Жогорку Кеңеш менен Коргоо министрлигинин ортосундагы пикир келишпестиктин себептерин иликтөө максатында парламент бүгүн депутаттык комиссия түздү. Буга Жогорку Кеңештин имаратынын алдында биринчи августта болгон окуя түрткү берди. Бул күнү Коргоо министрлигинин аскер бөлүгү имараттын аймагына аскерий автоунаалар менен келишип, муну аскерий машыгуу деп түшүндүрүшкөн.
Башкы прокурор Камбараалы Конгантиевге байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүүнү, анын негизинде кылмыш жообуна тартууну сунуштаган кайрылууну президент Курманбек Бакиевге кызматтан четтетилген жана кызматы кичирейген прокурорлор тобу жолдошту. Алар күздө башкы прокурордун маселесин кароону сурап Жогорку Кеңешке да кайрылууну көздөп жатышат. Прокурорлор Конгантиев кадр саясатында баш аламандыкка жол берүүдө жана ал аркылуу жалпы прокуратура тармагын жаманатты кылып жатат дешет. Башкы прокурордун өкүлү бул аракеттерди жалаа деп эсептейт.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Түштүк Корея тышкы иштер министринин чакыруусу боюнча 10-июлда Сеулга кетти.Cапардын максаты-эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык, гуманитардык маселелер боюнча мамилелерди чыңдоо экенин министр «Азаттыкка» сапар алдында берген интервьюсунда баcа белгиледи.
Кыргызстан менен Москва кызматташтыгында социалдык багыттагы инвестициялык алакаларга артыкчылык берилет. Кыргызстанга таанышуу сапары менен келген Москва мэри Юрий Лужков өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында ушинтип билдирди. Москва мэри менен өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиев, премьер министр Феликс Кулов баштаган мамлекеттик жетекчилер чакан жана кеңири чөйрөдө жолугушуп, кызматташтыктын багыттарын талкуулашты.
Парламент депутаттары Жерүй жана Талдыбулак алтын кендерине байланышкан маселени бир жаңсыл чечүүгө президенттин киришүүсү зарыл деп эсептешүүдө. Анткени, алтын кендерин чет элдик инвесторлорго тендер аркылуу берүү жөнүндө парламенттин талабын өкмөт аткарбай баш тартууда.
“Асаба» улуттук кайра жаралуу саясий партиясы анын лидери Азимбек Бекназаровдун элдик курултай өткөрүү демилгесин колдойт. Ушундай мазмундагы кайрылууну 12-июнда партиянын ордо кеңеши таратты. Азимбек Бекназаров 2-июлда Кочкоратада элдик курултай өткөрүп, анда «Акаевдин отставкасы жана эл үчүн реформа» чакырыгынын экинчи баскычын ишке ашырууну эл менен кеңешүү демилгесин көтөргөн. Курултай эмне максатты көздөйт жана кайсы маселелерге маани бериши мүмкүн?
«Асаба» улуттук кайра жаралуу саясий партиясынын лидери, Кыргызстан элдик кыймылынын жетекчилеринин бири, Жогорку Кеңеш депутаты Азимбек Бекназаров жаңы бийликке ачык оппозицияга чыкканын жарыялап, коомдук-саясий чөйрөнүн көңүлүн өзүнө бурду.
Узап бараткан апта ичи Кыргыз коомчулугунун алдыңкы катмары кыргыздын чыгаан уулу, «Азаттык» үналгысынын негиздөөчүсү, маркум Азамат Алтайды эскеришти. Улуу Ата мекендик согуштан кийин мекенине кайтпай калган Кудайберген Кожомбердиев бир апта мурун 86 жаш курагында Нью-Йорк шаарында дүйнө салып, анын сөөгү ошол эле шаардагы мусулмандар көрүстөнүнө коюлду
БИШКЕК. Антитеррордук коалициянын аба-аскер күчтөрүн Кыргызстанга жайгаштыруу боюнча жаңы келишим долбооруна байланышкан сүйлөшүүнүн биринчи этабы соңуна чыкты, бирок, аталган маселе боюнча кандайдыр бир жыйынтык айтуу али эртелик кылат. Бул тууралуу «Азаттыкка» тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов билдирди. Министрдин айтымында, талкуунун негизин экологияга, салыкка, коопсуздукка, ижарага байланышкан маселелер түзүүдө. Роберт Лофтес баштаган америкалык делегация Вашингтон менен акылдашкандан кийин сүйлөшүүлөрдүн экинчи этабы уланат. Анын мөөнөтү кошумча такталат. Америкалык делегация бүгүн мекенине кайтмакчы.
2002-жылдын 17-18-мартында болгон Аксы окуясы сотто кайра башынан тергелиши ыктымал. Бул маселени бүгүн Жогорку Сот Башкы прокуратуранын кайрылуусунун негизинде кароого киришти. Башкы прокуратура өз кайрылуусун жаңы жагдайлардын бар экендиги менен негиздөөгө аракет кылган.
Бүгүнкү “Апта каарманы» түрмөгүндө «Таш көмүр падышасы», «Кыргызстандын Жириновскийи» аталган Нурлан Мотуев тууралуу сөз болот.
Бүгүн «Реформа үчүн» кыймылынын лидерлери менен Бишкек шаар бийлиги 27-майда Бишкектин борбордук аянтында боло турган нааразылык акциясындагы коопсуздук маселелерин талкуулашты. Ушул эле күнү айрым коомдук уюмдардын өкүлдөрү оппозициянын кээ бир лидерлерин кескин сынга алган билдирүү менен чыгышты. «Акордо» коомдук бирикмеси «Реформа үчүн» кыймылынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариевди сотко бергени жатканын жар салды. Муну оппозициянын тарапкерлери митинг алдында уюштурулган атайын акция катары сыпатташты.
Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы № 12 турак үйдүн жашоочулары Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Пикетте алар «Кадам» акционердик коомунун жетекчилеринин аракеттерин токтотууга бийликти чакырган плакаттарды кармап турушту. Тараптардын ортосундагы батир талаш кыйла жылдан бери уланып келатат.
12-майда Баткенде кыргыз-тажик чегарасын бузуп кирген куралдуу топтун колунан алты адамдын өмүрү кыйылганы жалпыга белгилүү. Алардын жакындарына кандай камкордук көрүлүп жатат?
Кыргызстандагы саясий кризистин башкы себеби конституциялык реформанын кечеңдешинде эмес, акаевчил Бакиев менен акаевчил Куловдун жаатташкан (кландык) күрөшүндө болуп жатат. «Асаба» жана «Эрк» партиясынын лидерлери бүгүн ушундай билдирүү жасашты. Эки партия билдирүүсүндө тандем өз кызыкчылыгы үчүн элди экиге бөлүп жатат деп сындады.
Оппозициялык күчтөрдүн «Реформа үчүн» кыймылынын штабы бүгүн жыйын өткөрүп, 27-майга белгиленген митингди өткөрүү тууралуу акыркы бүтүмүн чыгарды.
Мамлекеттик жогорку бийлик өкүлдөрү кызматтарынан кыянаттык менен пайдаланып, ал аркылуу өз ишкердигин бекемдеп жатышат. Мындай мамиле Кыргызстанга келген инвесторлордун укуктарын тепсөөдө. Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Өмүрбек Текебаев бүгүн ушундай билдирүү жасады. Өз билдирүүсүн депутат өкмөттүн цемент заводун куруу үчүн келген орусиялык компаниянын жагдайы менен негиздеди. Ал эми «Түштүк кыргыз цемент» ишканасынын өкүлдөрү муну экономикалык эмес, саясий маселе катары сыпатташууда.
Кыргызстандагы президентке ыктаган бир катар саясий партиялар жана коомдук уюмдар «Куттуу Кыргызстан» коалициясына биригишти. Алар конституциялык реформага колдоо көрсөтүү максаты менен бириккенин жар салышууда. Ал эми байкоочулардын баамында, жаңы саясий бирикме президенттин саясатын коргоо максатында уюшулуп жатышы ыктымал.
Баткен аймагында жүргөн атайын операция учурунда алты адам окко учуп, сегизи жарат алды. Окуяга байланыштуу президент Курманбек Бакиев набыт болгондордун жакындарына бүгүн көңүл айтты. Ушундай эле көңүл айтууну АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да таратты. Атайын операция жүргүзүүгө Тажикстан аркылуу куралчан топтун Кыргызстандын чегарасына күч менен кирип келиши себеп болгон.
Президент Курманбек Бакиев 10-майда кадрдык олуттуу өзгөрүүлөргө барды. Натыйжада, президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков, мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов, коопсуздук кызматынын башчысы Таштемир Айтбаев кызматтарынан кетишти. Президенттин бул кадамын оппозициялык маанайдагы саясатчылар жана жарандык коом өкүлдөрү ар кыл өңүттө талдоого киришти.
Дагы жүктөңүз