Бүгүн Брюсселде Евробиримдик өлкөлөрү менен Түркия лидерлери мигранттар маселеси боюнча чукул саммитке чогулду.
Казакстан Евразия экономикалык биримдигине кирген 2014-жылдан тарта экономикасы төмөндөп, ички дүң өнүмү эки эседей азайды.
Ооганстандын адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиясы өлкөдө кыздардын абийирин же кыз белгисин мажбурлап текшерүүнү адам укуктарын одоно бузуу жана адеп-ахлаксыз иш деп атады.
Казакстандын Астана шаарында курулушта иштеп жүрүп, өндүрүштүк жаракат алган кыргыз мигранты кенемтесин төлөбөй койгон иш берүүчүлөрдү сотто жеңип алды.
Тажикстандын айрым жогорку жайларында жакында “Улут көсөмү” наамын алган президент Эмомали Рахмон тууралуу дарс өтүлө баштады.
Өзбекстанда Ангрен – Пап электрлештирилген темир жолунун курулушу аяктады. Муну менен өлкө кошуна Тажикстанга болгон темир жол көз карандылыгынан толук кутулду.
Орусиядагы демократиялык күчтөрдүн партиясы - “Яблоко” 2018-жылы өтчү президенттик шайлоого өз лидери Григорий Явлинскийди расмий түрдө талапкер деп жарыялады.
26-февралда Вашингтон штатынын Белфейр шаарында 51 жаштагы Дэвид Уэйн Кэмпбелл эки асыранды уулу менен аялын атып салып, акырында өз өмүрүнө кол салган.
Айтылуу төкмө Аалы Туткучев менен таанымал обончу Сыймык Бейшекеев ушул айда Европаны диалог жана достук сапары менен кыдырып, журтташтарыбызга өнөрлөрүн тартуулап кеткен эле. Алар Прагага келген учурда Аалы акын менен капыл-тапыл баарлашып калганга үлгүрдүк.
Тажикстандын Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун мурдагы кызматкери, жакынга чейин Бажы кызматынын маалымат катчысы болуп иштеген капитан Хумайро Мирова төрт баласы менен Сирияга кеткени белгилүү болду.
Австрия мигранттардын агымын тосуу максатында кошуна Балкан өлкөлөрү менен чек ара көзөмөлүн күчөтүүгө макулдашты.
Экономикасы газга байланган Түркмөнстан соңку кезде кыйын-кезеңге кептелип, эл ичинде нааразылык күчөгөнү айтылууда.
Казакстанда бүгүн журналисттер союзунун төрагасы жана Улуттук басма сөз клубунун башчысы Сейитказы Матаев менен "КазТАГ" агенттигинин директору Асет Матаев кармалганы кабарланды.
Өзбекстандын баш калаасы Ташкентте чынар теректердин кыйылышынан улам нааразылык чыкты.
АКШ президенти Сирия маселесинде Москваны дагы бир жолу айыптап, Орусия Сирияда сазга батып баратканын айтып чыкты.
Казакстанда эмки айдын 20сында парламенттик шайлоо өтөт. Бирок жарандык активисттер шайлоо алдында добуш берүүчүлөрдүн арасында да, талапкерлер арасында да жигердүүлүк байкалбай жатканын, көпчүлүк бул шайлоого көңүлкош карап турганын айтып жатышат.
Орусиянын премьер-министри НАТОго мүчө өлкөлөр менен Орусия ортосундагы азыркы абалды жаңы кансыз согуш алдындагыдай деп мүнөздөдү.
Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Украина чыгышындагы уруштан жүздөгөн мектептер кыйроого учураганын билдирди.
Кипрде Орусиянын оппозициялык саясатчысы Алексей Навльныйдын шериги, Коррупция менен күрөшүү фондунун кызматкери Никита Кулаченков абактан бошотулду. Ал саясий качкын макамын алганына карабай, аталган өлкөдө өткөн айда камакка алынган эле.
Тажик парламенти Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы элдик референдумду 22-майга белгиледи. Бул өзгөртүүлөр Эмомали Рахмонго кийинки президенттик шайлоого чектөөсүз катышууга жол ачат.
Дагы жүктөңүз