Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:34

АКШда атылган балдар Казакстандан асырап алынган


Кемпбелл асыранды балдары менен аялын атып салган соң өзү полицияга телефон чалган
Кемпбелл асыранды балдары менен аялын атып салган соң өзү полицияга телефон чалган

АКШнын Белфейр шаарында өткөн жума күнү атып өлтүрүлгөн эки өспүрүм Казакстандан асырап алынганы белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн Казакстандын адам укуктары боюнча өкүлчүлүгү билдирди.

Вашингтон штатындагы Белфейр шаарында 26-февралда атып өлтүрүлгөн 16 жана 18 жаштагы эки өспүрүмдү АКШ жарандары Казакстандан асырап алганы бүгүн расмий түрдө ырасталды. Казакстандын адам укуктары боюнча өкүлчүлүгү өспүрүмдөр казак элчилигинде консулдук каттоого турбаганын айтып чыкты.

“Аларды асырап алуу шарттарын тактоо талап кылынууда. Өлтүрүлгөндөрдүн улуусу 18 жашка толуп, бойго жеткендиктен казак мыйзамдарына ылайык ал Казакстандын же АКШ жарандыгын алууну өзү тандашы керек эле. Азырынча ал биздин жарандыктан чыккан-чыкпаганын тактай элекпиз”, - деп айтылат Казакстандын Омбудсмен институту тараткан билдирүүдө.

Өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Рустам Кыпчакбаев азыр бул эки өспүрүмгө байланышкан бардык жагдайлар териштирилип жатканын билдирди.

- Алардын аты-жөнү азырынча так эмес. Азыр бардык жагдайлар териштирилүүдө. Эмне үчүн консулдук каттоодо болбогону да териштирилип жатат. Балким алар башка ат менен каттоого алынган болушу да ыктымал. Азыр мунун баары такталып жатат.

Аталган өкүлчүлүк тараткан билдирүүдө мындан кийин да казак жарандарына байланышкан ушундай абал болбошу үчүн эки өспүрүмгө байланышкан азыркы жагдай тыкыр изилдениши зарылдыгы белгиленген.

АКШ Мамлекеттик департаменти менен Казакстандын Тышкы иштер министрлиги мунун алдында мерт болгон балдар кайсы өлкөдөн асырап алынганы текшерилип жатканын билдирген эле.

Американын маалымат каражаттары 26-февралда Вашингтон штатынын Белфейр шаарында 51 жаштагы Дэвид Уэйн Кэмпбелл аттуу жергиликтүү тургун үй-бүлөсүндөгү бардык кишилерди атып, акырында өз өмүрүнө да кол салганын жазып чыгышкан.

Reuters агенттиги 27-февралда Мэйсон округдук полиция башкармасы Кемпбел аттуу жаран 49 жаштагы аялы Лана Карлсонду жана асырап алган эки баласы - 16 жаштагы Куин Карлсон менен 18 жаштагы Тори Карлсонду атып салган соң өзүн да атып таштаганын билдиргенин жазган. Аталган окуяда бул үй-бүлө багып алган 12 жаштагы дагы бир кыз жараланып, ооруканага жеткирилген. Жергиликтүү полиция башчысы Кемпбелл асыранды балдары менен аялын атып салган соң өзү полицияга телефон чалганын, полиция келгенден кийин өзүн да атып таштаганын билдирди.

Бул үй-бүлөгө жакын кишилер жүрөк үшүн алган кандуу окуядан кийин алар эки баланы Казакстандан асырап алганын айтышкан.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG