№40-Отузадыр шайлоо округундагыдай жагдайдагы шайлоо Кыргызстанды жарандык согушка алып келиши толук ыктымал. Ушундай көз карашын билдирген Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу шайлоо системасын өзгөртүү сунушу менен президентке кайрылды. Бирок байкоочулар келерки парламенттик шайлоону партиялык тизме менен өткөрүүгө баш мыйзам жол бербейт деп жатышат. Азыр иштеп жаткан Конституция Жогорку Кеңешке шайлана турган депутаттардын жарымына партиялык тизме аркылуу шайланууга уруксат берет.
Бир апталык тыныгуудан кийин кайра чогулган Кыргыз парламенти ишин бүгүн «Шайлоо кодексине» өзгөртүү, түзөтүү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун талкуулоодон баштап, кошумча иштөө үчүн аны комитетке кайра кайтарды. Буга Жогорку Кеңешке шайлоого катышууну каалаган саясий партияларды алдын ала электен өткөрүү максатын көздөгөн демилге себеп болду.
«Кумтөр» алтын кенине байланыштуу Барскоондогу нааразылык акциялары бийлик менен Канадалык компаниянын кыйла тынчын алды. Акыры Балыкчы-Кумтөр автожолу он күндүк нааразылык акциясынан кийин кайрадан ачылды.
Экс-президенттин кызы Бермет Акаевага каршы козголгон кылмыш ишти мындан ары Улуттук Коопсуздук кызматы териштирет. Бул тууралуу бүгүн Чүй облустук прокуратурасы маалымдады. Облустук прокуратура буга чейин Кемин райондук сотунда 24-апрелге караган түнү массалык тартипсиздик болду деп козгогон кылмыш ишинин негизинде Бермет Акаевага үч айып тагып, экс-талапкерди үй камагына алган.
Баш мыйзамга өзгөртүү, түзөтүү киргизүү жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоорун Конституциялык сот качан карай турганы али белгисиз бойдон турат. Ага Конституциялык сотко Жогорку Кеңеш өз өкүлдөрүн сунуштай электиги тоскоол болууда. Мындай жайбаракаттыкты жумушчу топтун айрым мүчөлөрү долбоорго бут тосуу катары сыпаттап жатышат.
Freedom House уюму сөз эркиндигинин дүйнөлүк рейтингин аныктап, Кыргызстанды маалымат каражаты эркин эмес алтымыш үч өлкөнүн катарына киргизди. Ал эми Бишкекте бүгүн премьер-министр Алмаз Атамбаев 3-май басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнүн урматына Freedom House колдогон эл аралык басма үйүндө болду.
Бишкек шаарындагы Ош базарынын жашыл базар деген ат менен белгилүү азык-түлүк саткан борбордук бөлүгү белгисиз мөөнөткө чейин жабылды. Буга жоопкерчилиги чектелген «Ош базары» коомдук бирикмеси ээлик кылып келаткан соода борборунун талашка түшүшү себеп болду.
19-апрелдеги окуя боюнча козголгон кылмыш иши кыскарбайт жана тергөө токтобойт. Бул тууралуу башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев камактагы үч саясатчы бошотулгандан кийин билдирди. Ошол эле учурда укук коргоочулар Башкы прокуратураys кылмыш ишти негизсиз козгогон деп сотко берген жатышат.
«Комиссар Каттани» атыккан генерал Өмүрбек Субаналиев баштаган оппозициянын үч өкүлүнүн Коопсуздук кызматы тарабынан камакка алынышы апта ичиндеги коомчулуктун назарын бурган башкы окуя болду. Укук коргоочулар бул окуяны бийликтин демократиялык баалуулуктардан чегинүүсү катары баалашты. Аларды УКК кечээ түнү бошотту.
Кыргызстандагы окуяларга көз салган укук коргоочулар саясий кырдаал курчуп кетерин эскертип жатышат. Мындай маанайга учурда камакта отурган «Кыргызстандын кең келечеги үчүн!» Бириккен фронттун штаб башчысы Өмүрбек Суваналиевдин, Өмүрбек Абдыракмановдун жана Адилет Айтикеевдин, депутаттыкка талапкердиктен четтетилген экс-президенттин кызы Бермет Акаеванын айланасында өнүгүп жаткан окуялар түрткү берүүдө.
Жогорку Кеңештин он депутатынын башын кошкон «Ак шумкар» демократиялык күчтөр биримдиги партиясы бүгүн бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылды. Бийлик болсо мындай дооматты төгүндөп, 19-апрелдеги жаңжалга байланышкан териштирүү мыйзам чегинде жүрүп жаткандыгына ишендирүү аракетин кылууда. Ушундай көз карашын бүгүн уюштурган маалымат жыйынында мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров да билдирди.
23-апрелде кечинде коопсуздук кызматы оппозиция лидерлеринин дагы экөөнү – “Атамекен» социалисттик партиясынын мүчөсү Өмүрбек Абдыракманов менен Бириккен фронттун штаб башчысы Өмүрбек Суваналиевди камакка алды. Буга чейин «Канжар» кыймылынын лидерлеринин бири саналган Адилет Айтикеев камалган болчу. Укук коргоочулар муну куугунтук катары баалап, кооптонуусун билдирип жатышат.
Бириккен оппозиция уюштурган мөөнөтсүз митингдин кууп таркатылышы – аптанын башкы окуясы болду. Окуя чагымдын кесепетинен келип чыкты деп эсептеген бийлик менен оппозиция дароо бири-бирин айыпташты. Ал эми башкы прокуратура митингичилердин катышуусунда өткөн эки окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Конституциялык реформа жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү демилгеси менен оппозиция уюштурган мөөнөтсүз митингдин кууп-таркатылышына өкмөт үйүнүн жанындагы жаңжал түрткү берди.
Бүгүн Жогорку Кеңеш өз токтому менен 19-апрелдеги окуяны териштирип, күнөөлүүлөрдү аныктоону Башкы прокуратурага тапшырды. Бул аралыкта коопсуздук кызматы Бириккен фронттун лидерлерин күбө катары сурай баштады. Оппозиция лидерлери бийликтин акыркы аракеттерин күнөөнү уюштуруучуларга примитивдүү, бир жактуу оодаруу аракети катары баалап жатышат.
Түн жарымына жакын Бириккен оппозиция лидерлери маалымат жыйынын уюштуруп, Алатоо аянтында болгон окуя үчүн бийликти айыпташты. Ошол эле учурда мөөнөтсүз митингди таркатуу максатында бийлик атайылап чагым уюштурду деген оппозициянын дооматын расмий бийлик кайра өзүнө оодарды.
Бүгүн Жогорку Кеңеш Конституциялык Cотко мүчөлүккө сунуш кылган үч талапкердин экөөнү, жергиликтүү соттун он төрт судьясын шайлады.
Кыргызстандагы саясий кырдаал тууралуу «Азаттыктын» суроолоруна саясат таануучу Нур Омаров жооп берди.
Бириккен фронт президент Курманбек Бакиевди акылсыз саясаты менен Кыргызстанды жарандык согуштун кырына алып келди деп айыптап, анын кызматтан токтооосуз кетишин талап кылууга өттү. Радикал оппозиция ошол эле учурда азыркы кырдаалды жөндөөнүн аргасы катары улуттук макулдашуу өкмөтүн түзүү демилгесин көтөрдү. Бүгүн эртең менен парламент алдына барары күтүлүп жаткан митингичилердин башкы талаптарынын бири ушул болот.
Бишкек шаарынын борбордук аянтында мөөнөтсүз митинг уланууда. «Азаттыктын» кабарчыларынын маалыматтарына караганда, өлкөнүн башка аймактарында нааразылык чаралары катталган жок.
Кыргызстандын аймагында бүгүн кырдаал туруктуу болуп, бүгүнкүгө белгиленген ыктымал тынчтык митингдер жер-жерлерде өткөн жок. Ал эми бириккен оппозиция өткөрүп жаткан мөөнөтсүз митинг уланды. Мындан тышкары Конституцияга өзгөртүү түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорунун айланасындагы жаңы жагдайлар саясий чөйрөнүн бүйрүн кызыткан орчундуу окуялардан болду.
Дагы жүктөңүз