Мурда «Аларча» базары деген ат менен белгилүү Ош базарынын 65% акциясын Аскарбек Шамбетов, 25% Токтогул Абдувалиев, 10% керек-жарак союзу 1999-жылы менчиктештирип алышкан. Жамааттын менчикке укугу бар калган бөлүгү сатып алуу мүмкүнчүлүгү жок деген негиз менен баш тартышкан. Кийинчерээк Абдувалиев менен Шамбетов акцияларын бириктирип, башка адамга сатышкан. Бул тууралуу аталган менчикти кайра бөлүштүрүүгө байланышкан жаңы чатак тууралуу уюштурган маалымат жыйынында «Ош базарынын» башкы директорунун орун басары Токтогул Абдувалиев билдирди. Менчикке байланыштуу жаңы жагдайдын пайда болушуна менчикке укугу бар жыйырмадан ашык адамдын «үлүшүбүздү аталган тарап мыйзамсыз алып кеткен» деген негиз менен сотко арыз бериши себеп болгон:
- Биринчи, экинчи инстанцияда Ленин райондук сот менен Бишкек шаардык сот биздин кызыкчылыгыбызга чечип беришкен. Эми алардын аппеляциялык арызын Жогорку Сот райондор аралык сотко кайтарып, райондор аралык сот алардын пайдасына чечип берип атат. Биздин аппеляциялык арызды шаардык сот кайра кайтарып, райондор аралык сот алардын колуна аткаруу барагын тапшырып, анын негизинде1999-жылы болгон менчиктештирүүгө тиешебиз бар деп атышат.
«Ош базарынын» ушундай билдирүү менен чыккан ээлери сотко кассациялык арыз беришип, анын жообун күтүшүүдө. Сот инстанциялары да, менчикти кайра бөлүштүрүүнү талап кылган тарап да бул маселенин айланасында кандайдыр бир билдирүү таратыша элек. Менчикке 1999-жылдан бери ээлик кылып келаткан тарап болсо жагдай бир ыктай чечилгиче Ош базарын иштетпей, тазалык күнү деп жарыялап жаап койду. Эртең менен жүз чамалаш адам нааразылык акциясын уюштуруп, кайра тарап кетишти. Азык-түлүк сатып алуучу башкы базарга келгендер маселенин чоо-жайын түшүнүшкөн жери жок.
Бири «Эмнеге жыбалганын билген жокмун» десе, дагы бирөөлөр эки киши талашып атканын, айрымдары иш таштоо болгонун жоромолоп, бирок, базарды иштеткилери келбесе, өкмөт ишкана ачып берсин дешүүдө. Иш таштоо болуп жатат дегендер да бар. Базарга келгендердин көпчүлүгү нааразы болуп кайтып кетип жатышат.
«Ош базарынын» маалымат катчысы Махабат Молдакунованын айтымында, бул базарда он беш миң чамалаш соодагер иштейт. Бирикме былтыр салык үчүн ишкана 3,5 миллион сот, быйылкы алгачкы үч айда 1 миллиондон ашык салык төлөгөндүгүн, базардын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн инвестор да табылганын кошумчалады. Бирок, соодагерлердин иш орундарына кайтып келүүгө кайсы кожоюн, качан уруксат берери али белгисиз:
- Жагдай сот жараянынан көз каранды. Буга президент жана депутаттар көңүл бурушу керек деп ойлойбуз.
Молдакунованын болжолунда, жаңжалдын артында таасирдүү күчтөр турушу мүмкүн. Муну ал 24-март окуясынан кийин ар кандай текшерүүчүлөр көбөйүп кеткендиги менен негиздеди. Ошондуктан, «Ош базарынын» ишкана ээси жагдай боюнча президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдогону жатат. Бирок, маалымат жыйынын уюштургандар ишкана ээси ким экендигин ачыкташкан жок. Коомчулукта Ош базарын кезегинде Аскар Акаевдин үй-бүлөсү жакын тууганы аркылуу менчиктеп алгандыгы айтылып жүрөт.
Жогорку Кеңештин өнөр жай, курулуш, архитектура жана менчиктештирүү комитетинин төрагасы Арзыбек Бурканов муну далилдөө кыйын болгон божомол катары белгиледи:
- Конкреттүү түрдө чоңдордун атына жазылбай атпайбы, карапайым бирөөгө жазып, соода-сатык кылып. өткөрүп коюп атпайбы. Артында бийлик отуруп алып, сотко көрсөтмө берип аткан ошолор да.
Арзыбек Буркановдун айтымында, Жогорку Кеңешке арыз келсе, аны териштирип берүүгө даяр:
- Бирок, менчикке кетип калган нерсени реприватизация кылыш үчүн мыйзам керек.
- Азыр андай мыйзам жокпу?
- Андай мыйзам жок. Болбосо Акаевдин мүлкүнүн баарын эле бир күндө эле артынан териштирип койбойт беле.
Депутат Ош базарына тиешелүү жагдайда маселеге сот гана чекит кое алат деп эсептейт. Ош базары деп аталган Бишкек шаарындагы башкы базардын аймагында «Ош базары» жоопкерчилиги чектелген коомдук бирикмени кошкондо жетимиштен ашык субьект иш жүргүзөт.