Дароо белгилеп койчу жагы – аталган партиялардын ичинен «Ар намыс» анын негиздөөчүсү Феликс Куловду кызматтан кетирүү талабын колдогон жери жок. Азыркы лидер Эмил Алиев мындай өзгөчө пикир партиянын кыймыл менен кызматташуусуна тоскоол болбойт дейт.
Жалпысынан «Реформа үчүн» кыймылына кирген оппозициячыл саясатчыларды азыркы бийлик жүргүзүп жаткан саясат караманча канагаттандырган жери жок. Алардын баамында азыркы бийлик мамлекеттик башкаруунун «үй-бүлөлүк» формасын улантып, конституциялык реформа токтоду, саясий куугунтук күч алды, эл жакырчылыкка батты. Оппозициянын көз карашында моралдык жактан мамлекет башында турган эки адам - президент Курманбек Бакиев менен премьер министр Феликс Кулов жооп бериши керек:
«Өлкөдөгү түзүлгөн айласыз абалга байланыштуу жана 2006-жылдын 17-сентябрындагы жана 27-майындагы митингдердин жана 2006-жылдын 17-сентябрындагы Аксыдагы элдик курултайдын чечимдерине ылайык «Реформа үчүн» кыймылы 2006-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиевдин жана Кыргыз Республикасынын премьер-министри Феликс Куловдун отставкага кетүүсүн талап кылган мөөнөтсүз митингди баштайт»,- деп айтылат кыймыл тараткан билдирүүдө.
Оппозициянын ишениминде нааразылык акциясы мыйзам чегинде өтөт жана ар кандай баш аламандыктарга, бийликти мыйзамсыз ээлеп алууга жол берилбейт:
- 15 миңге чейин эл чыгат деп болжолдонууда. Бирок, дагы көптөгөн саясий партиялар, коомдук бирикмелер, бейөкмөт уюмдар кошулууну көздөп жатышат…Бардык коопсуздук чаралары көрүлөт. Бийлик тараптан чагым болбошу үчүн, бийликти эмес, элди коргошу үчүн биз ички иштер министрлигине, улуттук гвардияга кайрылабыз,- деп билдирди кыймылдын мүчөсү, депутат Темир Сариев.
Алдыдагы бир айда бийлик буга чейин оппозиция коюп келген талаптарды аткарууга киришсе, мамлекет башчылардын отставкасын талап кылган митинг деле, чуулгандуу кызматтан кетүү деле болбой калышы мүмкүн. 2-октябрда маалымат жыйынын уюштурган кыймыл мүчөлөрү ушундай пикирлерин да айта кетишти. Бирок, алар айтылып аткан элдин үнүн бийлик угарына ишенимдери аз. Ошондуктан, экс-спикер, «Атамекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, оппозиция бийликке моралдык кысым көрсөткүсү келет.
- Бул - моралдык-саясий кысым. Мен ойлойм, бийлик бутагындагы адамдар көпчүлүктүн пикирин эске, алып өз саясатын оңдоп, убада берген реформаларды жүргүзүү керек. Ал болбосо, демилгени региондор колдосо, бул бийлик кеткенге мажбур болот.
Оппозициянын мындай аракеттерин элге бүлүк салуучулук катары баалагандар да болууда. Айрыкча, бийликчил көз карашты тутунгандар арасында «Реформа үчүн» кыймылынын демилгеси кескин сынга кабылууда. Тирешүүлөр коомчулукта кайрадан баш аламандыкка алып келбейби деп чочулагандар да жок эмес.
Бийлик башындагылар өздөрү болсо өлкө жаңыдан турукташып келатканын эскертишип, оппозициянын аракеттери өнүгүүгө тескери таасир тийгизет деп чочулашууда. Мындай пикирин «Азаттыкка» юстиция министри Марат Кайыпов билдирди:
- Аянычтуусу, кыргыз элине, жерине кереги жогу – бул көчөгө элди алып чыгуу. Себеби, Кыргызстан жалаң митинг менен революция кылып, эми мына турукташып баратты эле саясат. Экономика жанданып, эми жаңыдан иштей баштады эле. Эми кайрадан элди алып чыкса, кайрадан башкы мамлекеттин инвесторлору Кыргызстанга кооптонуу менен карап калат, келишимдерди аткарганга тоскоолдук болот.
Социал-демократтар партиясынын башчысы Алмаз Атамбаевдин оюнда, тескерисинче, бийлик өлкөнү алдыга сүрөөгө кудуретсиз болуп, байлык-бийлик менен алектенип жатат. «Реформа үчүн» кыймылына бириккен саясий лидерлер оппозициялык күчтөр системаны алмаштырып, жеке адамдын бийлигинен өлкөнү куткаруу гана максатын алдыга коюп жатат, эч качан кызмат талашып, кызыл чеке болбойт деп ишендиришүүдө.