Депутат Бекназаровдун айтымында, Конституциялык Кеңешменин долбоору да, жумушчу топ иштеп чыккан үч долбоор да президент Курманбек Бакиевди кызыктырган жери жок:
- Азыр президент өзүнүн долбоорун, супер президенттик долбоорду даярдап жатат. Мына ошону депутаттардын күчү менен, мурдагы «Алга Кыргызстанга» кирген 34 депутаттын күчү менен өткөрүп алам деген ишенимде болуп жатат.
Президент Курманбек Бакиевдин жаңы долбоор даярдап жаткандыгы тууралуу маалымат азыр расмий тастыктала элек. Президенттин саясатын жактаган депутаттар Бекназаровдун мындай билдирүүсүн өз долбоорун жактоо максаты менен байланыштырышууда.
Болжолдуу маалыматтарга караганда учурда Баш мыйзамдын жыйырмага жакын долбоору президенттин кароосунда турат. Алардын катарында премьер- министр Феликс Кулов, Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов өңдүү бийлик башчыларынын, саясий, жарандык топтордун долбоорлору бар. Алардын ичинен Азимбек Бекназаров баштаган топтун үч долбоору жакында парламенттик угууда талкууланганганы жатат.
Муну жумушчу топтун башчысы президенттин кызыкчылыгы үчүн, убакытты чоюу максатын көздөгөн майнапсыз аракет катары санайт:
- Анткени, бул система президентке жагып атат. Азыркы биздеги конституциялык система эмне кылса да бийлик бутактары жооп бербей турган система болуп калган.
Президент Курманбек Бакиев октябрда парламентте өзү тапшырма берип даярдаткан үч долбоор тең негизги долбоор катары кароого жараксыз деп билдиргени бар. Ал мурдагыны жаңылоо, же жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу парламенттик угуудан кийин аныкталарын эскертип, Конституциялык реформага байланышкан бардык маселелерди Жогорку Кеңеш менен кеңешип чечүүнү убада кылган:
- Өзгөртүү-толуктоо кылабызбы, жаңы Конституция кылабызбы – аны да сиздер менен макулдашабыз. Менин мисалы үчүн өзүм эле отуруп алып чечип же кайрадан референдумга чыгарып ийейин деген оюм жок.
Айрым талдоочулар президенттик башкаруу формасын жактаган Курманбек Бакиев үчүн азыр өз долбоорун даярдап, референдумга чыгаруу, ал аркылуу бийлигин бекемдөө ыңгайы келип турат деп болжошууда. Оппозициячыл саясатчылар референдумга түз баруу коомдук-саясий чыңалууну күчөтөрүн айтып жатышат. Депутат Темир Сариев мындай жагдайда Конституциялык кеңешме иштеп чыккан алгачкы долбоорду жаңы долбоор катары алып чыгуу легитимдүү болот дейт:
- Ал жерде бардык жагдайлар эске алынган. Президент анчалык көңүл чордонунда болбойт. Укуктары азайтылган. Бул долбоор парламенттик башкарууга өтүүнү да шарттайт.
Азимбек Бекназаровдун айтымында, ЕККУнун жана Венеция комиссиясынын эксперттери жумушчу топтун долбоору менен Конституциялык кеңешме иштеп чыккан долбоорду бириктирип иштеп чыгууну сунуштап жатат.