"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Каракол шаарына жакын Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Пржевальск-Пристаны - совет доорун эске салган айылдардын бири.
Кыргызстандагы эң ири көмүр кендеринин бири Кара-Кечеде ушу тапта иш кайнап жаткан учур.
Кыргыз-тажик чек арасындагы айрым талаштуу аймактар боюнча кезектеги мунаса табылганы жарыяланды. Ал арада расмий Бишкек менен Дүйшөмбү мамлекеттик чек ара сызыгы боюнча макулдашууга март айында кол коюшу мүмкүн деген маалыматтар чыкты.
Бишкекте күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө. Мелдештин биринчи күнүндө беш салмактан чемпиондор аныкталды. Соңку жылдары кыргыз балбандары эл аралык мелдештерде чоң ийгиликтерди жаратууда. Чемпионатты уткандар Париж Олимпиадасына катышуу үчүн лицензиялык мелдештерге барат.
Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында быйылкы кургакчылыктан улам тоют жакшы болбой калып, айрым фермелер мал-жандыктарынын санын азайтып, базарга алып чыгууга аргасыз болууда. Бир таңгак чөп 450-500 сомго чейин чыкты. Ашуу ашып, бир чөлкөмдөн экинчисине чөп сатып алып кеткендер болууда.
Бишкектин четиндеги санитардык полигондо таштанды терип жан баккан ондогон үй-бүлө бар. Быйыл жазында шаар бийлиги бул аймакты ирээтке келтирүү үчүн айланасын тосуп, быкшыган өрттү өчүргөн. Мэрия аталган полигонду толугу менен жаап, жаңысын ишке киргизүүнү пландоодо. Бул анын айланасындагы
Казыбек Мамыралиев өз өмүрүн, билимин, мээримин аялуу топтогу балдарга арнаган. Устат Нарындагы кесиптик лицейде өспүрүмдөргө кол өнөрчүлүктүн сырларын үйрөтөт. Казыбек агай окутуунун өзгөчө ыкмасын тандап, баланын эмоционалдык таасирлерин жана инсандыгын өнүктүрүүгө басым жасайт.
Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылындагы окуучулар жаңы окуу жылында айылдагы үйлөрдө окуганы жатышат. Быйыл жазында айылда жаңы мектептин курулушу башталган. Бирок ушул күндөрү анын пайдубалы да бүтпөй турат.
Орусияда абактан ары согушка кеткен 27 жаштагы жигиттин жакындары сотко арыз жазып, үй камагына чыгарууну өтүнгөн эле. Бөрүгул уулун күч органдары “жалданмачылыкка” шектүү катары кармашкан.
Байтемировдордун үй-бүлөсү Ат-Башынын алыскы Ак-Сай өрөөнүнө жыл сайын мал багып, жайлап келет. Азыр алар 500дөн ашык кой, бир үйүр жылкы жана он чакты уй багып жатышат. Алыскы жайлоонун бир күнү тууралуу айтып беребиз.
Нарын облусунун Ак-Сай өрөөнүндө союз маалында салынган малчылардын маданий борборунда ушул күндөрү бирин-серин гана киши калды.
Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Кел-Суу (Кел-Суу, жергиликтүүлөр Көл-Тетири деп да аташат) көлү соңку беш жылда туристтер сүйгөн жайга айланды. Деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктиктеги көлгө дүйнөнүн булуң-бурчунан коноктор келип, кооздугуна суктанып жатышат.
Ушул күндөрү Нарын шаарынын ички көчөлөрү оңдолуп, асфальт төшөлүп жатат. Бирок шаар тургундары иштин сапатсыз жүрүп жатканына нааразы. Анткени оңдолгонуна бир ай боло элек көчөлөрдөгү алфальт чөгүл, кайра аң-чөнөктөр пайда болуп жатат.
Нарында “Шырдак” фестивалы өттү. Ага Кыргызстандын бардык облустарынан уздар келип, кол эмгектерин көзгөзмөгө коюшту. Иш-чаранын максаты кыргыз шырдагын дүйнөгө таанытууга багытталган.
Германиянын Киль университетинин окумуштуулары Нарында илимий долбоорду ишке ашырууда. Алар климаттын өзгөрүшү картөшкө менен көп жылдык чөпкө кандай таасирин тийгизип жатканын иликтешүүдө.
Кочкордогу Исакеев айылынын тургундары Акылбек менен Айжан кыштакта такачы жубайлар катары таанымал. Алар 15 жылдан бери аттын такасын жасап, эриш-аркак оокатын өткөрүп келет.
Нарын районунун Таш-Башат айылынын тургундары жаратылышка аяр мамиле жасап, жашыл климатка ыңгайлашып жашоонун жолун тапкан. Айылдын аялдары эски кийимден жасалган буюмдарын көргөзмөгө коюшса, мектеп окуучулары экотеатр уюштуруп, чакан айылда экологиялык майрам өттү.
Дагы жүктөңүз