Соңку кезде Казакстандан Орусияга биротоло орун которуп кетүүнү каалагандар көбөйө баштаганы байкалууда. Журт которуп жаткандар мунун себебин Орусияда Казакстанга караганда жашоо-шарт жакшыраагы жана эмгек акы көбүрөөгү менен байланыштырууда.
Экономика министри кызматтан кетиши өлкөнү саясий кризиске кептеди. Мындан улам Эл аралык валюта кору Украинага берилчү каражатты токтотуп, өкмөттөгү абал бир жаңсыл болушун күтүп калды.
Өзбекстанда диний экстремисттик топко аралашкан деп айыпталып, 9 жылга камалган Махмуджан Хасанов абакта ажал тапты. Навойидеги абак Өзбекстандагы кыйноолор эң көп колдонулган жаза өтөө мекемелеринин бири катары саналат.
Өзбекстандын Бухара облусунда 47 жаштагы бир жаран 70тен ашкан өзүнүн ата-энесинин үстүнө бензин чачып, от коюп жиберди.
АКШ президенти Балтимордогу мечитте мусулман жамаатынын лидерлери менен жолугушту. Обаманын президент катары алгач ирет мечитке барышы АКШда мусулмандарга каршы риторика күчөгөн учурга туш келди.
Айыл-кыштактардан тарта тарыхый жайлардын аттарына чейин “тажиктештирип” жаткан тажик бийлиги эми түркий тилдердеги жер-суу аттарын алмаштырууга өттү. Алар негизинен кыргыз жана өзбек тилдериндеги аталыштар.
Тажикстанда көзү ачыктык, бүбү-бакшылык кылгандарга тыюу күчөтүлүп, андай иш менен шугулдангандарды жети жылга чейин абакка кесүү боюнча мыйзам долбоору каралууда.
Украин президенти Петро Порошенко Орусия менен согуш коркунучу мурдагыдан да күчөгөнүн айтып чыкты.
Борбор Азия чөлкөмү быйыл экономикалык кризиске кептелери күн мурунтан белгилүү болгону менен аймактагы өлкөлөрдүн башчылары анын залдарын азайтуунун амалын табалбай отурат.
Тажик президенти Эмомали Рахмон шаршембиде кызы Озоданы президенттик аппараттын башчылыгына дайындады.
Айрым маалымат каражаттары Орусиядан өзбекстандык жана тажикстандык эмгек мигранттары жапырт чыгып кетип жатканын, бул өлкөлөрдөн миграция агымы 70 процентке чейин кыскарганын кабарлоодо.
Экономикалык санкциялардан бошогон Иран дүйнөлүк соодага кайра аралашты. Бул өзгөрүүдөн ута тургандар да, утула тургандар да бар. Борбор Азияга байыркы Жибек жолун жандантууга мүмкүндүк түзүлдү.
Кар тозоңунан кеминде 18 адам ажал тапты. 11 штатта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Конгресстин өкүлдөр палатасы 1-февралга чейин добуш берүүнү токтотту.
Орус акчасы күн санап арзандоодо. Акыркы эки күндө орус валютасы долларга карата алты рубльга арзандап, Москвадагы соодада кечээ кечинде бир доллар 86 рубльду чапчыды.
Молдовада парламент кечээ жаңы өкмөттү бекитиши нааразылык менен коштолуп, баш аламандыкта он адам жаракат алды.
Тажикстанда Сирия менен Ирактын бир канча аймагын ээлеп алган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарына кошулуп жаткандардын аягы тыйылбаганы менен алардын саны кыйла азайганы байкалууда.
Казак парламенти – Мажилис депутаттары президенттен жыйынды таратып, кезексиз парламенттик шайлоо жарыялоону суранды.
Өзбекстандын Анжиян шаарында 2005-жылдын 13-майында болгон окуяны түрмөдөн туруп башкарганы айтылган Акрам Юлдашев беш жыл мурда, 47 жашында абакта ажал тапканы эми ачыкка чыгып отурат. Террорчулукка айыпталган Юлдашев 1999-жылы 17 жылга кесилип, жаза мөөнөтүн бир кишилик камерада өтөп жаткан эле.
Исламабадда бүгүн Ооганстандагы тынчтык жараяны боюнча төрт тараптуу сүйлөшүү башталды.
Тажикстанда тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу” партиясынын сыртка чыгып кеткен лидери Мухиддин Кабиринин жакындарын суракка алуу өткөн айда күчөп, анын карыган атасы да милицияга чакырылган. Атүгүл Кабири менен жакын мамиледе болгон деп шектелген журналист өзүнүн кыз экенин далилдөөгө аргасыз болгонун айтып чыкты.
Дагы жүктөңүз