"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Нарын мамлекеттик университетинин демилгеси менен быйыл жыл башында Ак-Талаага күндүн нуру менен жылыган имарат салынып, китепкана катары пайдаланууга берилди. Бул иштин башында турган университеттин ректору Эрмек Байбагышов күн нуру менен үйдү жылытууну жайылтуу аракети менен жүрөт.
Жумгалдын Миң-Куш айылындагы уран калдыктарынын көчүрүлө башташы элеттиктердин тынчын алууда.
Жумгал районунун Кырчын айылында 100дөн ашык киши жашайт. Айылда мектеп жоктугунан 30дай бала төрт чакырым жер басып, коңшу айылга жөө-жалаңдап барып-келип окушат. Кырчында оорукана, бала бакча да жок. Бул кыштак деңиз деңгээлинен бир жарым миң метр бийиктикте турат.
22 жашында кыргыз-тажик чек ара жаңжалында курман болгон Жеңишбек Иманбековдун сүйлөшкөн кызы анын бир тууган иниси Дүйнөбек менен баш кошкон. Жаш жубайлар азыр Жеңишбек туулуп- өскөн Жумгалдын Миң-Куш айылында жашап жатат.
Эшек минип, кадимки көк бөрүгө түшкөн жумгалдык чыт курсак балдар быйыл кышында интернетте кызуу талкууланды. Алар чоң оюндун эрежеси менен ойноп, ич ара мелдеш уюштуруп жибергенге да жетишти. Алардын ар биринин келечекте өлкөгө таанылган атактуу көкбөрүчү болсом деген кыялы бар.
"Азаттык" былтыр март айында Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну он балалуу Асел Сатарованын түйшүгү тууралуу видео тарткан. Ал окуядан кийин баатыр энеге кол сунгандар болуп, демөөрчүлөр үй салып бермей болушкан. Бир жыл өткөндөн кийин Сатарованын үйүнө барып кабар алдык.
Жумгал районунун Ак-Көл айылы 30 жылдан бери электр жарыгы жок жашап келет. Кыштакта мектеп оорукана тургай, телефон байланышы да жок. Бишкектен 400, райборбордон 50 чакырым алыс бул кыштакта учурунда 500гө чукул калк жашаган. Азыр айылда 50гө жетпеген гана киши калды.
Нарындагы музыкалык мектептин мугалими Шабдан Аманкулов окуу жайды музыкалык аспаптар менен камсыз кылуу аракетин көрүп жүрөт. Ал элдин колунда пайдаланылбай калган, бирок колдонууга жарактуу эски фортепианолордун ээлери менен байланышып, аларды мектепке бекер беришин суранат.
73 жаштагы Базаркан Дүйшөмбиева Ат-Башынын Баш-Кайыңды айылында өспүрүмдөрдү чаңгы (лыжа) тебүүгө үйрөтөт. Ал мектепте 40 жылдан ашык дене тарбия мугалими болуп иштеген. Эс алууга чыккандан кийин кыштактагы лыжа сүйүүчүлөрүнүн башын бириктирген.
17-февралда түшкөн кар көчкүгө байланыштуу Бишкек - Нарын - Торугарт автоунаа жолу убактылуу жабык турат. Облустук бийлик кооптуу тилкелерден көчкүнү атып түшүрүү иштерин жүргүзүүдө. Алар кара жолду бир-эки күндүн ичинде толук тазалап, каттам ачылат деп билдирди.
Нарындык өспүрүм кыздар күрөш боюнча Ташкентте өткөн эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болду. Аталган турнирге теңиртоолук беш кыз барган. Соңку жылдары Нарын шаарында кыздар арасындагы күрөш күндөн-күнгө өнүгүп, спорттун бул түрүнө кызыккандардын саны көбөйүп жатканы байкалууда.
2016-жылы “Азаттык” “Майыптыгы бар жигиттин онлайн бизнеси” аттуу видео тасма тарткан. Анда эки буту баспай, төшөктө жаткан Ат-Башы районунун Большевик айылынын тургуну Рахатбек Үсөнкожоевдин талыкпаган эмгеги тууралуу кеңири баяндалган.
Нарын шаарында хоккей оюну боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдеш башталды. Турнирде Казакстандын Алматы шаарынан келген курама команда баштаган, Бишкек жана Нарындын хоккейчи тестиерлер күч сынашууда. Беттеш ар айда бир жолу болуп турат.
Нарын районунун Алыш айылынын тургуну Жээнгүл Турсуналиеванын үйү өрттөнүп кетти. Мештен түшкөн чок заматта эки бөлмөдөгү үй оокаттары менен документтерин жалмап кеткен.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл аймагында жайыт жерлери коргоого муктаж.
Бегайым Мырзалиева айылдаштарын жаратылышты сактоого үндөгөн экоактивист. Ал соңку беш жылдан бери өзү туулуп- өскөн Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылындагы токойду жана жайытты коргоп, айылдыктарга экологияга зыян келтирбей эле каражат тапса болорун иш жүзүндө көрсөтүп жүрөт.
Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылынын тургуну Нурлан Кадыров бийик тоолуу аймакта картошканын үрөөнүн өндүргөн дыйкан катары таанымал боло алды. Ал эки жылдан бери бир тонна картошкадан 30 эсеге чейин түшүм алып, айылдаштарына таратып жатат.
16-сентябрда Баткендин Лейлек районунда окко учкан Бейкут Алмаз уулу Нарын районунун Эчки-Башы айылында туулуп-өскөн. 26 жаштагы аскер былтыр Баткендеги чек ара жаңжалында жарадар болуп, “Эрдик” медалы менен сыйланган.
Дагы жүктөңүз