Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:27

Таиланд: оппозиция өкмөттүн айласын кетирүүдө


Тайланд -- Өкмөтткө каршы акция, Бангкок, 9-декабрь, 2013.
Тайланд -- Өкмөтткө каршы акция, Бангкок, 9-декабрь, 2013.

Таиландда өкмөттү кулатууну көздөгөн оппозициянын миңдеген жактоочулары баш калаа Бангкоктун борборун камалоого алышты. Алар “коррупцияланышкан саясий система” реформаланышын талап кылууда.

Үчүнчү айга аяк баскан азыркы саясий тирешти жоюу аракетинде Таиланд өкмөтү 2-февралга мөөнөтсүз парламенттик шайлоо мерчемдеген. Бирок Бангкокко жыйналган оппозиция жактоочулары өкмөттү мөөнөтсүз шайлоого жеткирбей кулатууну максат кылууда. Анткени демонстранттардын пикиринде, шайлоодон мурда акчага жана коррупцияга таянган саясий система реформаланышы керек. Оппозиция талабы боюнча реформаны 2001-жылдан бери бийликти бербей келе жаткан Пхыа Тхаи партиясы эмес, элдик кеңеш же утурумдук өкмөт жүргүзүүсү абзел.

Өлкөдөгү туруксуз кырдаалдан улам Таиланддын Бобордук шайлоо комиссиясы шайлоону бери дегенде үч айга жылдыруу сунушу менен чыкты. Мөөнөтсүз шайлоодо кайра эле премьер-министр Йинглак Чиннаваттын партиясы жеңип алат деп санган оппозиция бийликтегилерди бул сунушка ынанууга чакырып жатат.

Мурдагы премьер-министр, оппозициядагы Демократиялык партиянын лидери Апхисит Ветчачива кабарчыларга буларды айтты:

- Премьер- министр эң биринчи кезекте Шайлоо комиссиясынын сунушун токтоосуз кароосу керек. Азыр өкмөт эмне мерчемдебесин ал баары бир ишке ашпайт. Тараптар бири-бирине кол сунуп, кырдаалдан чыгуунун укуктук жана конституциялык жолун табуусу керек. Тараптар Конституциянын чегинде, конфронтацияга алып барбай турган реформа жүргүзүп, баары кабыл алгыдай шайлоого баруучу жолду тандоосуна мүмкүнчүлүк бар.

Таиланддын алгачкы аял премьер-министри Йинглак Чиннаваттын өкмөтүнө каршы өнөктүк былтыр ноябрда эле баштаган.

Байкоочулардын баамында, оппозиция бул саясий тиреште негизинен калктын ортоңку катмарына таянса, премьер-министр Ийинглак Чиннават калктын жакыр катмарынан колдоо алууда.

Азыркы премьердин бир тууганы Таксин Чиннават бийликтен 2006-жылы армия тарабынан кулатылган, 2008-жылы кызматынан кыянат пайдаланган деген жүйөө менен сырттан кесилген.

Бирок оппозициядагылар Дубайда жашаган жана миллиарддер Чиннават бир тууган карындашы башкарган өкмөттү жана анын саясатын каалагандай калчоодо деп эсептешет.

Бангкоктон түшкөн кабарларга караганда, өкмөттүн айласын кетирүү үчүн оппозиция адаттан тыш кадамдарга барууда. Өкмөттүн кеңселери камалооого алынгандыктан, мамлекеттик кызматкерлер үйлөрүндө же коңшу провинцияларга көчүп иштешүүдө. Премьер-министр өзү да Бангкоктун чет жакасындагы убактылуу кеңседе олтурат.

Кечээ Бангкоктун борборунда банктардын кеңселери ачылган жок же эрте жабылды. Коомдук транспорттун иши, элдин ары-бери каттоосу кыйындады. Бери дегенде 45тей мамлекет өз жарандарына Бангкокко барбай турууну эскерткен.

Бангкоктогу баррикадалар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG