Акцияга 8-мартта аялдардын зомбулукка каршы жүрүшүнө чыккандарга жасалган чагым себеп болду. Ал күнү иш-чаранын уюштуруучуларына беткап жана калпак кийген эркектер тобу кол салган. Бир нече аял да келип, акцияга каршылыгын билдирген.
Зомбулукка каршылар күч колдонууну айыпташты
Бишкекте аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч акция жыйынтыкталды. Ага, уюштуруучулардын айтымында, миңге чукул адам катышты. Милиция катышуучулардын саны 250-300 болгонун билдирди.

1
Уркуя Салиева атындагы «Революция каармандарынын» эстелигинин жанында аялдардын укуктарын коргоо акциясы өтүп, анда «Зордук-зомбулукка каршы!», «Эки жүздүүлүккө каршы!» деген өңдүү ураандар чакырылды. Акция саат 12:00до башталды.

2
Акциянын катышуучулары өкмөттү чукул жыйын өткөрүп, «8-марттагы укук бузууну жана башка укуктук чектөөлөрдү жакшылап иликтеп, милициянын аракеттерине укуктук баа берүүгө» чакырышты.

3

4
Аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч акция тынч өттү. Уюштуруучулар бийликке бир нече талабын айтты.

5
Тилектештигин билдирип, экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы вице-премьер-министр Мира Жангарачева, «Үмүт-2020» кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматова, белгилүү жарандык активисттер жана укук коргоочулар катышты.

6

7

8
8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бет кап, калпак кийген белгисиз адамдар аны үзгүлтүккө учуратып, жүрүшкө чыккандарды милиция кармап кеткен. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташты.

9

10
Акцияга милиция көз салып турду.

11
Ырчы Тата Улан да акцияга оз оюн билдирип чыкты.

12
8-марттагы акцияны айыптаган аялдар тобу бүгүнкү митингге да келип, катышуучулар менен кайым айтышты. Милиция алардын ортосуна түшүп, ажыратып жатты.

13