“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Баткен облусунун Чек айылынын кыз-келиндери жаңы жылды сергек маанай менен тосушту. Аталган айылда аялдарды спортко кызыктырган фестивал өтүп, иш-чарага жүзгө жакын кыз-келиндер катышты.
Айсулуу Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи балбан жана Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери спорттун олимпиадалык 29 түрүнөн алтын байге алган алгачкы спортчу болуп калды.
Саналуу саттардан кийин 2020-жыл башталат. Астрологдор келе жаткан жыл байлыктын жылы болоорун айтышууда.
Берлиндеги большевиктердин төңкөрүшү, Орусиядагы жарандык согуш, Цеппелин ойлоп тапкан дирижаблдер менен саякаттоо. Булар - 100 жыл мурдагы жашоонун кайнап турган учурларын эске салат.
Кыргызстандын Футбол федерациясы менен Бишкек мэриясынын ортосунда пикир келишпестик чыкты.
19 жаштагы жарым коргоочу Гүлжигит Алыкулов Кыргызстандын мыкты футболчусу аталды. Бул наам үчүн Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кичин жана жарым коргоочу Эдгард Бернхард ат салышкан. Футболчуга сыйлык Бишкекте өткөн салтанатта тапшырылды.
Алты спортчу "Жылдын мыкты спортчусу" деп табылды. Алар: балбандар Айсулуу Тыныбекова жана Улугбек Жолдошбеков, паралимпиадачы Жыргалбек Оросбаев, паратриатлончу Жалалдин Абдувалиев, кикбоксчу Авазбек Аманбеков жана балбан Бектурган Кожомуратов.
Финалисттер Атай Огонбаев, Клод Дебюсси, Никколо Паганини, Калый Молдобасанов, Петр Чайковский, Саид Бекмуратов, Муратаалы Күрөңкеев, Шекербек Шеркулов, Дмитрий Шостакович, Ниязаалы Борошев, Сергей Прокофьев жана башка музыка генийлеринин чыгармаларын аткарышты. Концерт соңунда АКШда 2020-жылдын жай
Бишкектин Ала-Тоо аянтында 2010-жылдын апрель окуясында курман болгондорго коюлган эстеликтин жанында «REакция 2.0» деген тынчтык митинги болду.
Айша Изабекова көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын чемпиону болду. Бишкекте өткөн өлкө чемпионатында ал 16 жашка чейинкилер арасында күч сынашып, биринчи болду.
Бишкекте “Ооэдодайко” тобунун концерттик программасы өттү. Концерттик программада жапон добулбастарынын коштоосунда күүлөр жаңырып, "Манас" эпосунан үзүндүлөр да айтылды.
Ысык-Ата районунун Станция Ивановка айылында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, майып балдарды баккан энелерге жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлүп, атайын концерт уюшулду.
Бишкекте кыргыз күрөш боюнча Азиянын ачык чемпионаты жыйынтыкталды. Мындай спорттук иш-чара кыргыз күрөш спортунун тарыхында алгачкы ирет болуп жатат.
Кыргызстандык футбол калысы Бахадыр Кочкаров эл аралык аренадагы карьерасын ийгиликтүү жыйынтыктады.
25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясы өттү.
19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын беттешинде оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Курама командалардын башкы машыктыруучуларынын жана футболчулардын оюн тууралуу пикири.
Тажикстандын футбол боюнча курама командасы 17-ноябрда Бишкекке келип, 18-ноябрда Бишкектеги акыркы машыгуусун өткөрдү. Өткөн аптада тажик футболчулары Мьянмага 3:4 эсебинде утулуп калышкан.
19-ноябрда Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командалары дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында беттешет. Оюн Дөлөн Өмүрзаков стадионунда саат 20:00дө башталат.
2022-жылы Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Жапониянын курама командалары оюнду баштады.
14-ноябрда Бишкекте өтө турган Кыргызстан жана Жапониянын футбол боюнча курама командаларынын беттешине даярдык аяктады. Оюнга билеттер беттеш башталарына эки күн калганда эле сатып кеткен. Бүгүн эки команданын оюнчулары оюн алдында машыгып, журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүштү.
Дагы жүктөңүз