Жалпысынан элүүдөй кыз-келин кармалып, Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Жүрүшкө чыккан активисттер кармалды
8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бирок алгач белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармай баштаган.

1
Кармалгандардын арасында жашы жете электер да бар.

2

3
Аялдардын эл аралык күнүнө карата белгиленген жүрүштө аялдардын укуктары, гендердик теңдик жөнүндө маалыматтар айтылмак.

4
Жөө жүрүштү активисттерден турган демилгелүү топ уюштуруп жаткан.

5
Кыргызстандагы ала качууга дуушар болгон кыз-келиндердин тагдырын чагылдырган долбоордун автору, сүрөтчү Татьяна Зеленскаяны милиция кызматкерлери карап кетүүдө.

6
Марш башталар алдында калпак жана беткап кийген белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышты.

7
Сүрөттө беткап кийген белгисиз кишилер уюштуруучуларды түртүп, коркутуп жатканын көрүүгө болот.

8

9
Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршында» кармалгандар Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө алып келинди.

10
“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова "аялдардын кармалганы - мыйзамды одоно бузуу" деп кескин сындады.

11

12
Милиция кармап кеткендердин арасында Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчиси Рита Карасартова, активист Алтын Капалова да бар.

13
Милиция кызматкери автобустун терезесинен карап турат.

14
Кармалгандардын бири.

15

16
Бириккен Улуттар Уюму 1975-жылы 8-мартты Аялдардын эл аралык күнү катары бекиткен.

17

18
Аялдар тынчтык маршына балдары менен келишкен. Сүрөт милиция кыз-келиндерди кармап кеткенден кийин тартылган.