“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат.
Адистер ийгиликке жеткен жаштардын сөзү жеткинчектердин көз карашын өзгөртүүгө таасир этерин айтышууда.
Бишкекте аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч акция жыйынтыкталды. Ага, уюштуруучулардын айтымында, миңге чукул адам катышты. Милиция катышуучулардын саны 250-300 болгонун билдирди.
Өткөн аптада Кабулдагы жардыруудан 32 адам мерт кетсе, жекшемби күнү дүйнөнүн ар бир өлкөсүндө аялдардын тилектештик маршы өттү. Үч миңден ашык адамдын өмүрүнүн жалмаган вирус дүйнөгө тездик менен тарап жатат.
Ирандан чыга албай калган 76 айдоочу аларды алып кетүүнү сурап, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Ал эми Кыргызстан айдоочуларды чыгарып кетүү үчүн буга чейин Түркмөнстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан.
8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бирок алгач белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармай баштаган.
Иранга жүк ташып барып, кайра кайта албай калган кыргызстандык айдоочулар өкмөткө кайрылышты.
Эркин күрөштөн Азия чемпиондору Улукбек Жолдошбеков жана Арсалан Будажапов Бишкекке келишти. Балбандарды “Манас” аба бекетинен күйөрмандары, достору жана жакындары тосуп алышты.
Бишкекте өтө турган хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионаты башталарда Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын мурдагы айрым оюнчулары президентке жана коомчулукка кайрылышты.
23-февраль – Мекенди коргоочулардын күнү. XXI кылымдын мырзалары ар кандай кесипти аркалап, алдыңкы технологияларды ойлоп табышат. Буга кошумча эркектер баланы да жакшы карай турганын унутпайлы. "Азаттык" мына ошондой айрым мырзалардын сүрөттөрүн чогултту.
«Diamond Princess» саякат кемеси 3-февралдан тартып Жапониянын Иокогама портунда коронавирустан улам карантинде турат. Кемеде баш-аягы 3000ден ашык киши бар. Алардын ичинен 400дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталды. Карантинге алынган кемедеги жашоо сүрөттөрдө.
14-февраль - дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө Ыйык Валентин күнү белгиленүүдө.
Бишкекте волейбол боюнча кыз-келиндер арасында «Дилгир» лигасынын мелдеши өттү. Кызыгы, бул мелдешке жашы 30дан ашкан кыз-келиндер жана энелер катыша алат.
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFCнин аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиондук курун үчүнчү жолу коргоп калды. 8-февралда АКШнын Хьюстон шаарында өткөн беттеште Валентина америкалык Кетлин Чукогянды жеңди.
Мамкаттоо Токмок шаарына бир айдын ичинде эле үч миң киши каттоого турганын билдирди.
Токмок шаарына бир айдын ичинде эле 3 миң киши каттоого турганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. Бул апрелде өтө турган жергиликтүү кеңешке шайлоого байланыштуу партиялардын добуш алуу аракети экени айтылууда.
2020-жылы 1-июлдан тартып Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы өлкөлөрдүн футболчулары мындан ары Орусияда легионер болуп эсептелбейт.
Кыргызстандын аймагында коронавирус жугузгандар катталган жок.
Бишкектеги “Алай” коомунун мүчөлөрү "Ынтымак" сейил багына жүз түп кызыл карагайдын көчөтүн отургузушту. Алар борбор калааны көрктөндүрүүгө өлкө боюнча аракет кылышы керек экенин айтышууда. Кийинки кезекти Ак-Талаа районунун тургундарына өткөрүп берип, өлкөнүн башка аймактарында бул демилгени колдоо
Дагы жүктөңүз