Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:33

ЖАНЫШ БАКИЕВ : БУЙРУК БЕРГЕН МЕН ЭМЕС, ЖӨН ЭЛЕ ЖАЛАА ЖААП ЖАТЫШАТ


Президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев бүгүн Бишкекте аны депутат Өмүрбек Текебаевге каршы чагымды уюштурду деген айыптоону төгүндөгөн билдирүү жасады.

Президент Курманбек Бакиев тарабынан 8-сентябрда кызматынан четтетилген Жаныш Бакиев Текебаевдин Варшава шаарында маң зат менен кармалышына өзүнүн тиешеси жок экендигин биринчи жолу улуттук телеберүү аркылуу кечээ кечинде билдирди:

- Биринчиден бизге болгон жалааларга мен макул эмесмин. Себеби, биздин кызматкерлер, мен бул ишке эч кандай тиешебиз жок. Мен эч кандай түздөн түз буйрук берген эмесмин спецоперация өткөр деп. Оозеки дагы, кагаз түрүндө да.

Текебаевге каршы чагым уюштурууга Жаныш Бакиев буйрук бергендиги жөнүндө «Манас» аэропортунун вице-президенти Надыр Мамыровдун президент Курманбек Бакиевге жазган түшүнүк каты парламенттик комиссия тарабынан эки күн мурда таркатылган. Жогорку Кеңеш кечээки сессиясында Текебаевге жасалган провокацияны иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын отчетун угуп, аны талкуулап баштаган. Бир катар оппозициячыл депутаттар дароо эле президент менен премьер-министрдин отставкасын талап кылып киришкен. Бул маселе боюнча парламент бейшембиде чечим кабыл алат.

Парламенттик комиссиянын кечээ жасаган билдирүүсү боюнча, Надыр Мамыровдун президентке жолдогон катынын көчүрмөсү атайын экспертизадан өткөрүлүп, анын өзүнүн кол жазмасы экендиги тастыкталган. Анткен менен Надыр Мамыров кечээ кечинде улуттук телеберүү аркылуу аталган катты төгүнгө чыгарды:

- Бул курулай доомат. Мен эч качан айтылып аткан жана жазылып аткан материалдарга эч кандай кошулбаймын. Мен президенттин атына же күч органдарынын атына андай түшүнүк кат берген жокмун. Бул мен ойлойм, провокация. Кандайдыр бир үчүнчү күчтөр бар. Ошол үчүнчү күчтөрдүн көрсөткөн жолу менен менин кол жазмамды жасалма түрүндө ошондой түшүнүк каттарды жаздырып, бүт маалымат каражаттарына, интернетке берип атышат.

Текебаевдин тарапкерлери болсо мындай билдирүүнү актануу катары кабылдап, Мамыровдун мурдагы билдирүүсү чындыкка жакын деп эсептешет. Текебаев өзүнө каршы чагымды бийлик жасады деген ойдо кала берүүдө. Ал жетектеген «Атамекен» партиясынын активдүү мүчөсү, экс-депутат Дүйшөн Чотоновдун айтымында Мамыровдун мурдагы жазганы менен кийинки түшүнүк каты окшош деген справка турат:.
- Мына президенттин атына жазылган Мамыровдун түшүнүк каты… Мамыров өз колум менен жаздым деп 8-сентябрь саат 17.45те жазып атат.

Анткен менен Жаныш Бакиев Текебаевди баңги зат менен карматууга үчүнчү күчтөр кызыкдар болушу ыктымал деп эсептейт. Мындай пикирин ал «Кабар» агенттигинде билдирди:

- Бул стабилсиздикке кызыкдар айрым адамдардын провокациясы. Менимче, Өмүрбек Текебаев бийликке да, Кыргызстанга да коркунучтуу эмес. Ошондуктан ага байланыштуу кандайдыр бир операция өткөрүп, анын рейтингин жасалма көтөрүүнүн бизге пайдасы жок.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG