Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:34

Ташкент: чынарбактан чыккан нааразылык


Кыйылып жаткан чынар багы
Кыйылып жаткан чынар багы

Өзбекстандын баш калаасы Ташкентте чынар теректердин кыйылышынан улам нааразылык чыкты. Шаардын Чиланзар районунда алтымыш жылдык чынар бакты кыюуга каршылык билдирген тургундардын кайрылуулары кабыл алынбай жатат.

Өзбек баш калаасындагы Чиланзар районундагы алтынчы конуштун тургундары көп кабат үйлөрдүн ортосундагы чынар багынын кыйылышына соңку эки-үч күндөн бери нааразылык билдирүүдө. Бул жерде кеминде алтымыш жылдык 182 түп чынар теректи кыюу 15-февралда башталган. Бак кыюуга киришкендер шаар бийлигинин уруксаты бар экенин, бул жерге жаңы имараттар куруларын айтууда. Шаар тургундарынын каршылыгынан азырынча майнап чыга элек. Бийлик өкүлдөрүнө кайрылууларынан жооп болбогон соң алар аёосуз кыйылып жаткан чынар теректер тартылган сүрөт менен видеолорду интернеттеги социалдык тармактарга жүктөп киришти. Ал видеолордон тургундар менен бак кыйгандардын чатагын да көрсө болот.

Бак ордуна имараттарды курмакчы болуп жаткан “Приорити стандарт” компаниясынын куруучулары нааразы тургундарга шаар мэриясынын бул аймактагы бир гектар жерге курулуш курууга уруксат берген чечимин көрсөткөн. Бирок анда курулуштун так жери көрсөтүлгөн эмес.

Чынар багы. Ташкент
Чынар багы. Ташкент

Аталган аймактын Лариса аттуу бир жашоочусу “Азаттыктын” өзбек кызматына тургундар шаар бийлигинин бул чечимине аябай бушайман экенин айтат:

- Ушул жерде жашаган элүүдөн ашуун адам катуу нааразылык билдирди. Адамдар жолду тосконуна карабай айдоочу КамАЗды айдап келе берди. Ызы-чуу, тополоң болду. Жумушчулар мындай нааразылыкка карабай курулуш жүрө турган жайдын атарабын ороп алды. Бирок бийиктен кыйылып жаткан чынарларды карап туруп, жүрөгүбүз эзилип кетүүдө. Өткөн кылымдын 60-жылдарында ата-энелерибиз бул жерди бак, чынарзар кылган эле. Бул чынарзар тургундар үчүн кислород берген эс алуу жайы эле. Ысыкта көлөкө, балдар үчүн ойной турган жер эле. Аны кыйып жаткандар эч кимдин пикирин эске албай жатат.

Шаар тургуну андан ары нааразы топтун өкүлдөрү эки күндөн бери бийликтегилерге кайрылып жатканын, бирок андан жыйынтык жоктугун да кошумчалады:

- Нааразылык билдирген 300 чакты кол топтолду. Өкүлдөрүбүз табиятты сактоо комитетине барды, натыйжа болгон жок. Кийин президент администрациясына барышты. Алар “баары мыйзамдуу, нааразы болсоңор сотко бергиле” дептир. Кыскасы, эч ким жардам бербей жатат.

Ташкендик көз карандысыз журналист Сид Янишев болсо бийликтегилер элдин пикири менен эсептешпей жатканына кейийт:

- Жакшы иш болбой жатканын баары эле бирип турат. Бирок эч ким жоопкерчилик алгысы келбейт. Мындай иштер акимчиликтин уруксатысыз болбосун тажрыйбадан жакшы билебиз. Албетте, жер мамлекеттики. Деген менен бийликтегилер элдин пикири менен эсептешпей каалаган ишин жасоодо. Бирок эч ким мен ушундай чечим чыгардым деп үн катпайт.

“Азаттыктын” өзбек кызматы бул маселеде Ташкент шаар бийлигинен комментарий алуу мүмкүн болбогонун кабарлады.

Бакты сактап калуу боюнча кайрылууларына жооп болбогонуна карабай чиланзарлыктар нааразылык билдирүүсүн токтоткон жок. Куруучулар бакты курчап алып, чынар теректерди кесүүнү улантууда. Бул атараптагы көп кабат үйлөрдүн жашоочулары болсо балкон менен терезелерден баш багып, аянычтуу көрүнүштү күзөткөндөн башка айласы жок. Ошентип алардын көз алдында Ташкенттеги дагы бир кооз жана салкын чынарзар жок болууда.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG