Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:22

Сирия жыйынына Ирандын катышары арсар


Иран, Орусия жана Сириянын тышкы иштер министрлери. Москва, 16-январь, 2014-жыл.
Иран, Орусия жана Сириянын тышкы иштер министрлери. Москва, 16-январь, 2014-жыл.

Орусия Батыш өлкөлөрүн Сирия боюнча келерки аптага мерчемделген эл аралык жыйынга Иранды чакырууга кайрадан үндөдү. Мунун алдында Ирандын тышкы иштер министри эгер шарт коюлса алар конференцияга барбай турганын Москвадан айткан эле.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун сөзүнө караганда, Иран Сириядагы жарандык согушту токтотуу аракеттеринин бир бөлүгү болору айныксыз, андыктан кандай тынчтык сүйлөшүүлөрү өтпөсүн ага кошулуусу абзел:

- Биз жакында Парижде, Жон Керри (АКШ Мамлекеттик катчысы) жана Лахдар Брахими ( БУУ чабарманы) менен жолуккан учурда Иранды Сирия кризисин тынчтык жолу менен жөнгө салууга кызыкдар жана Сирия иштерине таасири бар өлкө катары конференцияга чакыруу боюнча Орусиянын турумун ырастадык. Биз мында Иран тарап баары бир Сирия проблемасын жөнгө салуу боюнча комплекстүү аракеттердин бөлүгү болору айныксыздыгына таянып жатабыз.

Лавров бейшембиде Москвада Иран тышкы иштер министри Жавад Зариф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кийинчерээк аларга Сирия тышкы иштер министри Валид ал - Муаллем да кошулду.

Жавад Зариф менен Сирия президенти Башар Асад жолугууда
Жавад Зариф менен Сирия президенти Башар Асад жолугууда
Иранга эгер күн мурунтан шарт коюлса, ал Сирия конференциясына катыша албасын өлкөнүн тышкы иштер министири Жавад Зариф дагы айтты:

- Эгер Иран конференцияга башкалардай эле чакырылса катышат. Бирок башкаларга коюлбаган шарт бизге коюлса бара албайбыз. Мамлекетибиздин ар-намысы бизге күн мурунтан кандайдыр бир шартты кабыл албоо зарылдыгын каңкуулап жатат.

Иран тышкы иштер министри Жавад Зариф Москвага чейин Жакынкы Чыгышты кыдырып, Сириянын өзүнө, Ливанга, Иракка жана Иорданияга барган эле. Анын бул сапары Башар Асаддын режимин саясий, акча жана аскерий жактан колдоп келе жаткан Иран мындай аракетин уланта береринин ишарасы катары бааланган.

Мурдараак "Иран-Женева -2" деп аталган конференцияга катышуусу үчүн шарт АКШ тараптан коюлган болчу. Кошмо Штаттардын туруму боюнча, Тегеран конференцияга эгер Сириянын өткөөл өкмөтүнө президент Башар Асад жана анын жакынкы өнөктөштөрү кошулбайт деген мурдагы дипломатиялык макулдашууларды кабыл алса гана катыша алат.

Көптөгөн байкоочулар "Женева -2" конференциясы алдында Ирандын Сириядагы ролуна көңүл бурушууда. Маселен, ал Сирияга Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн келген согушкерлердин агымын токтотууга жардам бере алмак.

Сириядагы үч жылга созулган согушта 130 миңдей адам өлдү.
Сириядагы үч жылга созулган согушта 130 миңдей адам өлдү.
Коопсуздук боюнча аймактык эксперттердин айтымында, Ирандын аскерий структурасы – Революциянын сакчылар корпусу, Ливандагы “Хезболла” тобу Асаддын режими таянган согушкерлерди машыктырат жана жетектешет.

Карнеги корунун Иран боюнча эксперти Карим Саджадпурдун пикиринде, Сирия жаңжалын Асад бийликте калып жаткан шартта тынчтык жол менен чечүү мүмкүн эмес. Ал эми Асадды Ирансыз бийликтен дипломатиялык жол менен четтетүү мүмкүнчүлүгү жок.

Швейцарияда 22 - январга мерчемделип жаткан конференция Асаддын режими менен оппозиция ортосундагы алгачкы түз сүйлөшүү болушу керек. Бирок конференция ийгиликке жетет деп айтууга азырынча эртелик кылат. Анткени, оппозициянын Сирия Улуттук кеңешиндеги айрым топтор ага катышуудан баш тартышкан. Жыйынга демөөрчүлүк кылып жаткан БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун аларды келүүгө үндөдү.

Сириядагы үч жылга жакындап калган жаңжалда, БУУнун эсеби боюнча, 130 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG