Кыргызстанда иштеп жаткан Кумтөр Оперейтинг компани ишканасы тараткан маалыматка караганда, Кумтөр кенинин аймагынан 43,5 тонна алтын кени табылды. Бул кенди иштетүүнүн камылгалары үчүн ишкана 36 миллион доллар каражат ажыратты. Жергиликтүү саясатчылардын баамында Кумтөрдө алтын запасы ачыкталгандан алда канча арбын. Бирок, чет өлкөлүк ишкана менен кызматташтыкты түп-тамырынан өзгөртмөйүнчө Кумтөр алтын кени Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн толук кандуу кызмат кылууга кудуретсиз деп эсептешет.
«Манас» аба майданында 6-сентябрда болгон эки учактын кагылышуусу боюнча АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен аба-аскерий базасы өз тыянагын кечиктирип жатат. Мындай билдирүүнү бүгүн жарандык авиация департаменти жасады. Ушул эле күнү «Манас» эл аралык аэропортунун, «Кыргызстан» акционердик коомунун өкүлдөрү америкалык аскер базасын эки тараптуу жана эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатат деп айыпташты. АКШ элчилиги мындай билдирүүгө бүгүн жооп кайтарган жок.
Кыргызстандын ХИПИК программасына киришине каршы болгон жаштар тобу нааразылык акциясын адаттагыдай эле бүгүн дагы парламенттин алдында баштап, өкмөт үйүн, Улуттук Банк жана Дүйнөлүк Банк, Каржы министрлигин беттеп жөө жүрүш жасашты. Бул аралыкта расмий өкүлдөр Эл аралык каржы уюмдарынын миссиясы менен Кыргыз өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрү аяктагандыгын кабарлашууда.
Эл аралык Transparency International уюму жакында жарыялаган иликтөө тыянагына караганда, дүйнөдөгү миллиондогон адамдар мамлекеттик кызматкерлердин паракордугунан жабыр тартышат. Өкмөттөр болсо коррупцияга каршы жетиштүү күрөш жүргүзүүгө кудурети жетпей жатат. Алардын катарында Кыргызстан да бар.
Жакынкы күндөрү Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү акциясы өтүшү мүмкүн. Мындай демилге бүгүн Коррупцияга каршы күрөш боюнча улуттук кеңештин алгачкы отурумунда көтөрүлдү.
Борбор Азия өлкөлөрүндөгү маалымат каражаттарынын абалы 19-октябрда «Маалымат каражаты жана ишкердик» аттуу конференцияда талкууланды. Конференция ЕККУнун демилгеси менен уюштурулган бул конференцияга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер катышты.
Кыргызстандын баш мыйзамынын долбоорун даярдоо боюнча Венеция комиссиясы менен кыргыз парламентинин пикирлери дал келди. Бул тууралуу Венеция комиссиясынын отурумуна катышып келген Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов бүгүн билдирди. Тараптар Баш мыйзамды Конституциялык Кеңешме биринчи баскычында иштеп чыккан долбоордун негизинде даярдоону жакташты.
Соттун чечими менен «Пирамида» телерадиокомпаниясынын жарымы «Инвест-Медиа» ишканасына тийди. "Пирамида" жамааты «Инвест-Медиа» ишканасын телекомпаниянын бир кожоюну катары тааныбоо тууралуу арыз менен сотко кайрылган. Бишкек шаарындагы райондор аралык сот бул ишти 5-октябрда карап, арызды канааттандырган эмес. Бирок соттун чечимин арыздануучу тарап 16-октябрда гана уккан. Муну «Пирамида» жетекчилиги ушул эле күнү дароо коомчулукка жарыялап, соттун чечимин кескин сынга алды.
Жогорку Кеңештин сессиясы бүгүн «Кыргызстандын көз карандысыздыгынын он беш жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулады жана бейшемби күнкү добуш берүүгө сунуштады. Бул мыйзам кабыл алынса, 185 киши абактан бошотулуп, 5800 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылат. Долбоордо 24-март, 17-июнь окуяларында айыпталгандарга да мунапыс берүү да каралган.
Жогорку Кеңеш сессиясы бүгүнкү отурумунда депутат Каныбек Иманалиев сунуштаган оппозициянын ишмердигине укуктук кепилдиктерди түзүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулады. Регламентке ылайык долбоор бейшемби күнү добушка коюлат. Ушуга эле үндөш долбоорду парламентке Кыргыз өкмөтү жакынкы күндөрү сунуштаганы турат. Бирок, аталган эки долбоор тең оппозициянын кескин сынына тушугууда.
Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, тартип жана маалымат саясаты комитети кечээки отурумунда башкы прокурор Камбараалы Конгантиевдин ишмердүүлүгүн канагаттандырарлык эмес деп таап, кылмыш жообуна тартуу демилгесин көтөрүп чыкты. Комитет ошондой эле Камбараалы Конгантиевге ишеним көрсөтпөө маселесин карап чыгууну парламентке сунуштады.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократия институту жана Адам укуктары боюнча бюросунун демилгеси менен 4-октябрдан бери Варшава шаарында адам укуктарынын жана эркиндиктеринин абалы талкууланып жатат. Бул жыйынга Кыргызстандын акыйкатчысы, Президенттин адам укуктарын коргоо боюнча комиссиясынын төрагасы, жарандык коомдун жоон топ өкүлдөрү катышууда. Жыйында Кыргызстандын өзбек качкындарын мекенине күч менен кайтарып бериши кескин сынга кабылууда.
Ушул аптанын жума күнү Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевди Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттык мандаттан ажыраткан чечим чыгарды. Өткөн жылы сентябрда Жогорку Кеңеш аны башкы прокурордун сунушу менен депутаттык кол тийбестик укуктан ажыраткан. Кыргыз коомчулугунда Айдар Акаев кылмышкерби же жеке адамга сыйынуучулуктун курмандыгыбы, деген ар кыл пикирлер айтылууда.
Кыргызстан менен Өзбекстан он жылдык тыныгуудан кийин кайрадан өз ара түшүнүшүүгө жетишти жана бири-бирине пайдалуу, теңата кызматташтыкты арттырууну макулдашты. Президент Курманбек Бакиевдин Ташкенге алгачкы расмий сапарынын жыйынтыктарына байланыштуу бүгүн Бишкекте тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов ушундай мазмунда билдирүү жасады. Укук коргоочулар Бакиевдин алгачкы сапарында адам укуктары жаатындагы маселелер экинчи орунга чыгып калганын белгилешүүдө.
Жогорку Кеңештин коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана маалымат саясаты комитети өзүнүн кезектеги отурумунда Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын абалына арнап парламенттик угуу өткөрүү чечимин чыгарышты. Демилгенин пайда болушуна «Пирамида» телерадиокомпания жабдыктарынын өрттөлүп кетишине байланыштуу Жогорку Кеңешке жолдонгон кайрылуу себеп болду.
Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров жетегиндеги жумушчу топ иштеп чыккан Конституциянын үч долбоору октябрь ичинде парламенттик талкууга коюлары күтүлүп жатат. Муну Азимбек Бекназаров бүгүн жемишсиз аракет катары баалап, президент Курманбек Бакиев Баш мыйзамдын жаңы долбоорун өзү даярдап жаткандыгын кабарлады.
Кыргызстандын оппозициялык күчтөр 2-ноябрда президент Курманбек Бакиев менен премьер-министр Феликс Куловдун кызматтан кетишин талап кылган мөөнөтсүз митингге чыкмай болушту. Мындай чечимди «Реформа үчүн» кыймылынын кеңеши ишембиде кабыл алган. Кеңештин чечимин коомчулукка бүгүн кыймылга кирген социалисттик «Атамекен», Социал-демократтар, «Ар-намыс», «Асаба» партияларынын лидерлери жарыялашты.
Президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев бүгүн Бишкекте аны депутат Өмүрбек Текебаевге каршы чагымды уюштурду деген айыптоону төгүндөгөн билдирүү жасады.
Жогорку Кеңеш бүгүн «Терроризмге каршы күрөш жөнүндөгү» жаңы мыйзам долбоорун талкуулоого киришти. Буга чейин терроризмге каршы күрөш 1999-жылы кабыл алынган мыйзамдын чегинде жүрүп келген. Демилгечилер азыркы жагдайда бул мыйзамдын алкагында иш жүргүзүү кыйындап кеткендигин белгилешүүдө.
Дагы жүктөңүз