Адвокат Икрамидин Айткуловдун айтымында, иштин коопсуздук кызматына өткөрүлүшүнө Бермет Акаеванын Чүй облус прокурору Жумадыл Макешов менен тергөөчү Замир Бейшекеевге каршы кылмыш ишин козгоо тууралуу арызы түрткү болду:
- Бермет Акаеваны мыйзамсыз алты жарым сааттан ашык убакыт тыныгуусуз, түн ичинде суракка алышып, анын айынан Бермет эсинен танып, оорукананын реанимациялык бөлүмүнө жаткырылды. Сыягы биздин баш тартуу жөнүндөгү арызды канааттандырышып, башка мекемеге өткөрүп беришти окшойт.
«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдырасулова Бермет Акаеванын ишинин Коопсуздук кызматына берилиши күтүлгөн окуя деп баалады:
-Коюлган берене Өмүрбек Абдыракманов, Өмүрбек Субаналиевге эле коюлган берене болуп калып атпайбы, баягы массалык баш аламандык деген. Бул улуттук коопсуздук кызматы карай турган нерсе.
Бермет Акаевага соттун ишине тоскоолдук кылды, сотту сыйлаган жок жана сот документтерин жок кылган деген күнөө коюлууда. Мындай айып ага 24-апрелге караган түнү Кемин райондук сотунда баш аламандык болду деген факты боюнча Чүй облустук прокуратурасы козгогон кылмыш ишинин алкагында тагылууда. Анын негизинде облустук прокуратура кылмыш иши териштирилип бүткөнгө чейин Бермет Акаеваны үй камагына кармоо чечимин 5-майда чыгарган болчу. Кылмыш Кодексинин 233-беренеси боюнча ишти иликтөөгө эки айдан кем эмес убакыт талап кылынары белгиленип келатат. Акаеванын адвокаты бийлик басым жасоону улантса, иш акыйкат териштирилбеси турган иш дейт:
- Эгер бийлик тоскоолдук кылбаса, көрсөтмө бербесе, тергөө акыйкат эле болор. Эгер бийлик кийлигишсе, анда акыйкаттык тууралуу сөз кылуунун кажети жок.
Бермет Акаева өзүнө карата жасалган бардык аракеттерди бийликтин кысымы катары баалап жатат. Кемин шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болуп, кийинчерээк атаандаштарынын арыздарынын негизинде Кыргызстанда жашаган мөөнөтү мыйзамга дал келбейт деген негиз менен жарыштан четтетилген. Мындай чечим чыр-чатактар менен коштолуп, Жогорку Сот Кемин райондук Сотунун чечимин күчүндө калтырган. 29-апрелдеги шайлоо жыйынтыксыз аяктап, соңунан 24-апрелдеги окуя массалык тартипсиздик катары териштириле баштады.
Азиза Абдырасулованын баамында, Кылмыш кодексинин аталган беренеси Аскар Акаевдин тушунан бери эле саясий максат менен колдонулуп келатат:
- Бул берене бир адамды сот жообуна тартылып атат, суракка алынып атат, кылмыш иши козголгон бул адамдын үстүнөн деп биртоко чейин саясатка аралаштырбай койгонго жол берет. Бул саясатчыларга колдонуу коркунучу бар берене.
Укук коргоочу бул берене Бермет Акаевага карата деле ушундай негиз менен пайдаланылып жатканын болжойт. Бирок, ал Акаеваны «Бириккен фронт» мүчөлөрүн коргогондой, укук коргоочулар, салмактуу саясатчылар коргоп чыкпаса да, кеминдик шайлоочулар коргоого олуттуу аракеттерди жасашы мүмкүн деп болжойт. Ириде алар өз эрктерин келерки шайлоого каршы добуш берүү аркылуу көргөзүшү толук мүмкүн.
Расмий бийлик өкүлдөрү өз кезегинде Бермет Акаевага байланышкан иште кандайдыр бир саясий кысым бар экендигин төгүндөп келатышат. Ошол эле учурда талдоочулар экс-президент Аскар Акаев курган системанын азабын өзүнүн кызы тартып жатканын белгилешип, башкаруу системасын түп-тамырынан өзгөртмөйүнчө өз кызыкчылыгын коргогусу келген улам кийинки бийликтин тикелей жана кыйыр кийлигишүүлөрүнөн кутулуу кыйын болорун белгилешүүдө.