"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Армения Бажы биримдигинин төртүнчү өлкөсүнө айланчудай. Москвадагы саммитте расмий Ереван Биримдикке кошулуу боюнча "жол картасына" кол койду.
Михаил Ходорковский абактан чыккандан кийинки алгачкы маалымат жыйынын Берлин дубалы музейинде өткөрдү.
Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган коррупция боюнча чуулгандуу иликтөөнү айыптап, полициянын бул аракетин өкмөткө каршы “ыплас операция” деп атады.
Орусия Украинага газ баасын арзандатты. Кремлдеги кечээги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мындан сырткары миллиарддаган доллардык насыя убада кылынды.
Вильнюстагы Чыгыш өнөктөштүгү саммитинде Европа лидерлери Орусиянын Украинага көрсөткөн кысымын сынга алышты.
Литва борбору - Вильнюста Евробиримдиктин "Чыгыш өнөктөштүгү" саммити ачылды.
АКШ бийликтери ооган президентин эки тараптуу коопсуздук келишимине кол коюуну тездетүүгө кайрадан чакырды.
Кытайдын Чыгыш Кытай деңизинде абадан коргонуу зонасын түзүү чечими Жапониянын нааразылыгын жаратып, АКШнын сынына кабылды. Токио менен Бээжин кайрадан кайым айтышууга өттү.
Украин өкмөтү Еврошаркет менен көптөн күтүлгөн ассоциация жана эркин соода келишимине кол коюуга даярдык иштерин токтотту.
Ооганстанда бүгүн уруу башчылар менен саясий лидерлердин жалпы улуттук кеңешмеси – Лоя Жырганын жыйыны ачылууда.
Орусияда акыркы авиакырсыктын себептерин аныктоого аракеттенип жатышат.
АКШ Конгрессинин айрым мүчөлөрү Иранга каршы санкцияларды күчөтүү чакырыгы менен чыгышты.
Ооганстанда апийим түшүмү кайрадан рекорддук чекке чыкты. БУУнун Маңзаттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кеңсесинин эсебинде, быйыл ооган дыйкандары 5500 тонна апийим өндүрүшкөн. Бул былтыркы жылдагыдан дээрлик 50% көптүк кылат.
Тажик президенти Эмомали Рахмондун дагы бир мөөнөткө шайлануусу Борбор Азиянын “түшпөс хандары” атыккан президенттери деги алмашабы деген суроолорду жаратты.
Ирандын өзөктүк программасы боюнча соңку сүйлөшүүлөр дүйнө державалары арасындагы пикир келишпестиктен улам майнапсыз аяктады деген ырастоолорду АКШ Мамлекеттик катчысы четке какты.
АКШ мамкатчысынын Египеттеги сапары бийликтен кулатылган президент Мухаммед Мурсинин сотунун алдына туш келди.
Өзбекстандан чыккан соңку жаңылыктар президент Каримов кызы Гүлнараны же кызы атасын жазалап жатабы деген суроолорду жаратты.
Ирактын премьер-министри Нури ал-Маликинин АКШдагы сапары уланууда. Эки өлкө лидерлеринин сүйлөшүүлөрү 1-ноябрда өтөт.
Кытай бийликтери Бээжиндин борбордук аянтында апта башында болгон окуя үчүн шектүүлөр кармалганын жарыялашты.
Британия дүйнөнүн ислам баалуу кагазын чыгарган алгачкы мусулман эмес мамлекети болот.
Дагы жүктөңүз