Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:32

Грузия: Ушак зыяратчыларды дүрбөттү


Грузияда православ христиандар Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилөө алдында тараган ушак миңдеген зыяратчыларды байыркы Мцхета шаарына агылтты.

Бул көрүнүштөн улам грузин чиркөөсү динзарларды ушакка ишенбөөгө чакырып, полицияга кошумча коопсуздук чараларын көрүүгө туура келди.

“Азаттыктын” грузин кызматынын кабарчылары билдиргендей, борбор Тбилисиден 20 чакырымдай түндүктө жайгашкан Мцхета шаарында зыяратчылар агымы кечээ барып гана азайды. Бул байыркы шаарга зыяратчылар өткөн аптадан бери миңдеп агылып келип жатышкан эле.

Мцхетаны көздөй кеткен жолдордо башаламандык жаралып, ал эми шаардагы монастрдын жанында зыяратчылар бири-бирин төө бастыга албашы үчүн кошумча полиция күчтөрү жайгаштырылуусуна православ христиандар Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдаар алдында тараган ушак түрткү берди.

Эл арасына тарап кеткен кеп-сөздөргө караганда, грузиндерде ыйык деп саналган Гавриил ысымдуу диниятчынын бейитине Иса пайгамбардын туулган күнүнө чейин келгендердин эки эңсөөсү же мүдөөсү аткарылмак. Айтымында, мындай белги 1995-жылы дүйнөдөн өткөн Гавриил диниятчынын руханий кызы Параскева айымга берилген. Диниятчы айым муну кабарчыларга менен маегинде өзү да ырастап, Гавриил ата ага бейитине сыйынып жаткан кезде келгенин айтып өттү:

- Мен Гавриил атанын бейитинде дуба кылып жатканымда, бул жерге келип, анын батасын алгандардын баарынын ой-максаттары орундаларын билдим. Бул өзүнчө эле керемет болду. Адамдар мына ошон үчүн ашыгып жатышат да.

Бирок диниятчы айым ыйык бейитке Иса пайгамбардын туулган күнүнө чейин келиш керек болчу деген маалыматынан кийинчерээк баш тартты. Ал белгилегендей, православ христиандар Мцхетага качан келсе да каалоолору орундалат. Бирок зыяратчылар Параскеванын алгачкы кабарына чоң маани беришкендей. Алардын бири “Азаттыктын” грузин кызматына:

- Гавриил атанын бейити ыйык жай. Биз ошол ыйыктыкка эгедер болуш үчүн келдик. Бизге Иса пайгамбардын туулган күнүнө чейин келүүбүз керектигин, Гавриил ата кеминде эки тилегибизди орундатарын айтышкан.

Байкоочулар зыяратчыларды дүрбөткөн ушак-айың үчүн маалымат каражаттарын жана кээ бир диниятчыларды айыпташты. Жергиликтүү философ Лела Гаприндашвили зыяратчылардын дүрбөлөңүн мындайча чечмелейт:

- Мистикалык ишенимди карманган адамдар реалдуу турмушта албаган жардамды издешет. Мындайга билимсиз адамдарды ишендирүү оңой. Бирок кандай болгон күндө да эки каалоо орундалары жөнүндөгү кабар ушунчалык кеңири жайылып кеткен. Зыяратчылар атүгүл батыштагы Поти шаарынан да келишкен. Албетте чиркөөнүн ичиндеги адамдар бул идеяны активдүү жайылтышкан.

Бирок Грузиянын православ чиркөөсү өз динзарларын ушак-айыңга берилбөөгө чакырды. Партриархиянын билдирүүсүндө, адамдын каалоо-тилегинин орундалышы “Жараткандын эркинде” экендиги айтылат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG