Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Өзбекстан темир жол көз карандылыгынан кутулду


Өзбекстан -- Ангрен - Пап темир жолундагы бир көпүрө.
Өзбекстан -- Ангрен - Пап темир жолундагы бир көпүрө.

Өзбекстанда Ангрен – Пап электрлештирилген темир жолунун курулушу аяктады. Муну менен өлкө кошуна Тажикстанга болгон темир жол көз карандылыгынан толук кутулду.

123 чакырымдай созулган Ангрен – Пап темир жолу Ташкен облусун Фергана өрөнү менен байланыштырат. Темир жол курууда жалпы узундугу эки чакырымдан ашыгыраак көпүрөлөр салынып, эки туннель казылды. Ал туннелдин бири 19 чакырымдан ашык аралыкты камтыйт. Курулушка жалпы жонунан 1,9 миллиард доллар сарпталып, анын бир бөлүгү Дүйнөлүк банк менен Ислам өнүктүрүү банкынын насыясына каржыланды.

Совет заманында Өзбекстандын Фергана өрөөнүндөгү аймактарды өлкө борбору Ташкен менен байланыштырган темир жол Тажикстандын түндүгүндөгү азыркы Согди облусу аркылуу өтүп турган. Советтер союзу ыдырагандан кийин деле бул жолдо катнаш үзүлгөн эмес, бирок Өзбекстан менен Тажикстандын мамилеси начарлап кеткен соң, өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынын этегинен тарта жүргүнчү ташыган поезддер токтогон. Бир кезде бул жол аркылуу Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган Бишкек – Жалал-Абад багытындагы поезд да каттап турган.

Жүргүнчү поезддер токтогону менен, бул жол аркылуу Өзбекстан жүк ташып турган. Тажикстандын Согди облустук акимчилигин өкүлү Толлибай Ашуров бул жол аркылуу жылына 4 миллион тоннадай жүк ташылып турганын айтат:

- Кийинки жылдары Өзбекстан бул жол аркылуу ташылчу жүктүн көлөмүн кыйла азайткан. Жылына төрт миллион тоннадай жүк ташылып, транзит үчүн Тажикстан казынасына 28 миллиондой доллар түшүп турган эле.

Ангрен - Пап темир жолундагы туннелдин ачылышы.
Ангрен - Пап темир жолундагы туннелдин ачылышы.

Айрым серепчилер Өзбекстан өз аймагы аркылуу жаңы жол куруп алышын өзбек-тажик өкмөттөрүнүн өз ара келише албаганынан да көрөт. Эгер эки өлкө бийлиги тил табыша алганда транзит желесин сактап, Өзбекстан бул жолго сарптаган 2 миллиард доллардай каражатты үнөмдөп калар эле. Анын үстүнө Өзбекстан бул жолдун курулушун өтө тездик менен бүтүрдү. Башта ага беш жыл белгиленген болсо, Ташкендин талабы менен курулуш эки жылга жетпей аяктады.

Борбор Азия өлкөлөрү бири-биринен көз карандысыз темир жолдорду курууну мурда эле баштаган. Маселен Тажикстан Өзбекстанга кирбей өтчү темир жол курулушун 2008-жылы баштаган. Түркмөнстан болсо Өзбекстанды айланып өтчү темир жол курулушун 2011-жылы аяктаган. Бул өлкө мындай кадамга 2009-жылы Өзбекстан Түркмөнстан аркылуу жүк ташуудан арылуу үчүн өзүнчө темир жол салып алган соң барган.

Борбор Азиядагы беш өлкө өз ара байланыштарын бекемдегендин ордуна кайра мурдагы байланыштарын үзүп, минтип өз-өзүнчө темир жолдорун салып жатышы аймактагы өлкөлөрдүн карым-катышы кандай экенинен кабар берет.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG