Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Обама: Орусия Сирияда баткакка батууда


Орус президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Барак Обама
Орус президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Барак Обама

АКШ президенти Сирия маселесинде Москваны дагы бир жолу айыптап, Орусия Сирияда сазга батып баратканын айтып чыкты.

АКШ президенти Барак Обама Орусия Башар Асаддын режимин колдоо менен Сирияда стратегиялык ката кетирүүдө, - деп билдирди шейшембиде Калифорниядагы Чыгыш Азия саммитинен кийин журналисттердин алдында сүйлөп жатып.

Анын сөзүнө караганда, Орусия Сирияда сазга батууда. Барак Обама Сирияда Владимир Путин менен жарышып жатпаганын да белгиледи:

- Союздаш катары толугу менен кыйрап калган, колдоп-кубатташ үчүн миллиарддаган доллар сарптоо зарыл болгон өлкөнү тандап алуу менен Орусия эмнеге жеткиси келип жатканы тууралуу өзүбүзгө суроо берүү алдыда турган реалдуу маселе.

Андан ары мамлекеттин төрттөн үч бөлүгү Башар Асаддын көзөмөлүндө эмес жана бул абал жакын арада өзгөрө койбойт деген Обама Сирияны дайыма оккупацияда кармап туруу Орусия үчүн кымбатка турарын да эскертти:

- Путин Сирияны аскерий күчтөрүбүз менен дайыма оккупацияда кармап турабыз жана аны каржылоого даярбыз деп ойлошу мүмкүн. Андай болсо бул Орусия үчүн алда канча кымбатка турат. Эгер орус экономикасынын абалын карасак, балким азыр Орусиянын өзү үчүн деле жакшы учур эмес.

АКШ президенти Сирияда тынчтык орнотууга жетишүү кыйын болуп жатканы үчүн айыптын чоң үлүшүн дагы бир жолу Кремлге жүктөдү. Анын пикиринде, Орусия аба соккуларын уланта берсе, Сирия оппозициясы да ок атууну токтотпойт. Ошондой эле Орусияны Сирияда согушка эмес тынчтык орнотууга чакырып, бул өлкөдө жаатташкан тараптарды элдештирүү боюнча ушул жумада күчүнө кирчү келишим Москва үчүн сыноо болорун да белгилей кетти. Обама мындан сырткары Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу жараянында ишти баштоого аталган келишим ага мүмкүнчүлүк берерин да кошумчалады.

Президент Обамага удаа эле Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Марк Тонер АКШ Орусиядан өткөн жумада Мюнхенде жетишилген келишимдин шарттарын кармануусун жана аскерий аракеттерди токтотууда кандайдыр бир жылыш күтүп жатканын билдирди.

Сирияны колдоо боюнча эл аралык топко кирген өлкөлөрдүн дипломаттары 12-февралда Мюнхенде макулдашкан келишим Сирияда каршылашкан тараптарды ок атышууну бир апта ичинде токтотууга чакырган. Ага ылайык, дүйнө державалары да ок атышуу токтошуна жетишүү багытта иш жүргүзмөк. Бул келишим 19-февралдан тарта күчүнө кириши керек.

Бул арада Орусиянын ушул апта башындагы Сириянын Алеппо жана Идлиб провинцияларындагы аба соккулары кайрадан дүйнө коомчулугунун назарын бурду.

Улуттар уюмунун өкүлдөрү дүйшөмбүдө Сирия түндүгүндөгү беш медициналык мекеме менен эки мектепке урулган аба соккуларынан элүү чакты жайкын тургун ажал тапканын, арасында балдар да бар экенин ырастады. Кремл аны "негизсиз айыптоолор" деп, ооруканаларды бомбалаганын четке какты.

Орус премьер-министри Дмитрий Медведев 15-февралда Time журналына жарыялаган маегинде Москва Асадды колдогонун ырастап, Орусиянын Сириядагы аскерий аракети расмий Дамасктын күчтөрү өлкөдө өздөрү тынчтык орното алгыдай абалга жетмейин улана берерин айткан.

Ошентип соңку күндөрү Сирияда кыянатчылыктар, НАТО өлкөлөрү менен Орусиянын ортосунда кайым айтышуу күчөшү жогоруда сөз болгон келишимде белгиленген ок атышуулар жакын арада токтошуна күмөнсүнүүлөрдү пайда кылууда.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG