Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:49

Кыргыз футболчуларын сүйүнткөн чечим


Кыргызстан курама командасынын оюнчулары.
Кыргызстан курама командасынын оюнчулары.

2020-жылы 1-июлдан тартып Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы өлкөлөрдүн футболчулары мындан ары Орусияда легионер болуп эсептелбейт.

Мындай чечимди Орусиянын Спорт министрлиги кабыл алды. Бул ганбол, хоккей, футбол, волейбол жана баскетбол боюнча командалык оюндарга тиешелүү.

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасынын мурдагы машыктыруучусу Мирлан Эшенов Орусиянын Спорт министрлигинин чечими кыргыз футболунун өнүгүшүнө чоң салым кошот деген ойдо.

Мирлан Эшенов.
Мирлан Эшенов.

«Бул адегенде биздин оюнчуларга Орусиянын же ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн чемпионаттарында ойноого жол ачат. Буга чейин Орусияда же башка өлкөлөрдүн регламентинде легионерлерге чектөө болгондуктан көп командалар европалык клубдардан жакшы оюнчуларды тандап, биздин оюнчулар чакырылбай калып келген. Эми аларга да жакшы мүмкүнчүлүк ачылат. Күчтүү чемпионаттарда, ошол өлкөнүн оюнчулары менен бирдей укукта ойноп, тажрыйба топтойт. Бул өз учурунда биздин улуттук курама командабыз үчүн чоң пайда болот», - деди ал.

Футбол боюнча Кыргызстандын премьер-лигасы мындай практиканы былтыр эле иш жүзүнө ашырып, сынап көргөн. Лиганын аткаруучу директору Михаил Толкачев «Азаттыкка» кыргызстандык клубдар да ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн каалашынча оюнчу ала берсе болорун билдирди:

Михаил Толкачев.
Михаил Толкачев.

«Былтыр биз өзүбүздүн регламентте «Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөрдөн канча оюнчу чакырса болору жөнүндө» чечим кабыл алганбыз. Бул өлкөнүн жарандары бизде легионер болуп эсептелбейт. Биздин регламентте клубдар беш легионер ала алат. Алардын төртөө бир учурда майданда ойной алат. Ал эми ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн оюнчулары биздин оюнчулардай эле укуктарга ээ жана алар каалаган санда майданда ойной берет».

Толкачев билдиргендей, 2019-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 46 футболчу Кыргызстандын премьер-лигасында, Биринчи жана Экинчи лигаларында ойногон.

Бирок көпчүлүк футбол адистери бул чечим өнүгүүгө алып келет деген оптимисттик ойдон алыс. Спорт журналисти Адилет Темирланов бул өз учурунда жергиликтүү жаш футболчуларды тарбиялоого кедергисин тийгизиши мүмкүн экенин эскертти:

Адилет Темирланов.
Адилет Темирланов.

«Бул чечимдин жакшы жери - Кыргызстандын чемпионатында атаандаштыкты күчөтөт. Анткени күчтүү оюнчулар менен ойноп, кыргыз футболчуларынын деңгээли көтөрүлөт. Бирок ошол эле учурда Кыргызстандын чемпионатына кошуна өлкөлөрдөн өтө көп оюнчулар агылышы мүмкүн экенин да эстен чыгарбайлы. Алардын деңгээли биздин футболчулардан жогору болуп, оюн талаасында көп ойноп, ал эми биздин оюнчулар запаста гана отуруп калышы мүмкүн. Андан сырткары клубдар сапатына баа берип, биздин жаш жана таланттуу оюнчуларбыз көз жаздымда калышы да мүмкүн. Андыктан кыргызстандык клубдар жаш оюнчуларды тарбиялоону эстен чыгарбашы керек».

Кыргызстандын чемпионаты - Премьер-лигада 8 команда ойнойт. Алар: «Дордой», «Алга», «Алай», «Нефтчи», «Илбирс», «Акдемия-Лидер», «Кара-Балта» жана «Абдыш-Ата» клубдары. Бул клубдар өз ара күч сынашып келишет жана аларда жергиликтүү оюнчулардан сырткары чет элдик футболчулар ойнойт. Чемпиондук наам «Дордой» командасына таандык.

Учурда кыргыз футболчулар жергиликтүү чемпионаттан сырткары Беларустун, Казакстандын жана Тажикстандын чемпионаттарында, ошондой эле Бангладештин, Малайзиянын, Түркиянын, Индонезиянын клубдарында ойноп келишет.

Январь айында Кыргызстандын мыкты футболчусу, 19 жаштагы Гүлжигит Алыкулов Казакстандын «Кайрат» клубунун катарына өттү. Футболчунун Беларустун «Неман» клубунан «Кайратка» өтүшү 180 миң еврого бааланган. Ал кошуна өлкөнүн чемпионатында легионер катары саналбаган алгачкы кыргыз футболчусу болмокчу.

Казакстандын Футбол федерациясы былтыр күзүндө «ЕАЭБ өлкөлөрүнүн оюнчулары легионер болуп саналбайт» деген чечимди кабыл алган. Ал эми Орусияда бул мыйзам ушул жылдын 1-июлунан тартып ишке кирет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG