"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Орусия Батышка Украинадагы саясий кризиске кийлигишпөөнү кайрадан эскертти.
Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы кечээ Женевада башталды. Бирок каршылашкан тараптардын бир мунасага келе алуусу али суроо жараткан маселе бойдон.
Ачылуу алдында турган Сочи Олимпиадасын утурлай эл аралык коомчулуктан жогорку деңгээлде көтөрүлгөн эки маселе адам укуктары жана коопсуздук болду.
Украинадагы кризисти жөнгөрүү үчүн али көп нерсени жасоо талап кылынат. Еврошаракеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон бул тууралуу кечээ Киевдеги сүйлөшүүлөрүнөн кийин билдирди.
Батыш жана Иран талаштуу өзөктүк программа боюнча жаңы сүйлөшүүлөр алдында буга чейин жетишилген утурумдук келишимди кошумча чаралар менен бекемдөөгө аракеттенүүдө.
Кошмо Штаттар Сирия өкмөтү химиялык курал үчүн материалдарын өткөрүп берүүнү кечеңдетип жатканына камтамачылык билдирди.
Орусияда кабелдик операторлордун бир канчасы “Дождь” телеканалын обого чыгарууну токтотту.
Украинада бүгүн парламент өлкөнү саясий кризистен чыгарууга багытталган чечимдерди талкуулоону улантат деп күтүлүүдө.
Украинада нааразылык акцияларынын азырынча басаңдачудай түрү жок. Укук коргоо органдары кармалган эки полиция бошотулбаса, оппозиция ээлеп турган шаардык администрациянын имаратына чабуул жасаларын эскертти.
Украинада президент Виктор Янукович өлкөдөгү кризисти жөнгөрүү аракетинде парламенттин чукул сессиясын чакырды.
Түркмөнстанда окуу жылынын экинчи бөлүгү башталгандагы жаңылык - президент Бердымухамедовдун чыгармаларынын же ал тууралуу китептердин мектеп программасына расмий киргизилгени болду.
Орусия Батыш өлкөлөрүн Сирия боюнча келерки аптага мерчемделген эл аралык жыйынга Иранды чакырууга кайрадан үндөдү. Мунун алдында Ирандын тышкы иштер министри эгер шарт коюлса алар конференцияга барбай турганын Москвадан айткан эле.
Египетте бүгүн Конституция боюнча жалпы элдик референдумдун экинчи күнү. Добуш берүү күчөтүлгөн коопсуздук чаралары астында жүрүп жатат.
Таиландда өкмөттү кулатууну көздөгөн оппозициянын миңдеген жактоочулары баш калаа Бангкоктун борборун камалоого алышты. Алар “коррупцияланышкан саясий система” реформаланышын талап кылууда.
Францияда сот казакстандык мурдагы банкир, оппозициячыл саясатчы жана президент Назарбаевдин саясий оппоненти Мухтар Аблязовду Орусияга же Украинага экстрадициялоого болот деп чечти.
Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики Анбар провинциясындагы согушкерлерди багынып берүүгө кайрадан чакырды.
Грузияда православ христиандар Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилөө алдында тараган ушак миңдеген зыяратчыларды байыркы Мцхета шаарына агылтты.
Иракта премьер - министр Нури ал-Малики Фаллужа шаарынын тургундарын “ал-Каидага” байланышы бар согушкерлерди шаардан кууп чыгарууга чакырды.
Аяктаган 2013 - жылдын дүйнө үчүн экономикалык жыйынтыктары ушул айдын соңуна барып чыгары күтүлүүдө. 2013-жылы экономика дүркүрөп өспөгөнү менен аны тушаган белгисиздиктен кутулгандай болду. Муну эксперттер жана эл аралык уюмдар глобалдык экономиканын 2014-жылга жакшы жышаан менен кириши катары сыпатташууда.
Коррупция боюнча соңку жаңжалдан улам Түркияда өкмөттүн үч министри кызматтан чегинди. Алардын бири өкмөт башчысын да иштен кетүүгө чакырды.
Дагы жүктөңүз