Ал арада социалдык тармактарда чек аралар жабылып, коомчулукта тамак-аш тартыштыгы тууралуу маалыматтар тарап, базарларда, дүкөндөрдө ун, кумшекер, өсүмдүк майын алган адамдар көбөйгөнү байкалды.
Коронавирус коомдук турмушка таасир этти
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
![Ош базарындагы беткап кийген сатуучу.](https://gdb.rferl.org/d537a4eb-7560-4e44-90cc-8a5769fdb2a8_w1024_q10_s.jpg)
1
Ош базарындагы беткап кийген сатуучу.
![Коронавирус коркунучуна байланыштуу коомчулукта чек аралар жабылып, тамак-аш тартыштыгы болору жөнүндө маалыматтар тарап жатканына байланыштуу айрым адамдар тамак-ашты адаттан көп сатып ала баштады. ](https://gdb.rferl.org/70d60733-0bee-4136-836c-e41126932fa4_w1024_q10_s.jpg)
2
Коронавирус коркунучуна байланыштуу коомчулукта чек аралар жабылып, тамак-аш тартыштыгы болору жөнүндө маалыматтар тарап жатканына байланыштуу айрым адамдар тамак-ашты адаттан көп сатып ала баштады.
![Кыргызстандын бардык аймактарында эл азык-түлүктү, анын ичинде унду, өсүмдүк майын, кумшекерди адаттагыдан көп сатып алууда.](https://gdb.rferl.org/4d6d4db0-0f01-4c92-ae4d-40bf126475fc_w1024_q10_s.jpg)
3
Кыргызстандын бардык аймактарында эл азык-түлүктү, анын ичинде унду, өсүмдүк майын, кумшекерди адаттагыдан көп сатып алууда.
![Коронавирустун алдын алыш үчүн коомдук транспортту дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат. ](https://gdb.rferl.org/65f0d30e-f4c3-49c3-9861-794b17e656d8_w1024_q10_s.jpg)
4
Коронавирустун алдын алыш үчүн коомдук транспортту дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат.
![](https://gdb.rferl.org/09f57f86-6cb7-4260-9ea5-38727293dffe_w1024_q10_s.jpg)
5
![Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери бир айдын ичинде Бишкек шаарындагы жүргүнчү ташыган мамлекеттик жана жеке менчик 500 автоунааны, беш мечитти, жети базарды, 15 ашкананы дезинфекциялады.](https://gdb.rferl.org/8d360697-355e-4b05-88a8-2a2ece99edd4_w1024_q10_s.jpg)
6
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери бир айдын ичинде Бишкек шаарындагы жүргүнчү ташыган мамлекеттик жана жеке менчик 500 автоунааны, беш мечитти, жети базарды, 15 ашкананы дезинфекциялады.
![Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 15-мартта Бишкектеги айрым базарларга, азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатуучу соода түйүндөрүнө барды.](https://gdb.rferl.org/fbf46f55-31a8-4725-991b-ff7e371c3820_w1024_q10_s.jpg)
7
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 15-мартта Бишкектеги айрым базарларга, азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатуучу соода түйүндөрүнө барды.
![Өкмөт эл керектөөчү негизги товарлар, тамак-аш жетиштүү экенин, тынчсызданууга, бааларды көтөрүүгө негиз жок экенин билдирди. ](https://gdb.rferl.org/7ec66d88-06a5-44b3-847e-21a9383eb37b_w1024_q10_s.jpg)
8
Өкмөт эл керектөөчү негизги товарлар, тамак-аш жетиштүү экенин, тынчсызданууга, бааларды көтөрүүгө негиз жок экенин билдирди.
![Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкөдө азык-түлүккө болгон тартыштык жок экенин айтып, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.](https://gdb.rferl.org/dbacdbec-baf5-4425-85c7-8fbf584ee1e6_w1024_q10_s.jpg)
9
Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкөдө азык-түлүккө болгон тартыштык жок экенин айтып, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
![Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 15-мартта айрым базарларды жана дүкөндөрдү кыдырып, ун жана башка азык-түлүктөрдү себепсиз кымбат саткан соодагерлерди аныктаган.](https://gdb.rferl.org/00fbfaab-483a-49c9-b10a-c3ca487b282d_w1024_q10_s.jpg)
10
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 15-мартта айрым базарларды жана дүкөндөрдү кыдырып, ун жана башка азык-түлүктөрдү себепсиз кымбат саткан соодагерлерди аныктаган.
![Эл эң көп талап кылган азык-түлүккө ун, өсүмдүк майы, кумшекер, эт, жумуртка, чай жана туз кирет. ](https://gdb.rferl.org/b9212f4d-c99d-4fe4-bf58-ee267a1fa001_w1024_q10_s.jpg)
11
Эл эң көп талап кылган азык-түлүккө ун, өсүмдүк майы, кумшекер, эт, жумуртка, чай жана туз кирет.
![Ош шаарында базардагы ун сатуучу жайлар 15-март күнү жабык турду. ](https://gdb.rferl.org/3bc63bcc-6559-48c3-9832-400fa8f5388d_w1024_q10_s.jpg)
12
Ош шаарында базардагы ун сатуучу жайлар 15-март күнү жабык турду.
![Учурда Кыргызстан коронавируска байланыштуу бул илдет катталган өлкөлөрдөн келгендерди үч категорияга бөлүп көзөмөлдөп жатат.](https://gdb.rferl.org/7cd81c97-4168-4729-a5d1-9850bd26a923_w1024_q10_s.jpg)
13
Учурда Кыргызстан коронавируска байланыштуу бул илдет катталган өлкөлөрдөн келгендерди үч категорияга бөлүп көзөмөлдөп жатат.
![Каракол шаарындагы дүкөндөрдүн биринде кезек күткөн жарандар. ](https://gdb.rferl.org/62f8489e-e365-49e4-9b21-a55092466d57_w1024_q10_s.jpg)
14
Каракол шаарындагы дүкөндөрдүн биринде кезек күткөн жарандар.
![Коомдук транспортту дезинфекциялоо. Ош шаары.](https://gdb.rferl.org/cae38a67-418a-4b39-9ced-d006192da87a_w1024_q10_s.jpg)
15
Коомдук транспортту дезинфекциялоо. Ош шаары.
![Баткендеги чек ара: вируска каршы көзөмөл. Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө 1 545 киши жугуштуу вируска карата текшерүүдөн өтүп, алардан илдет табылган эмес.](https://gdb.rferl.org/b3db3e0d-67cf-45bc-b7ff-ce3956c86863_w1024_q10_s.jpg)
16
Баткендеги чек ара: вируска каршы көзөмөл. Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө 1 545 киши жугуштуу вируска карата текшерүүдөн өтүп, алардан илдет табылган эмес.
![Социалдык тармактарда айтылгандай бир кап ун 1450 сомдон 2000 сомго чейин көтөрүлгөн.](https://gdb.rferl.org/ce449e4b-6841-4c4a-9fa2-52a37efa8efc_w1024_q10_s.jpg)
17
Социалдык тармактарда айтылгандай бир кап ун 1450 сомдон 2000 сомго чейин көтөрүлгөн.
![Жекшемби күнү Талас шаарында бир кап ундун баасы 2000 сомго чыкса, Бишкекте 1 килограмм ундун баасы 30 сомго жетти. ](https://gdb.rferl.org/38aa762a-0bbc-4a09-930e-c3df049ad4d3_w1024_q10_s.jpg)
18
Жекшемби күнү Талас шаарында бир кап ундун баасы 2000 сомго чыкса, Бишкекте 1 килограмм ундун баасы 30 сомго жетти.
![Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Шухрат Сабиров «Азаттыкка» Кыргызстанда ун 250 сомдон 400 сомго чейин кымбаттап кеткенин билдирди.](https://gdb.rferl.org/537f716f-c748-4462-870b-ccff54911c2a_w1024_q10_s.jpg)
19
Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Шухрат Сабиров «Азаттыкка» Кыргызстанда ун 250 сомдон 400 сомго чейин кымбаттап кеткенин билдирди.
![Базарларда узун кезектерди көрүүгө болот.](https://gdb.rferl.org/e7fcc8ec-7d2b-4547-b08d-45af30f95022_w1024_q10_s.jpg)
20
Базарларда узун кезектерди көрүүгө болот.