Баш калаада бүгүн бийлик менен оппозиция ортосундагы мамиледе коомчулуктун назарына урунгудай олуттуу өзгөрүү байкалган жок. Аты аталбаган ортомчу аркылуу кечээ премьер министр Алмаз Атамбаев менен оппозиция өкүлдөрү жолугушуп, конституциялык реформанын айланасында талкуу жүргүзүп, бирок, ал урунттуу тыянак бере албай калды. Премьер министрдин «Азаттыктын» суроосуна берген жообу ушундай маанайды жаратат:
- Мен кечээ жолуккам, Байболов, Сариев, Эшимканов менен. Эми чогуу отуруп карайлыкпы дейт. Мен айттым: ушу 21-мартта эле ошондой мүмкүнчүлүк болгон да. Он тогузунда сүйлөшкөнбүз, чогуу отуруп сүйлөшөлү, жумушчу топ түзөлү деп. Жыйырма биринде президент макулдугун берген. Анан айттым, ойнобой эле ошондо кирбейсиңерби топко деп.
Жолугушуу тууралуу реформачы депутат Темир Сариев буларга токтолду:
- Сүйлөштүк. Анын өзүнүн позициясы бар экен, биздики өзүбүздүкү бар экен. Бирок, биз эгерде кандайдыр бир иштин кызыкчылыгы үчүн болсо жолугушууга, сүлөшүүгө дайым даярбыз деп айтканбыз да. Ошонун принцибинде гана барганбыз биз.
Айрым байкоочулар өлкөдөгү саясий кырдаал Конституцияга өзгөртүү, түзөтүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбооруна байланыштуу кайрадан курчуп кетиш ыктымалдыгын айтышууда. Бул ириде парламенттин мыйзамды кабыл алууга кудуретсиз болуп калышы менен байланыштырылууда. Анткени, биринчиден, ар кыл кызыкчылыктарды эске алган депутаттар Конституциялык Соттун курамын толуктап бербей коюшу, экинчиден, парламент мыйзам кабыл алууга жетиштүү добуш топтолбой калышы ыктымал. Бул өз кезегинде референдумга барууга жол ачат. Ушул өңдүү саясий боекторду эске алган оппозиция лидерлери парламенттеги калган депутаттар менен кызматташууга ниеттенүүдө:
- Депутаттар ушуга көнгүлө деп айтып атышат. Биз аны угуп атабыз эми. «Дүлөй» болбошубуз керек да, - дейт Темир Сариев.
Мындай кадам коомчулуктун көңүлүн парламентке бурдуруп, ал өз кезегинде массалык акциялардын тынчышына алып келиши мүмкүн. Анын үстүнө митингдин келечеги жок экендиги 11-апрелде эле билинген дейт премьер министр:
- Эми кырдаал жакшы бир багытка кирип атат. Орусча айтканда, нормализуется. Митингдер болуп атат. Эми ар бир өнүккөн өлкөдө митинг боло берет.
Анткен менен, «Кыргызстандын кең келечеги үчүн!» бириккен фронт менен «Реформа үчүн!» кыймылы уюштурган мөөнөтсүз митинг соңуна чыгаары тууралуу оппозиция лидерлери кандайдыр бир расмий билдирүү тарата элек. Тескерисинче, Ички иштер министрлигин көздөй жөө жүрүш менен коштолгон жума күнү кечиндеги митинг оппозиция нааразылык акцияларын күчөтүп жаткандай маанайды жаратууда. Жер-жерлерден келген митингичилер бир ооздон аягына чейин турарын айтышууда:
- Жашоо начарынан, заман өзгөрүлбөгөнүнөн, айылга жакшылык келбегенинен келдик да. Эмне үчүн келдик? Биз ошон үчүн келдик, айлананйын. Бакиев кетмейинче турабыз,- дейт Алатоо аянтындагы митингдин Таластан келген катышуучсу Абдылдаева Алтынкыз.
Ал эми оппозициянын Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев баштаган өкүлдөрү президентке импичмент жарыялоо үчүн 300 миң кол топтоо демилгесин көтөрүп жатышат.