миллион жигердүү колдонуучусу бар. Түркия дүйнөдө "Фейсбук" колдонуучулардын саны боюнча алдыңкы саптагы он өлкөнүн ичине кирет. Бул өлкөдө иштеп жүргөн кыргыз мигранттарынын социалдашуусу дал ушул "Фейсбук" сыяктуу социалдык тармактар аркылуу болуп жатканы байкалат.
Апрель айында Бишкекте "Медэкспо", "Фудэкспо", "Билдэкспо" сыяктуу бир нече жармаңке болду.
26 жаштагы Жамиля Түркияда иштеп жүргөндө ооруган. Догдурлар аны гемодиализге жаткырышкан.
Чейрек кылымдан бери Түркияда жашаган мекендешибиз Ирина Байсабаева Кыргызстандан барган балдарды өз үйүндө кабыл алды. Фестивалга катышуу үчүн барган 14 бала анын үйүнүн алдында бийлеп, машыгып жатат.
Стамбул шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралардын расмий ачылышы өттү.
Кыргызстан менен Түркиянын социалдык камсыздандыруу жөнүндө келишими ишке ашабы?
Айдай Добулбекова бир жарым жылдан бери Стамбул шаарында окуп жатат. Ал кыргызстандык достору менен бирге Стамбул шаарын көрөм деп келген туристтерди коштоп кыдыртып, кошумча киреше табат.
Стамбул шаарында жыл сайын апрель айында жоогазын фестивалы өтөт.
Түркиянын Стамбул шаарында түрк тамак-аш маданиятын дүйнө элдерине таанытуу максаты менен ачылган бир ресторан бар. Аны телевидениенин алып баруучусу Барыш Жем Кая ачып, жергиликтүү жана чет өлкөлүк кардарларга нукура түрк даамдарын таттыргандан ыракат алат.
Эки жыл мурда Анкарада зордукталып, кыз төрөгөн Мээрим учурда сот адилеттигин күтүп жүрөт.
Түркиянын Стамбул шаарындагы Зейтинбурну райондукакимиаты алдында ачылган коомдук жалгы ашкана иштейт. Ал илгертеден келе жаткан коомдук ашкана маданиятын уланткан жай. Ашканада түркүн тамактар бышырылып муктаж болгон үй-бүлөлөргө бекер таратылат.
Стамбул шаарынын тарыхый аймагы Топкапынын чок ортосунда кыргыз боз үйү турат. Ал атайын Кыргызстандан алынып келинип, этнокомплекстин кире беришине тигилген. Түрк дүйнөсүнүн маданиятын, тарыхын таанытуу максатында курулган бул комплексти толугу менен шаардык мэрия каржылап, көзөмөлдөйт.
Измирдеги мейманканада чыккан өрттөн жабыркаган кыргызстандык мигрант кызга жакындары бара элек.
Медербек Канатбек уулу Түркиянын Анталия шаарында уюштурулган марафондо алдыга озуп келген он күлүктүн бири болду.
8-мартта Түркиянын Стамбул шаарындагы Таксим аянтында кырк миңден ашык кыз-келин жөө жүрүшкө чыкты.
Түркиянын Стамбул шаарындагы кыргызстандык студенттер, мигранттар жана ишкерлер шаардын тарыхый аймагы Таксимде калпак кийип жөө жүрүш жасашты. Чогулгандар тарыхый Истиклал көчөсү менен жөө басып баратып, жергиликтүү тургундарга жана туристтерге кыргыз калпагы тууралуу айтып беришти.
Түркиялык студент Тефик күндө кечинде салттуу ичимдик деп эсептелген бозону көчөмө көчө кыдырып сатат. Апасы бозо жасоонун ыкмасын жашыруун сактайт экен. Бир чыкканда жонуна 40 литрге жакын бозону көтөрүп көчө кыдырган Тефик анын бир литрин орточо 5 доллардан сатаарын айтат.
Түркиядагы мекендешибиз Апал жардамга муктаж. Жолдошу Кыргызстанга кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Түркияга догдурлардан ылаажы издеп барган кыргызстандык бейтаптарга 23 жаштагы Умида Эгембердиева котормочу болуп иштейт. Беш тилде эркин сүйлөгөн жердешибиз кыргызстандыктарга өзгөчө кам көрүп, иштеген жамаатынын мактоосуна татыган.
Дагы жүктөңүз