Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Түркия: ден соолугун ойлобогон мигранттар


Түркиядагы кыргыз аялдар коому.
Түркиядагы кыргыз аялдар коому.

Түркияда эмгектенип жаткан кыргызстандык мигранттардын көпчүлүгү кыз-келиндер. Алардын ичинен тейлөө тармактарында иштегендерге караганда үйдө жаш баланы же кары кишини баккан аялдар басымдуулук кылат. Алардын арасында ооруганына карабай ден соолугун тобокелге салып иштеп жүргөндөр да аз эмес.

25 жаштагы Ританын Түркиянын Анталия шаарында түрк үй-бүлөнүн эгиз балдарын багып иштегенине бир жыл болду.

Рита гинекологиялык саламаттыгын чыңдоо зарыл болгонуна карабай жумуштун айынан Түркияга келген. Туристтик виза менен келгендиктен, жеке менчик ооруканаларда гана дарыланууга укугу бар. Ошондой менчик ооруканалардын бири анын илдети өтүшүп баратканын айткан. Эми дарыланууга киришип жаткан кыргызстандык мигрантты азыр каражат маселеси кыйнай баштады:

- Бөлөк-бөтөн жерде бардык нерсе акчага келип такалат. Улам "көрүнүш керек" деп коёбуз, бирок бул жактын акчасы менен өтө кымбат болуп калат экен. Биз кыргыздар болсо бармагыбыз түшүп калганда гана догдурга барат эмеспизби. Өзгөчө аялдар "акчасы кымбат экен" деп эле ооруп коюп жүрө беришет. Же аптекадан дары ала калып өзүн өзү дарылай башташат. Айла жоктун айынан ушунтип чыдап иштеп жүрөбүз.

Түркиянын Анкара шаарында төрт жылдан бери оорулуу аялды карап иштеген Марипа буга чейин Москвага барып иштеген. Ал да бул өлкөгө келип иштегендер ден соолугуна кам көрүшү зарыл экенин айтты:

- Мен да Москвада тогуз ай иштедим. Өтө оор шаар экен. Колдорум артрит болуп ооруганынан кайра келгем. Суугуна чыдай албай койдум. Ал эми азыр Түркияда иштеп жүрөм. Кудайга шүгүр. Кыздарга да айтам, "силердин жүрөгүңөр тоо, ден соолугуңарга карагыла" деп.

Түркиядагы кыргыз мигранттары.
Түркиядагы кыргыз мигранттары.

Ден соолукту караш үчүн албетте, каражат талап кылынат. Анткени Түркияда мамлекеттик мекемеде бекер же арзан дарылануу, дары-дармектерди алуу үчүн мигранттарда эмгек визасы болушу зарыл. Ал эми кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү туристтик виза менен келип иштешет. Мындай мигранттар үчүн саламаттыгына көз салуу кымбатка турат.

Анталия шаарында менчик бейтапкана иштеткен доцент доктор Айла Үчкуйу Түркиядагы медициналык кызматтын татаал системасын түшүндүрдү:

Анталия шаарында мен көрүп-билген чет өлкөлүк мигрант кыз-келиндер жумасына бир жолу эс алууга чыкса, ал күнү ооруканага баргандан көрө отуруп эс алганды туура көрүшөт.

- Биздин өлкөдө медицина тармагы жакшылап иштеп, жөнгө салына элек. Улам бир реформага туш келип отуруп учурда жеке менчик ооруканалар көбөйдү. Бирок биз мигрант кыз-келиндердин саламаттыгы тууралуу сөз кыла турган болсок, көбүнесе алар мамлекеттик ооруканага баргандан тартынышат. Мунун бир канча себептери бар деп ойлойм. Түрк тилин жакшы билбегендиктен дарыгерге оорусун так айта албашы мүмкүн, мамлекеттик ооруканаларда кезек күтүп көпкө туруп калышы мүмкүн. Анталия шаарында мен көрүп-билген чет өлкөлүк мигрант кыз-келиндер жумасына бир жолу эс алууга чыкса, ал күнү ооруканага баргандан көрө отуруп эс алганды туура көрүшөт. Мен өзүм жеке клиника иштеткендиктен көп чет өлкөлүк бейтаптарым бар. Бирок баары бир кыз-келиндер дарыгерге көрүнгөндү экинчи планга коюп, тобокелге салып коюп иштеп жүрүшкөнү мени өкүндүрөт.

Анткен менен акыркы убакта кыргызстандык эмгек мигранттарынын саламаттыгына көз салууга көмөк көрсөткөн активисттер пайда болду. Алардын бири – Анталиядагы кыргыз аялдар коому. Коомдун жетекчиси Периза Асаналиеванын айтымында, анын мүчөлөрү кыргыз эмгек мигранттарынын саламаттыгы боюнча көптөгөн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. Бирок кыз-келиндердин иш тартиби жөнгө салынбагандыктан убагында дарылана албай калышат:​

Периза Асаналиева.
Периза Асаналиева.

- Түркияга келген айымдардын көпчүлүгү кан басымынын жогорулашы, төмөндөшү, бөйрөгү же табарсыгы ооругандар, нерв оорулары менен жабыркагандар. Аз кандуулук менен келип "эмне кылсам" дегендер көп кездеше баштады. Биздин кыз-келиндердин көпчүлүгү эле үй кызматтарында иштешет. Кичинекей балдарды, оорукчан кемпир-чалдарды багышат. Анан жекшембиде гана эс алууга чыга алышат. Дем алыш күнү ооруканалар жабык болот. Көрүнө албай жүрө беришет. Мындан тышкары медициналык камсыздамасы жок. Камсыздамасы колдорунда болсо да ооруканалардын көбү менен келишимдери жок болуп чыгып жатат.

Коомдун мүчөсү Назира аялдардын саламаттыгын сактоо жаатында ырааттуу тренингдерди өткөрүп турууну болжоп жатат:

- Анталияда жалпысынан, иштеген кыргыз мигранттардын басымдуу бөлүгү - аялдар. Мыйзамсыз оор жумуштарда иштешет. Мисалы, бала багышат, оорулуу кары кишилерди карашат. Алардын абалын көрүп биздин аялдар коому Анталиядагы биздин кыргыз аялдар арзан баада медициналык кызмат алышы үчүн келишим түздүк. Бир канча кыз-келиндер гинеколог менен консультация өтүп дарылана башташты. Чет жерде аял киши өзүн өзү карабаса, саламаттыгы да начарлап, өтүшүп кетиши мүмкүн.

Түркияда мамлекеттик ооруканаларда дарылануу бекер. Бирок ал үчүн өлкөнүн Социалдык фондунда эсебиң болушу керек. Ал эсеп чет өлкөлүк мигранттар үчүн эмгек визасы менен мыйзамдуу иштегенде гана ачылат.

2017-жылы эки миңден ашык кыргызстандык жаран Түркияда эмгек визасын алып иштей баштаган. Ал эми өлкөнүн Миграция департаментинде 19 миңден ашык кыргызстандык катталган. Көпчүлүгү бир жылдык туристтик виза алып эмгектенишет же болбосо мыйзамсыз иштеп жүрүшөт. Туристтик виза алуу учурунда убада кылынган жеке медициналык камсыздандыруудагы жеңилдиктер негизинен кагаз жүзүндө эле калгандай. Бул жагдай мигрант сыркоолоп же кырсыкка кабылганда чоң маселе жаратат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG